Шемуелдин 2-китеби 14:1—33
14 Зеруянын+ уулу Жоап Дөөтү падышанын Абышаломду сагына баштаганын билди.+
2 Ал Текояга+ киши жиберип, бир акылдуу аялды алдырды да, ага: «Аза кийимин кийип, май сүйкөнбөй,+ жакыны каза болуп, көптөн бери күйүт тартып жүргөн аялга окшоп,
3 падышага бар да, мындай деп айт...» — деди да, эмне айтыш керектигин үйрөттү.
4 Текоялык аял падышага барды да, чөгөлөп, жерге чейин ийиле таазим кылып: «Оо, падышам, жардам бериңиз!» — деди.
5 Падыша: «Эмне болду?» — деп сурады. Ал: «Мен жесирмин, күйөөм өлүп калган.
6 Күңүңүздүн эки уулу бар эле. Алар талаада жүргөндө чатакташа кетип, ажыратар киши жок болгондуктан, бири экинчисин уруп өлтүрүп коюптур.
7 Эми мага бүт туугандарыбыз каршы чыгып: „Бир тууганын өлтүргөн балаңды бизге бер, бир тууганын өлтүргөнү үчүн аны өлтүрөбүз,+ мурасчы экенине карабайбыз!“ — деп жатышат. Эми алар жалгыз калган чырагымды өчүргөнү*, жер бетинен күйөөмдүн атын өчүрүп, тукумун жок кылганы жатышат»,— деди.
8 Падыша аялга: «Үйүңө бара бер, бул ишти өзүм бүтүрүп коём»,— деди.
9 Аял: «Оо, улуу урматтуу падышам, баламдын күнөөсү менин мойнумда, атамдын үйүндөгүлөрүнүн мойнунда болсун. Буга сиз да, сиздин падышалыгыңыз* да айыптуу эмес»,— деди.
10 Падыша ага: «Эгер бирөө бирдеме десе, аны мага ээрчитип кел, ал сага экинчи тийбейт»,— деди.
11 Аял: «Падышам Жахаба Кудайын унутпаса экен, өлгөн уулумдун кунун кууган бирөө келип,+ өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, берки уулумду да өлтүрүп койбосо экен»,— деди. Падыша: «Тирүү Кудай Жахабаны оозанып ант берем:+ уулуңдун бир тал чачы да жерге түшпөйт»,— деди.
12 Аял: «Улуу урматтуу падышам күңүнө дагы бир нерсе айтканга уруксат этсе экен»,— деди. Ал: «Айт»,— деди.
13 Ошондо аял: «Оо, падышам, эмнеге Кудайдын элине каршы чыккандай иш кылып жатасыз?+ Азыр эле айткан сөзүңүз менен өзүңүздү айыпка жыктыңыз. Анткени кууп жиберген уулуңузду кайра алып келбей жатасыз.+
14 Биз баарыбыз өлөбүз, төгүлүп, жерге сиңип кеткен сууга эле окшоп калабыз. Бирок Кудай жанды кыйбайт, ал куулган кишини кайра өзүнө кайрып келгенге себеп издейт.
15 Башкалар мени коркуткандыктан, ушуларды улуу урматтуу падышама айтканы келдим. Күңүңүз: „Падышама айтып көрөйүн. Балким, падышам күңүнүн айтканын аткарар.
16 Сөзүмө кулак салып, Кудай берген мурасыбыздан мени да, жалгыз уулумду да ажыраткысы келген кишинин колунан куткарар“,— деп ойлоду.+
17 Күңүңүз: „Улуу урматтуу падышамдын сөзүн угуп, сооронуп калайын“,— деп да ойлоду. Анткени улуу урматтуу падышам чыныгы Кудайдын периштесиндей жакшы менен жаманды ажырата билет. Жахаба Кудайыңыз сиз менен болсун»,— деди.
18 Ошондо падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, жашырбай айтчы»,— деди. Аял: «Сураңыз, улуу урматтуу падышам»,— деди.
19 Падыша: «Ушунун баарын сага Жоап үйрөткөн жокпу?» — деп сурады.+ Аял: «Улуу урматтуу падышам, туура таптыңыз. Мен мунун баарын кызматчыңыз Жоап үйрөткөндөй кылып, ал айткандай айттым.
20 Кызматчыңыз Жоап сизди бул жагдайга башкача карап көрсүн деп ушундай кылды. Бирок мырзам чыныгы Кудайдын периштесиндей акылдуу, ал өз жеринде болуп жаткандын баарын билет»,— деди.
21 Ошондо падыша Жоапка: «Мейли, сен айткандай кылайын.+ Барып, уулум Абышаломду алып кел»,— деди.+
22 Жоап жүзтөмөндөп жыгылып, падышага таазим кылып, ыраазычылык билдирди да: «Оо, улуу урматтуу падышам, бүгүн сиздин көңүлүңүзгө жаккан киши экениме көзүм жетти, анткени кулуңуз айткандай кылдыңыз»,— деди.
23 Анан Гешурга+ барды да, Абышаломду Иерусалимге алып келди.
24 Бирок падыша: «Өз үйүнө барсын, менин алдыма келбесин»,— деди. Ошентип, Абышалом өз үйүнө кайтып келди, ал падышанын жүзүн көргөн жок.
25 Бүт Ысрайыл боюнча сулуулугу эл оозуна алынган Абышаломдой киши жок эле. Анын башынан таманына чейин бир да кемтиги жок болчу.
26 Ал чачын кырктырганда, чачынын салмагы падыша сарайында колдонулган тараза ташы менен өлчөгөндө 2 килограмм 300 граммдай* болчу. Ал дайыма жылдын аягында чачын кырктырып турчу, анткени чачы абдан оор болуп кетчү.
27 Абышаломдун үч уулу,+ бир кызы болгон. Кызынын аты Тамар болчу, ал аябай сулуу эле.
28 Абышалом Иерусалимде 2 жыл жашады, бирок падышанын жүзүн көргөн жок.+
29 Бир күнү Абышалом падышага жибериш үчүн Жоапты чакыртты, бирок ал келбей койду. Абышалом аны экинчи жолу чакыртты, ал дагы келбей койду.
30 Ошондо ал кызматчыларына: «Менин жеримдин жанында Жоаптын жери бар. Ал жерине арпа айдаган. Барып, аны өрттөп жибергиле»,— деди. Абышаломдун кызматчылары барып, Жоаптын жерин өрттөп салышты.
31 Ошондо Жоап Абышаломдукуна барып: «Эмнеге кишилериң жеримди өрттөп салышты?» — деди.
32 Абышалом ага: «Сени падышага жөнөтүш үчүн киши жиберсем, келбей койдуң. Падышага барып, менин атыман: „Гешурдан эмнеге келдим?+ Ошол жакта эле жүрө бербейт белем. Падышам, эми мага жүзүңүздү көргөнгө уруксат этиңиз. Эгер күнөөлүү болсом, өлтүрүп эле салыңыз”,— деп айт дейин дегем»,— деди.
33 Жоап падышага барып, баарын айтып берди. Падыша Абышаломду чакыртты. Ал келип, падышанын алдына чөгөлөп, жерге чейин ийиле таазим кылды. Падыша аны өптү.+
Шилтемелер
^ Б. а. тукумубузду улайт деген акыркы үмүтүн өчүрмөк.
^ Сөзмө-сөз: «тактыңыз».
^ Сөзмө-сөз: «200 шекел». Б14 тиркемесин кара.