Шемуелдин 2-китеби 13:1—39

  • Амнондун Тамарды зордуктап коюшу (1—22)

  • Абышалом Амнонду өлтүрөт (23—33)

  • Абышалом Гешурга качып кетет (34—39)

13  Дөөтүнүн уулу Абышаломдун Тамар+ деген аябай сулуу карындашы бар эле. Аны Дөөтүнүн Амнон+ деген уулу сүйүп калды. 2  Тамар турмушка чыга элек кыз болгондуктан, Амнонго оюн ишке ашырыш мүмкүн эместей сезилди. Ал карындашы* Тамарды ойлой берип катуу кыйналып кетти. 3  Анын Жонадап+ деген абдан куу досу бар болчу. Ал Дөөтүнүн бир тууган агасы Шимеанын+ уулу эле. 4  Жонадап Амнонго: «Падышанын уулу, айтсаң, эмне эле кабагың ачылбай жүрөт?» — деди. Амнон: «Бир тууганым Абышаломдун карындашы+ Тамарды сүйүп калдым»,— деп айтты. 5  Жонадап ага: «Оорумуш болуп төшөккө жатып ал. Анан атаң көргөнү келгенде: „Карындашым Тамар келип, мага тамак жасап берсинчи. Ал менин көзүмчө тамак* жасап, өз колу менен берсе, жейт элем“,— деп айт»,— деди. 6  Амнон оорумуш болуп төшөккө жатып алды. Падыша аны көргөнү келгенде, ал: «Карындашым Тамар келип, менин көзүмчө эки нан* жасап берсинчи, анын өз колунан жейин»,— деди. 7  Ошондо Дөөтү үйүнө киши жөнөтүп, Тамарга: «Бир тууганың Амнондукуна барып, ага тамак жасап берчи»,— деп айттырып жиберди. 8  Тамар төшөктө жаткан бир тууганы Амнондукуна барып, камыр жууруп, анын көзүнчө нан жасады. 9  Анан көмөч казандан нанды алып, Амнондун алдына койду. Бирок ал аны жебей: «Баарыңар чыгып кеткиле!» — деди. Баары чыгып кетти. 10  Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты мен жаткан бөлмөгө алып кирчи, өз колуңан жейин»,— деди. Тамар өзү жасаган нандарды алып, Амнон жаткан бөлмөгө алып кирди. 11  Анан ага бериш үчүн жанына барганда, Амнон аны кармап алып: «Карындашым, кел, мени менен жат»,— деди. 12  Бирок ал: «Жок, байке! Мени маскара кыла көрбөңүз, Ысрайылда мындай иш кылган болбойт.+ Мындай уят иш кыла көрбөңүз.+ 13  Ушундай маскарачылыкка кантип чыдайм? Ысрайыл эли да сизди уяты жок киши деп эсептеп калат. Андан көрө, падыша менен сүйлөшүп көрүңүз, ал мени сизге бергенге каршы деле болбойт»,— деди. 14  Бирок Амнон анын сөзүн укпай, аны зордуктап, маскара кылды. 15  Андан кийин аны абдан жек көрүп калды. Анын жек көргөнү сүйүүсүнөн да күчтүү болду. Ал Тамарга: «Тур, жогол бул жерден!» — деди. 16  Тамар: «Жок, мындай кыла көрбөңүз! Мени кубалап жиберсеңиз, буга чейин кылган ишиңизден да жаман иш кылган болосуз!» — деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок. 17  Анан кызматчысын чакырып: «Муну сыртка чыгарып сал да, эшикти бекитип кой»,— деди. 18  (Тамардын үстүндө падышанын турмушка чыга элек кыздары кийчү кооз кийими* бар эле.) Кызматчысы аны сыртка чыгарып, эшикти бекитип койду. 19  Тамар башына күл чачып,+ үстүндөгү кооз кийимин айрып, башын мыкчып, боздоп ыйлап баратты. 20  Агасы Абышалом+ ага: «Сени бир тууганың Амнон маскара кылдыбы? Муну эми эч кимге айтпай эле кой. Ал сенин бир тууганың да.+ Эми кечке ушуну ойлоп, жаман боло бербе»,— деди. Тамар эч кимге кошулбай, агасы Абышаломдукунда жашап калды. 