Шемуелдин 1-китеби 6:1—21

  • Келишим сандыгы ысрайылдыктарга кайтарылат (1—21)

6  Жахабанын келишим сандыгы+ пелиштиликтердин жеринде 7 ай болду. 2  Пелиштиликтер дин кызматчылар менен төлгөчүлөрдү+ чакырып: «Жахабанын келишим сандыгын эмне кылалы? Айткылачы, аны өз жерине кантип жөнөтөлү?» — деп сурашты. 3  Алар: «Эгер Ысрайылдын Кудайы Жахабанын келишим сандыгын жөнөтө турган болсоңор, тартуусуз жөнөтпөгүлө. Ага айыбыңар үчүн тартуу берип жибергиле.+ Ошондо гана ооруңардан айыгасыңар, анын силерди эмне үчүн дагы деле жазалап жатканын билесиңер»,— дешти. 4  Пелиштиликтер:+ «Айыбыбыз үчүн ага кандай тартуу жиберели?» — деп сурашты. Тигилер: «Баарыңарды: өзүңөрдү да, башкаруучуларыңарды да бирдей балээ баскандыктан, башкаруучуларыңардын санына жараша, алтындан көк баш шишигине окшош 5 шишик, 5 чычкан* жасап, жөнөтүп жибергиле. 5  Көк баш шишигине окшош шишиктерди, жериңерди кыйраткан чычкандардын түспөлүн жасап,+ Ысрайылдын Кудайын даңктагыла. Балким, ошондо ал силерди, кудайыңарды, жериңерди жазалаганын токтототтур.+ 6  Мисирликтер менен фараондой болуп тоң моюндук кылбагыла.+ Алар Кудай катуу жазалагандан кийин+ гана ысрайылдыктарды коё беришкен. Ошондо ысрайылдыктар ал жерден кетишкен.+ 7  Эми силер жаңы араба жасап, аны моюнтурук салынбаган эки саан уйга чеккиле. Музоолорун болсо кайра үйгө алып кеткиле. 8  Жахабанын келишим сандыгын ошол арабага салгыла да, айыбыңар үчүн бере турган тартууңарды — алтындан жасаган буюмдарыңарды — үкөккө* салып, жанына коюп койгула.+ Анан уйларды коё бергиле, кете берсин. 9  Өзүңөр болсо карап тургула, эгер алар өз жерине, Бет-Шемешти+ көздөй бет алса, анда кырсыкты бизге Ысрайылдын Кудайы жиберген болот. Ал эми башка жакка кетсе, анда бизди ал жазалаган жок, бул балээге кокусунан кабылган болобуз»,— дешти. 10  Алар ошондой кылышты: эки саан уйду арабага чегишти, музоолорун болсо сарайга камап коюшту. 11  Анан Жахабанын келишим сандыгын, алтындан жасалган чычкандар менен көк баш шишигине окшош шишиктер салынган үкөктү арабага салышты. 12  Уйлар түз эле Бет-Шемешти көздөй жөнөштү.+ Алар чоң жолдон оңго да, солго да бурулбай, мөөрөп баратышты. Пелиштиликтердин башкаруучулары болсо алардын артынан Бет-Шемештин чек арасына чейин барышты. 13  Ошол убакта Бет-Шемештин тургундары өрөөндө буудай оруп жатышкан эле. Алар келишим сандыгын көрүп, сүйүнүп кетишти. 14  Араба чегилген уйлар бет-шемештик Жашыянын талаасындагы чоң таштын жанына барып токтоп калышты. Тигилер арабаны отун кылышты да, уйларды+ Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалышты. 15  Лебилер+ Жахабанын келишим сандыгын, алтындан жасалган нерселер салынган үкөктү алып, чоң таштын үстүнө коюшту. Ошол күнү Бет-Шемештин+ тургундары Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен башка курмандыктарды чалышты. 16  Пелиштиликтердин 5 башкаруучусу мунун баарын көрдү. Алар ошол эле күнү кайра Экронго кайтышты. 17  Ошентип, пелиштиликтер өздөрүнүн айыбы үчүн Жахабага тартуу катары алтындан көк баш шишигине окшош 5 шишик жасап,+ бирин Азот үчүн,+ бирин Газа үчүн, бирин Ашкелон үчүн, бирин Гат үчүн,+ дагы бирин Экрон үчүн+ берип жиберишти. 18  Алтындан жасалган чычкандарды да пелиштиликтердин 5 башкаруучусуна караштуу шаарлар үчүн, чептүү шаарлар менен дубал менен курчалбаган айылдар үчүн, тартуу катары берип жиберишти. Жахабанын келишим сандыгы коюлган чоң таш бет-шемештик Жашыянын талаасында ушу күнгө чейин эстелик катары турат. 19  Бет-Шемештин тургундары Жахабанын келишим сандыгын караганы үчүн, ал аларды кыра баштады. Ал элдин арасынан 50 070 кишини* өлтүрдү. Жахаба чоң кыргын салгандыктан, эл боздоп ыйлай баштады.+ 20  Бет-Шемештин тургундары: «Ыйык Кудай+ Жахабанын алдында ким тура алат? Ал бизден кетип, башкаларга барса кана!» — дешти.+ 21  Алар Кириат-Жеаримдин+ тургундарына кабарчыларды жөнөтүп: «Пелиштиликтер Жахабанын келишим сандыгын кайтарып беришти. Келип, алып кеткиле»,— деп айттырып жиберишти.+

Шилтемелер

Же: «кош аяк». Секирип жүрчү кемирүүчү.
Жашикке.
Сөзмө-сөз: «70 кишини, 50 000 кишини».