Шемуелдин 1-китеби 8:1—22
8 Шемуел карыганда уулдарын Ысрайылга бий кылып дайындады.
2 Анын тун уулунун аты Жоел, экинчисиники Абия+ эле. Алар Беир-Шебада бий болушту.
3 Бирок уулдары атасынын жолун жолдошкон жок. Алар арам жол менен пайда көргөнгө жутунушчу,+ пара алышчу,+ чындыкты бурмалап адилетсиздик кылышчу.+
4 Бир күнү Ысрайыл аксакалдарынын баары чогулуп, Рамага барып, Шемуелге:
5 «Сен карып калдың, уулдарың болсо сенин жолуңду жолдошкон жок. Ошон үчүн бизге падыша шайлап бер, ал башка элдердин падышаларындай болуп бизге сот жүргүзсүн»,— дешти.+
6 Шемуелге алардын: «Бизге падыша шайлап бер, ал бизге сот жүргүзсүн»,— дегени жаккан жок. Ошондо ал Жахабага кайрылып тиленди.
7 Жахаба ага: «Элдин айтканын ук. Алар эмне десе, ошону кыл, анткени алар сени эмес, мени четке кагып, падыша болушумду каалабай жатышат.+
8 Мисирден алып чыккан күндөн тартып ушул күнгө чейин ушинтип келатышат. Мени таштап,+ башка кудайларга сыйынып келатышат.+ Мага кылганын эми сага да кылып жатышат.
9 Алардын айтканын аткар, бирок анын арты кандай болорун эскертип кой, бийлик кыла турган падышанын укуктарын да айтып бер»,— деди.
10 Шемуел өзүнө падыша сураган элге Жахаба айткандардын баарын айтып берди.
11 Ал аларга мындай деди: «Силерге бийлик кыла турган падышанын укуктары мындай:+ ал уулдарыңарды алып,+ айрымдарына өзүнүн согуш арабаларын айдатат,+ башкаларын атчан жоокер кылат,+ дагы башкаларын өзүнүн арабаларынын алдында чуркатып коёт.
12 Өзүнө миң башылар+ менен элүү башыларды+ дайындайт, айрымдарыңарга жерин айдатып,+ түшүмүн жыйнатат,+ курал-жарактарды, арабаларынын жабдыктарын жасатат.+
13 Кыздарыңарды алып, майлардын аралашмасын* жасатат, тамак жасатып, нан бышыртат.+
14 Жерлериңердин, жүзүмзарларыңардын, зайтун багыңардын+ эң жакшысын алып, өзүнүн кызматчыларына берет.
15 Эгиниңер менен жүзүмүңөрдүн ондон бир бөлүгүн алып, падыша сарайында кызмат кылгандар менен башка кызматчыларына берет.
16 Кулдарыңар менен күңдөрүңөрдү, бодо малыңардын эң жакшысын, эшектериңерди алып, өзүнүн иштерине колдонот.+
17 Майда малыңардын ондон бир бөлүгүн алат,+ өзүңөр болсо ага кызмат кыласыңар.
18 Тандап алган падышаңардын айынан боздой турган күн келет,+ ошондо Жахабадан жардам сурайсыңар, бирок ал силерди укпайт».
19 Бирок эл Шемуелдин айтканын уккусу келбей: «Мейли, эмнеси болсо да, бизди падыша башкарсын,
20 ошондо биз башка элдердей болобуз. Ал бизге сот жүргүзөт, бизди жетектеп, душмандарыбыз менен согушат»,— деди.
21 Шемуел эл айткандын баарын угуп, аларды Жахабага айтып берди.
22 Жахаба ага: «Алар айтканды кылып, падыша шайлап бер»,— деди.+ Ошондо Шемуел элге: «Ар бириңер өз шаарыңарга баргыла»,— деди.
Шилтемелер
^ Же: «жыттуу аралашмаларды».