Шемуелдин 2-китеби 10:1—19
-
Амондун тукумдары менен сириялыктар жеңилет (1—19)
10 Кийинчерээк Амондун тукумдарынын+ падышасы көз жумуп, ордуна уулу Ханун падыша болду.+
2 Бул тууралуу укканда Дөөтү: «Нахаш мага дайыма жакшылык кылгандай эле*, мен да анын уулу Ханунга жакшылык кылайын» — деп, атасын жоктоп кайгырып жаткан Ханунга көңүл айтыш үчүн кишилерин жиберди. Бирок ал кишилер Амондун тукумдарынын жерине барышканда,
3 алардын төрөлөрү өздөрүнүн мырзасы Ханунга: «Дөөтү кишилерин атаңызды сыйлагандыктан көңүл айтканы жиберди деп ойлоп жатасызбы? Аларды шаарды чалгындап, тияк-биягыбызды байкап көрүп, анан аны талкалап салыш үчүн жиберген жокпу?» — дешти.
4 Ошондо Ханун Дөөтүнүн кишилерин кармап алып, сакалдарын жарым-жартылай кырып,+ кийимдерин белинен ылдый кесип, жолго салды.
5 Бул жөнүндө Дөөтүгө билдиришкенде, ал ошол замат аларды тосуп чыкканы кишилерин жөнөттү, анткени алар аябай маскара болушкан эле. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо+ тура тургула, анан келесиңер»,— деп айттырып жиберди.
6 Амондун тукумдары Дөөтүгө жек көрүндү болуп калышканын билгенде элчилерин жөнөтүп, Бет-Рекоп+ менен Собадан+ сириялыктардын 20 000 жөө аскерин, Мааханын+ падышасы менен анын 1 000 кишисин, Иштоптон* 12 000 кишини жалдашты.+
7 Дөөтү муну укканда Жоапты бүт аскери, эң күчтүү жоокерлери менен жөнөттү.+
8 Амондун тукумдары өздөрүнүн шаарынын дарбазасынын алдына аскердик тартипте тизилишти. Соба менен Рекоптон келген сириялыктар жана Иштоп* менен Маахадан келгендер болсо талаага барып, өзүнчө турушту.
9 Душмандардын алды жактан да, арт жактан да келатканын көрүп, Жоап Ысрайылдын мыкты жоокерлеринин ичинен бир канчасын тандап алды да, сириялыктардын каршысына койду.+
10 Калган кишилерин болсо, Амондун тукумдарынын+ каршысына коюшу үчүн, бир тууганы Абышайга+ тапшырды.
11 Жоап ага: «Эгер сириялыктар мени жеңип баратса, сен мага жардамга келесиң. Эгер Амондун тукумдары сени жеңип баратса, мен сага жардамга барам.
12 Кайраттуу, эр жүрөк болуп,+ элибиз үчүн, Кудайыбыздын шаарлары үчүн согушалы. Жахаба Кудайыбыз болсо өзү туура көргөндөй кылат»,— деди.+
13 Анан Жоап кишилери менен сириялыктарга чабуул жасап, алар качып жөнөштү.+
14 Сириялыктардын качканын көрүп, Амондун тукумдары да Абышайдан качып, шаарга кирип кетишти. Амондун тукумдары менен согушкандан кийин Жоап Иерусалимге кайтып барды.
15 Ысрайылдыктардан жеңилип калышканын көрүп, сириялыктар кайрадан чогулушту.+
16 Ададезер+ Эфрат* дарыясы+ тараптагы сириялыктарды чогултуп келгени киши жиберди. Аларды Хеламга Ададезердин аскер башчысы Шобак баштап келди.
17 Бул жөнүндө Дөөтүгө билдиришкенде, ал дароо Ысрайылдын бүт аскерин чогултту да, Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, Хеламга барды. Сириялыктар аскерлерин тизип, Дөөтү менен согуша башташты.+
18 Бирок алар ысрайылдыктардан качып жөнөштү. Дөөтү алардын араба айдаган 700 жоокерин, 40 000 атчан жоокерин, ошондой эле аскер башчысы Шобакты өлтүрдү.+
19 Ададезерге кызмат кылган падышалардын баары өздөрүнүн жеңилип калышканын көргөндө ысрайылдыктар менен тынчтык келишимин түзүп, аларга баш ийип калышты.+ Ошондон кийин сириялыктар Амондун тукумдарына жардам бергенден коркуп калышты.
Шилтемелер
^ Же: «туруктуу сүйүү көрсөткөндөй эле».
^ Же: «Топтун кишилеринен».
^ Же: «Топтун кишилери».
^ Евфрат.