21  Болгон окуяны укканда Дөөтү падыша аябай ачууланды.+ Бирок Амнондун көңүлүн ооруткан жок, анткени тун уулу болгондуктан, аны жакшы көрчү. 22  Абышалом болсо карындашы Тамарды маскара кылганы үчүн+ Амнонду жек көрүп калды.+ Ал ага такыр сүйлөбөй койду. 23  Эки жылдан кийин Абышалом Эпрайымдын+ жанындагы Баал-Хасордо койлорун кыркып, падышанын бүт уулдарын чакырды.+ 24  Ал падышага келип: «Өзүңүз билгендей, кулуңуз койлорун кырктырып жатат. Падышам, кызматчыларыңызды алып, мени менен чогуу барыңыз»,— деди. 25  Падыша: «Жок, уулум, баарыбыз барсак, сага оордук кылып коёбуз»,— деди. Абышалом кайра-кайра суранса да, ал макул болбой койду, бирок батасын берди. 26  Ошондо Абышалом: «Сиз барбасаңыз, анда биз менен бир тууганым Амнон барсын»,— деди.+ Падыша: «Ал сени менен эмнеге бармак эле?» — деди. 27  Бирок Абышалом суранып отуруп атасын көндүрдү. Падыша Амнонду да, башка уулдарын да аны менен жиберди. 28  Абышалом кызматчыларына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, көңүлү көтөрүлүп калганда, мен силерге: „Амнонду өлтүргүлө!“ — дейм, ошондо аны өлтүрүп салгыла. Коркпогула, анткени бул буйрукту мен берип жатам. Кайраттуу, чечкиндүү болгула»,— деп айтты. 29  Абышаломдун кызматчылары, ал кандай буйрук кылса, так ошондой кылып, Амнонду өлтүрүштү. Муну көргөндө падышанын калган уулдарынын баары ордуларынан тура калып, качырларына минип, качып жөнөштү. 30  Алар жолдо келатышканда, Дөөтүгө: «Абышалом падышанын уулдарынын бирин калтырбай кырып салыптыр»,— деген кабар жетти. 31  Аны укканда падыша кийимин айрып, жерге жатты. Кызматчылары да кийимдерин айрып, анын жанында турушту. 32  Ошондо Дөөтүнүн агасы Шимеанын+ уулу Жонадап:+ «Мырзам уулдарынын баары өлүп калды деп ойлобосун, Амнон эле өлдү.+ Анткени бул Абышаломдун буйругу менен жасалды.+ Ал муну Амнон анын карындашы+ Тамарды маскара кылган күндөн бери эле ойлоп жүргөн.+ 33  „Падышанын бүт уулдары өлдү“ деген сөзгө падышам ишенбей эле койсун, Амнон эле өлдү»,— деди. 34  Ал ортодо Абышалом качып кетти.+ Бир нече убакыт өткөндөн кийин күзөтчү арт жакта тоонун боорундагы жол менен көп киши түшүп келатканын көрдү. 35  Жонадап+ падышага: «Көрдүңүзбү, падышанын уулдары кайтып келди. Баары кулуңуз айткандай болуп чыкты»,— деди. 36  Ал сүйлөп бүтөрү менен, падышанын уулдары өкүрүк салып ичкери киришти. Падыша да бүт кызматчылары менен кошо боздоп ыйлады. 37  Абышалом Гешур падышасы Амиюттун уулу Талмайга+ качып кетти. Дөөтү болсо баласын жоктоп, көп күн бою ыйлап жүрдү. 38  Абышалом Гешурга+ качып барып, ал жерде 3 жыл жашады. 39  Акыры Амнонду жоктоп жүргөн Дөөтү падышанын күйүтү басылып, сооронуп калды*. Ошентип, ал Абышаломду сагына баштады.

Шилтемелер

Экөөнүн атасы бир, энеси бөлөк болгон.
Же: «сооронуч нанын». Башкача айтканда, оорулуу кишиге бере турган тамак.
Сөзмө-сөз: «жүрөк түрүндөгү нан».
Же: «саймаланган; түстүү».
Же: «моюн сунду».