Шемуелдин 1-китеби 30:1—31

  • Амалыктын тукумдары Сыклакка жортуул жасап, өрттөп кетишет (1—6)

    • Дөөтү Кудайынын жардамы менен кубаттанат (6)

  • Дөөтү Амалыктын тукумдарын кырып таштайт (7—31)

    • Дөөтү туткунга алынгандардын баарын бошотот (18, 19)

    • Дөөтү «бүт баары бирдей үлүш алат» деген эреже киргизет (23, 24)

30  Үчүнчү күнү Дөөтү кишилери менен Сыклакка+ кайтып келсе, Амалыктын тукумдары+ Негеп* менен Сыклакка жортуул жасап, Сыклакка кол салып, өрттөп кетишиптир. 2  Ал эми аялдар+ менен шаардагылардын баарын, жашынан карысына чейин, туткундап кетишиптир, бирок эч кимисин өлтүрбөптүр. 3  Дөөтү менен кишилери шаарга келип, анын өрттөлгөнүн, аялдары менен уул-кыздарынын туткундалып кеткенин көргөндө 4  боздоп ыйлай башташты, акырында алардын ыйлаганга да алы келбей калды. 5  Дөөтүнүн эки аялы тең: изреилдик Акиноам менен мурда кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил да туткундалып кетиптир.+ 6  Уул-кыздарынын туткундалып кеткенине жаны кашайган кишилер Дөөтүнү таш бараңга алмакчы болушту. Ошон үчүн ага аябай кыйын болду, бирок ал Жахаба Кудайынын жардамы менен кубаттанып калды.+ 7  Дөөтү Акимелектин уулу дин кызматчы Абыятарга:+ «Эфодду алып келчи»,— деди.+ Абыятар эфодду алып келди. 8  Дөөтү Жахабадан:+ «Бул каракчылардын артынан барайынбы? Аларды кууп жетемби?» — деп сурады. Ал: «Жөнө, аларды кууп жетип, элиңди куткарып аласың»,— деп жооп берди.+ 9  Ошондо Дөөтү жанындагы 600 кишиси+ менен дароо алардын артынан жөнөдү. Бесор өзөнүнө жеткенде кээ бирлери ошол жерде калып калышты. 10  Ошентип, ошол 200 кишиси катуу чарчап, Бесор өзөнүнөн өтө албай калды. Дөөтү болсо 400 кишиси менен андан ары жөнөдү.+ 11  Жолдо баратып кишилери талаадан бир мисирлик кишини көрүп калып, аны Дөөтүгө алып келишти. Анан ага тамак-аш, суу, 12  анжирдин ныкталган кагынан бир үзүм, жүзүмдүн ныкталган кагынан экини беришти. Ал тамактангандан кийин күчтөнүп калды. Көрсө, үч күн, үч түн эч нерсе жебептир, суу да ичпептир. 13  Дөөтү андан: «Сен кимсиң, каяктан болосуң?» — деп сурады. Тиги: «Мен мисирликмин, Амалыктын тукумдарынан болгон бир кишинин кулумун. Үч күн мурун ооруп калдым. Ошон үчүн мырзам мени таштап кетип калды. 14  Биз керейтиликтер+ жашаган жердин түштүгүнө, Жүйүт жерине, Калептин+ түштүгүнө жортуулга бардык, Сыклакты болсо өрттөп жибердик»,— деди. 15  Дөөтү андан: «Мени ошол каракчыларга алып барасыңбы?» — деп сурады. Ал: «Мени өлтүрбөй турганыңды, мырзамдын колуна салып бербей турганыңды айтып, Кудайды оозанып ант берсең, алып барам»,— деди. 16  Ошентип, ал Дөөтүнү тигилер токтогон жерге алып барды. Амалыктын тукумдары пелиштиликтердин жеринен, Жүйүт жеринен көп олжо алып келишкенине кубанып, ар-ар жерде ичип-жеп, тойлоп жатышкан эле. 17  Дөөтү алар менен таң заардан кечке чейин согушуп, баарын кырып таштады.+ Төө минип качып кеткен 400 кишиден башка эч кимиси аман калган жок. 18  Дөөтү Амалыктын тукумдары туткундап кеткендердин баарын,+ анын ичинде өзүнүн эки аялын да бошотуп алды. 19  Дөөтү менен кишилеринин эч нерсеси, кичине болобу, чоң болобу, бир да нерсеси жоголбоптур. Алар уулдарын да, кыздарын да, олжого кеткен нерселерин да кайтарып алышты.+ Ошентип, Дөөтү бардыгын кайтарып алды. 20  Андан сырткары, тигилердин майда малы менен бодо малынын баарын тартып алды. Дөөтүнүн кишилери аларды: «Бул — Дөөтүнүн олжосу» — деп, өзүлөрүнүн малынын алдына салып айдап алышты. 21  Дөөтү аябай чарчаганынан аны менен жол жүрө албай, Бесор өзөнүндө калып калган баягы 200 кишисине кайтып келди.+ Алар Дөөтү менен анын жанындагыларды тосуп чыгышты. Дөөтү алардын жанына келип, ал-жайын сурады. 22  Ошондо Дөөтү менен баргандардын арасындагы кара ниет, начар кишилер: «Булар биз менен барбай коюшкан, ошондуктан буларга түшкөн олжодон эч нерсе бербейбиз. Аялдары менен балдарын алышсын да, кете беришсин»,— дешти. 23  Бирок Дөөтү: «Бир туугандарым, мындай кылган жарабайт. Мунун баарын бизге Жахаба бербедиби! Ал бизди коргоп, бизге кол салган каракчыларды колубузга салып берди.+ 24  Мунуңарды ким туура көрсүн? Согушка баргандар канча үлүш алса, жүктүн жанында калгандар да ошончо үлүш алат.+ Бүт баары бирдей үлүш алат»,— деди.+ 25  Ошол күндөн тартып Дөөтүнүн бул айткандары Ысрайылда эреже, мыйзам болуп калды. 26  Сыклакка кайтып келгенде Дөөтү олжосунан досторуна, Жүйүт аксакалдарына, жөнөтүп: «Бул — Жахабанын душмандарынан тартып алган олжодон силерге деген белек*»,— деп айттырып жиберди. 27  Ошентип, Бейтелдегилерге,+ Негептеги Рамоттогуларга, Жатирдегилерге,+ 28  Ароердегилерге, Шипмоттогуларга, Эштемодогуларга,+ 29  Рахалдагыларга, Жерахмелдин тукумдары+ жашаган шаарлардагыларга, кейниликтер+ жашаган шаарлардагыларга, 30  Хормадагыларга,+ Борашандагыларга, Атахтагыларга, 31  Хеброндогуларга,+ ошондой эле өзү менен кишилери көп жүргөн жерлердин баарына белек жөнөттү.

Шилтемелер

Же: «түштүк». Б. а. Жүйүт жеринин түштүгү.
Сөзмө-сөз: «бата»