Шемуелдин 2-китеби 19:1—43

  • Дөөтү Абышаломду жоктоп ыйлайт (1—4)

  • Жоап Дөөтүнү уяткарат (5—8а)

  • Дөөтү Иерусалимге кайтып барат (8б—15)

  • Шимей кечирим сурайт (16—23)

  • Мепибешетке жалаа жабылганы билинет (24—30)

  • Барзелайга урмат-сый көрсөтүлөт (31—40)

  • Ысрайылдыктар менен жүйүттөрдүн ортосунда талаш чыгат (41—43)

19  Жоапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат»,— деп билдиришти.+ 2  Ошол күнү жоокерлер жеңишке жеткенине* кубанбай эле, кайгыга батышты, анткени падышанын уулунун өлгөнүнө кайгырып жатканын угушту. 3  Алар шаарга кайтып келгенде,+ согуштан качып келгенине уялган кишилердей болуп, уурданып кирип жатышты. 4  Падыша болсо жүзүн жаап алып: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум ай, уулум!» — деп боздоп жатты.+ 5  Жоап падышанын үйүнө барып: «Кызматчыларың сени, уул-кыздарыңды,+ аялдарың менен токолдоруңду+ куткарып калса, сен болсо алардын баарын жер караттың. 6  Сен сени жек көргөндөрдү жакшы көрөсүң да, сени жакшы көргөндөрдү жек көрөсүң. Бүгүн сен башчыларың менен кызматчыларыңды баалабай турганыңды көрсөттүң. Мен эми билбедимби, көрсө, биз баарыбыз өлүп, Абышалом тирүү калса, сага жакшыраак болмок экен да. 7  Туруп, сыртка чык да, кызматчыларыңа дем-күч берип, жубатып кой. Эгер чыкпасаң, Жахабаны оозанып ант берем, ушул түнү жаныңда бир да кишиң калбайт. Ошондо бул жаш кезиңден ушу күнгө чейин көргөн жамандыктарыңдын баарынан ашып түшөт»,— деди. 8  Падыша туруп, шаардын дарбазасынын жанына барып отурду. Бүт элге: «Падыша дарбазанын жанында отурат»,— деп билдиришти. Ошондо элдин баары падышанын алдына чогула баштады. Жеңилип калган ысрайылдыктар болсо үйлөрүнө качып кеткен эле.+ 9  Ысрайылдын бардык уруусундагылар өз ара: «Падыша бизди душмандарыбыздын колунан,+ пелиштиликтерден куткарган эле, эми болсо Абышаломдон качып, башка жерде жүрөт.+ 10  Биз өзүбүзгө падыша кылып дайындаган Абышалом+ болсо согушта каза тапты.+ Эми эмнеге падышаны кайра алып келбей жатабыз?» — деп жатышты. 11  Дөөтү падыша дин кызматчылар Садок+ менен Абыятарга+ мындай деп айттырып жиберди: «Жүйүт+ аксакалдары менен сүйлөшүп, аларга менин атымдан: „Бүт Ысрайылда эмне сөз болуп жатканы мен жашаган жерге чейин жетти. Эмнеге мени кайра падыша сарайыма алып кетпей жатасыңар? 12  Силер менин бир туугандарымсыңар, бир боорумсуңар. Эмнеге мени, падышаңарды, дагы эле алып кетпей жатасыңар?“ — деп айткыла. 13  Амасага+ болсо: „Сен менин бир боорумсуң. Ушундан тартып сен Жоаптын+ ордуна аскер башчы болосуң. Эгер сөзүмө турбасам, Кудай мени катуу жазаласын“,— дегиле». 14  Жүйүт уруусундагылардын баары падышанын айткандарына ынанып, ага: «Өзүң да, кызматчыларың да кайтып келсин»,— деп айттырып жиберишти. 15  Ошентип, падыша кайра үйүнө кайтып барыш үчүн жолго чыгып, Иорданга келди. Жүйүттөр болсо падышаны тосуп алып, Иордандан өткөрүш үчүн Гилгалга+ барышты. 16  Бенжемин уруусундагы Геранын уулу бакуримдик Шимей+ да жүйүттөргө кошулуп, Дөөтү падышаны тоскону шашыла жөнөдү. 17  Анын жанында Бенжемин уруусунан 1 000 киши бар эле. Ошондой эле аны менен Шабулдун үйүндөгү кызматчы Сиба+ да 15 уулу, 20 кызматчысы менен бараткан болчу. Алар Иорданга падышадан мурун жетип барышты. 18  Ал* падышанын үйүндөгүлөрүн дарыядан өткөрүп, падыша эмне десе, ошонун баарын аткарыш үчүн дарыяны кечип өттү. Падыша Иордандан өтөйүн деп жатканда, Геранын уулу Шимей алдына жыгылып, ага: 19  «Улуу урматтуу падышам кулунун айыбын кечирсе экен. Падышам Иерусалимден чыгып баратканда кылган күнөөмдү эстебесе экен, аны көңүлүнө албаса экен.