Шемуелдин 2-китеби 16:1—23
16 Дөөтү тоонун чокусунан бир аз ылдыйлаганда,+ ага Мепибешеттин+ кызматчысы Сиба+ жолукту. Ал эки эшегине 200 нан, жүзүмдүн ныкталган кагынан 100дү, жайында бышчу мөмөлөрдүн ныкталган кагынан* 100дү, бир чоң кумара шарап артып алган эле.+
2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласың?» — деп сурады. Ал: «Эшектерди падышанын үйүндөгүлөрү минсин деп, нан менен жайында бышчу мөмөлөрдүн ныкталган кагын жигиттер жесин деп, шарапты болсо чөлдө баратып чарчагандар ичсин деп алып келатам»,— деди.+
3 Падыша андан: «Мырзаңдын небереси* кайда?» — деп сурады.+ Сиба: «Ал: „Бүгүн ысрайыл эли чоң атамдын* падышалык бийлигин кайра мага кайтарып берет“ — деп, Иерусалимде калып калды»,— деп жооп берди.+
4 Ошондо падыша ага: «Мепибешетке таандык нерсенин баары сеники болот»,— деди.+ Сиба: «Алдыңызда башымды ийип таазим кылам. Улуу урматтуу падышама жаксам эле болду»,— деди.+
5 Дөөтү падыша Бакуримге жеткенде, ал жактан Шабул менен бир уруудан болгон Геранын уулу Шимей чыкты.+ Ал Дөөтүнү каргап келатты.+
6 Анан Дөөтү падышаны да, анын кызматчыларын да, эки жагында бараткан мыкты жоокерлери менен калган аскерлерин да таш менен ура баштады.
7 Шимей аны каргап: «Жогол, жогол бул жерден! Сен киши эмессиң, канкорсуң!
8 Жахаба сени Шабул менен үйүндөгүлөрүн өлтүрүп, падышалыкты тартып алганың үчүн жазалап жатат. Жахаба падышалык бийликти уулуң Абышаломго берип койду. Сен канкорсуң, ошон үчүн башыңа мүшкүл түштү!» — деп кыйкырып баратты.+
9 Ошондо Зеруянын уулу Абышай+ падышага: «Бул өлгөн ит+ улуу урматтуу падышамды эмнеге каргап жатат?+ Уруксат этсеңиз, барып, башын кыя чабайын»,— деди.+
10 Бирок падыша: «Зеруянын уулдары, буга кийлигишип эмне кыласыңар?+ Ага: „Дөөтүнү карга!“ — деп Жахаба өзү айтса,+ „Эмнеге каргап жатасың?“ — деп ага ким айта алат? Тим кой, каргай берсин»,+— деди.
11 Анан Абышай менен бүт кызматчыларына: «Мени өз уулум өлтүргүсү келип жатса,+ Бенжемин уруусунан чыккан бул киши жөн коймок беле?!+ Мейли, жайына койгула, каргай берсин, муну ага Жахаба айтты!
12 Балким, Жахаба кордолгонумду көрөр.+ Шимейдин бүгүн мени каргаганын көрүп, Жахаба мага жакшылык кылар»,— деди.+
13 Дөөтү кишилери менен жолун улантып кете берди. Шимей болсо аны каргап,+ таш менен уруп, топурак чачып, анын каптал жагында тоонун боору менен баратты.
14 Акыры, падыша менен анын жанындагы бүт эл болжогон жерине жетишти. Алар суй жыгыла чарчагандыктан ошол жерде эс алышты.
15 Ал ортодо Абышалом менен аны колдогон ысрайылдыктардын баары Иерусалимге келди. Акитопел+ да Абышаломдун жанында болчу.
16 Дөөтүнүн досу* архиттик+ Хушай+ Абышаломдун жанына барып: «Жашасын падыша!+ Жашасын падыша!» — деди.
17 Абышалом андан: «Досуңа берилгениң* ушулбу? Эмнеге досуң менен кеткен жоксуң?» — деди.
18 Хушай ага: «Жахаба менен бул эл, бүт ысрайыл эли, кимди тандаса, мен ошол тарапта болом, ошону менен калам.
19 Анын үстүнө, досумдун уулуна кызмат кылбаганда, башка кимге кызмат кылмак элем? Атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам»,— деди.+
20 Анан Абышалом Акитопелге: «Кандай кеңеш бересиң?+ Эмне кылалы?» — деди.
21 Акитопел ага: «Атаңдын үйдү* карап турганга калтырган+ токолдору менен жат.+ Ошондо атаңа жек көрүндү болуп калганыңды бүт Ысрайыл угат да, сени колдогондор кайраттанып калышат»,— деди.
22 Ошентип, Абышалом үчүн үйдүн үстүнө+ чатыр тигишти. Ал бүт элдин көзүнчө+ атасынын токолдору менен жатты.+
23 Ошол кезде Акитопелдин+ айткан акылы чыныгы Кудай айткан акылдай эсептелчү. Анын ар бир кеңешин Дөөтү да, Абышалом да ошондой кабыл алчу.
Шилтемелер
^ Негизинен инжирден, ошондой эле курмадан да жасалашы мүмкүн.
^ Сөзмө-сөз: «уулу».
^ Сөзмө-сөз: «атамдын».
^ Же: «ишеничтүү кишиси».
^ Же: «туруктуу сүйүү көрсөткөнүң».
^ Же: «падыша сарайын».