Шемуелдин 1-китеби 3:1—21
-
Шемуел пайгамбар болот (1—21)
3 Жаш Шемуел Эйлинин жанында Жахабага кызмат кылып жүрдү.+ Ал кезде Жахаба адамдарга сүйлөгөн учурлар чанда болчу, аяндар+ дээрлик берилбей калган эле.
2 Эйлинин көзү начарлап, көрбөй калган болчу.+ Бир күнү ал бөлмөсүндө жатканда,
3 Кудайдын үйүндөгү шамчырак+ өчө электе, мындай окуя болду: Шемуел Жахаба Кудайдын келишим сандыгы турган жерде, анын ибадатканасында*,+ жатканда,
4 Жахаба аны чакырды. Ал: «Оу»,— деди да,
5 Эйлиге чуркап барып: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Эйли: «Жок, чакырган жокмун. Барып жата бер»,— деди. Шемуел кайра ордуна барып жатты.
6 Жахаба: «Шемуел!» — деп дагы чакырды. Шемуел турду да, Эйлиге барып: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады. Ал: «Жок, чакырган жокмун, уулум. Барып жата бер»,— деди.
7 (Шемуел Жахабаны жакшы биле элек эле, Жахаба ага али сүйлөй элек болчу.)+
8 Жахаба аны үчүнчү жолу: «Шемуел!» — деп чакырды. Ал туруп, Эйлиге барды да: «Мени чакырдыңызбы?» — деп сурады.
Ошондо Эйли баланы Жахаба чакырып жатканын түшүндү.
9 Анан Шемуелге: «Ордуңа барып жата кой. Эгер дагы чакырса: „Айта бер, Жахаба, кулуң угуп жатат“,— деп айт»,— деди. Шемуел ордуна барып жатты.
10 Жахаба аны: «Шемуел, Шемуел!» — деп дагы чакырды. Ошондо Шемуел: «Айта бер, кулуң угуп жатат»,— деди.
11 Жахаба ага: «Мен Ысрайылда бир иш кылам, ал жөнүндө уккан адамдын үрөйү учат.+
12 Ошол күнү мен Эйлинин тукумдары жөнүндө айткандарымды толугу менен аткарам.+
13 Ага тукум-уругун түбөлүккө жазалай турганымды айт. Себеби ал уулдарынын Кудайга акарат кылып+ жатканын билсе да,+ аларды тыйган жок.+
14 Ошондуктан Эйлинин тукумдарына ант берем: күнөөсү үчүн берилчү жазадан аларды эч бир курмандык, эч бир тартуу эч качан куткара албайт»,— деди.+
15 Шемуел таң атканга чейин жатты. Анан туруп, Жахабанын үйүнүн эшигин ачты. Ал алган аяны жөнүндө Эйлиге айткандан коркту.
16 Эйли аны: «Шемуел, уулум!» — деп чакырды. Ал: «Оу»,— деди.
17 Эйли ага: «Ал сага эмне деди? Мага эч нерсесин жашырбай айтып бер. Кудай айткан сөздөрдүн бирин жашырсаң, ал сени катуу жазаласын»,— деди.
18 Шемуел ага эч нерсесин жашырбай бүт баарын айтып берди. Ошондо Эйли: «Бул — Жахабанын эрки. Ал өзү туура көргөндөй кылсын»,— деди.
19 Шемуел чоңоё берди. Жахаба ага батасын берип,+ айткандарынын баарын аткарып жатты.
20 Дандан Беир-Шебага чейин жашаган бүт ысрайыл эли Жахабанын Шемуелди өзүнүн пайгамбары кылып тандап алганын билди.
21 Ошентип, Жахаба андан ары да Шилодо аян аркылуу көрүнө берди. Анткени Жахаба Шемуелге өзүнүн ким экенин Шилодо ачып берди; Жахаба ага ошол жактан сүйлөдү.+
Шилтемелер
^ Б. а. ыйык чатырда.