Шемуелдин 1-китеби 7:1—17

  • Келишим сандыгы Кириат-Жеаримге алынып барат (1)

  • Шемуел Жахабага гана кызмат кылганга үндөйт (2—6)

  • Ысрайылдыктар Миспадагы согушта жеңет (7—14)

  • Шемуел Ысрайылда бий болот (15—17)

7  Кириат-Жеаримдин тургундары келип, Жахабанын келишим сандыгын алып кетишти. Алар аны адырда жашаган Абынадаптын үйүнө+ алып барышты да, анын уулу Элазарды Жахабанын келишим сандыгын кайтарганга дайындашты*. 2  Келишим сандыгы Кириат-Жеаримге алынып келгенден көп убакыт, 20 жыл, өткөндөн кийин, бүт ысрайыл эли Жахабага жардам сурап* кайрыла баштады.+ 3  Шемуел аларга: «Эгер Жахабага чындап кайтып келгиңер келип жатса,+ анда араңардан бөтөн жерликтердин кудайларын, Астартанын сөлөкөттөрүн+ жоготкула да,+ бүт жүрөгүңөр менен Жахабага гана кызмат кылгыла,+ ошондо ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат»,— деди.+ 4  Ысрайылдыктар Баал менен Астартанын сөлөкөттөрүн жок кылып, Жахабага гана кызмат кыла башташты.+ 5  Андан кийин Шемуел: «Бүт ысрайыл элин Миспага+ чогулткула, мен силер үчүн Жахабадан тиленейин»,— деди.+ 6  Алар Миспага чогулушту да, суу сузуп, Жахабанын алдына төгүп*: «Биз Жахабанын алдында күнөөгө баттык» — деп,+ ошол күнү орозо тутушту.+ Шемуел Миспада ысрайылдыктарга сот+ жүргүзө баштады. 7  Пелиштиликтер+ ысрайылдыктардын Миспага чогулганын угушту. Ошондо алардын башкаруучулары Ысрайыл менен согушканы чыгышты. Бул тууралуу укканда ысрайылдыктар коркуп кетип, 8  Шемуелге: «Жахаба Кудайыбыздан жардам сураганыңды токтото көрбө,+ бизди пелиштиликтердин колунан куткарсын»,— дешти. 9  Ошондо Шемуел отуга элек козуну Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка+ чалды да, Жахабадан ысрайыл элине жардам беришин суранды. Жахаба анын тилегин кабыл кылды.+ 10  Шемуел бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чалып жатканда, пелиштиликтер ысрайылдыктарга кол салыш үчүн жакын келишти. Бирок Жахаба ошол күнү катуу күн күркүрөтүп,+ аларды дүрбөлөңгө түшүрдү.+ Ошентип, алар ысрайылдыктардан жеңилип калышты.+ 11  Ысрайылдыктар пелиштиликтерди Миспадан Бет-Кардын түштүгүнө чейин кууп барышты. Аларды жолду карай кырып барышты. 12  Андан кийин Шемуел бир таш+ алып, Миспа менен Жешандын ортосуна койду да: «Жахаба бизге мурункудай эле жардам берип жатат»+ — деп, аны Эбенезер* деп атады. 13  Ошентип, пелиштиликтер ысрайылдыктарга багынып беришти. Ошондон кийин алар ысрайылдыктардын жерине кол салбай калышты.+ Шемуелдин өмүрү өткөнчө, Жахаба пелиштиликтерге каршы болуп турду.+ 14  Ысрайылдыктар мурун пелиштиликтер тартып алган жерлерди, Экрондон Гатка чейинки шаарлар менен алардын тегерегиндеги жерлерди, кайтарып алышты. Ошондой эле ысрайыл эли менен аморлуктардын ортосунда да тынчтык болду.+ 15  Шемуел өмүрү өткөнчө Ысрайылда бий болду.+ 16  Ал жыл сайын Бейтелди,+ Гилгалды,+ Миспаны+ кыдырып, ал жактарда жашаган ысрайылдыктарга сот жүргүзчү. 17  Андан кийин үйүнө, Рамага+ кайтып барып, ал жактагы ысрайылдыктарга да сот жүргүзчү. Шемуел ал жерде Жахабага арнап курмандык жайын курду.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «кайтарышы үчүн ыйыкташты».
Же: «ыйлап».
Сыягы, бул өкүнүп жатканын көрсөткөн жөрөлгө болгон.
Мааниси: «жардам ташы». Шемуелдин 1-китеби 4:1 менен 5:1деги «Эбенезер» эмес.