+ 20  Анткени күнөө кылганымды өзүм деле түшүнүп жатам. Ошондуктан улуу урматтуу падышамды тоскону бүгүн бүтүндөй Жусуптун үй-бүлөсүнөн* биринчи болуп келдим»,— деди. 21  Ошондо Зеруянын уулу+ Абышай:+ «Жахаба өзү жол башчы кылып дайындаган кишини каргаганы үчүн Шимейди өлтүрүш керек»,— деди.+ 22  Дөөтү: «Зеруянын уулдары,+ эмнеге менин ишиме кийлигишип, эркиме каршы иш кылганы жатасыңар? Ысрайылда бүгүн бирөөнү өлтүргүдөй күн болуп турабы? Эмнеси болсо да, мен бүгүн Ысрайылга кайрадан падыша болбодумбу?!» — деди. 23  Анан Шимейге: «Сен өлбөйсүң» — деп, ага ант берди.+ 24  Падышаны тоскону Шабулдун небереси Мепибешет+ да келди. Падыша кетип, кайра аман-эсен кайтып келгенге чейин, ал мурутун кыркпай, бутун да, кийимин да жуубай жүргөн болчу. 25  Ал падышаны тоскону Иерусалимге* келгенде, падыша андан: «Мепибешет, эмнеге мени менен барган жоксуң?» — деп сурады. 26  Ал: «Улуу урматтуу падышам, менин майып+ экенимди билесиз да. Мен кызматчыма:+ „Эшегимди токуюн да, минип алып, падыша менен кетейин“,— дегем, бирок ал мени алдап коюптур. 27  Анан мени улуу урматтуу падышама жамандап, жалаа жааптыр.+ Бирок улуу урматтуу падышам чыныгы Кудайдын периштесиндей, ошон үчүн эмне кылам десеңиз, өз эркиңиз. 28  Улуу урматтуу падышам атамдын бүт үйүндөгүлөрүн өлүм жазасына тартып деле коё алмак, бирок сиз кулуңузду өзүңүз менен чогуу тамактангандардын арасына отургуздуңуз.+ Падышадан башка дагы эмнени сурамак элем?» — деди. 29  Падыша ага: «Болду, бул сөздү токтотолу. Сиба экөөңөр жерди бөлүп аласыңар, мен ушундай чечтим»,— деди.+ 30  Мепибешет падышага: «Улуу урматтуу падышам үйүнө аман-эсен кайтып келген соң, ал баарын алса деле макулмун»,— деди. 31  Падышаны Иордан дарыясына чейин узатып барыш үчүн Гилат жериндеги Роглимден Барзелай+ келди. 32  Ал 80ге чыккан абдан кары киши эле. Аябай бай болгондуктан, падыша Маханаимде жүргөндө, ал аны азык-түлүк менен камсыз кылып турган.+ 33  Падыша ага: «Мени менен аркы өйүзгө өтүңүз, Иерусалимде дайыма менин дасторконумдан тамактанасыз»,— деди.+ 34  Бирок ал: «Падыша менен бирге Иерусалимге баргыдай, мен дагы көпкө жашамак белем? 35  Сексенге чыгып калдым,+ эми жакшыны жамандан айырмалай алмак белем? Ичкен-жегенимдин даамын билмек белем? Же ырчылардын ырын уга алмак белем?+ Кулуң улуу урматтуу падышама жүк болуп эмне кылат? 36  Падышам, мага ушунча чоң сый көрсөтүп эмне кыласың? Мага сени Иорданга чейин узатып келгенимдин өзү эле жетиштүү. 37  Кулуңа үйүнө кайтканга уруксат эт, өз шаарыма, ата-энем коюлган жерге эле барып өлөйүн.+ Улуу урматтуу падышам менен кулуң Кимам барсын,+ ага кандай жакшылык кылам десең, өзүң бил»,— деди. 38  Падыша: «Мейли, мени менен Кимам барсын. Мен ага сиз каалагандын баарын кылам, сиз үчүн да сураганыңыздын баарын кылам»,— деди. 39  Ошентип, бүт эл Иордандан өтө баштады. Падыша дарыядан өтөрдө Барзелайды өөп,+ ага батасын берди. Анан Барзелай үйүнө кайтты. 40  Падыша Гилгалга+ барганда, аны менен бирге Кимам да барды. Бүт жүйүттөр менен калган ысрайылдыктардын жарымы падышаны коштоп барышты.+ 41  Анан калган берки ысрайылдыктар падышага келип: «Эмнеге жүйүт бир туугандарыбыз сизди, үйүңүздөгүлөр менен бардык кишилериңизди бизге айтпай Иордандан өткөрүп алып келишти?» — дешти.+ 42  Жүйүттөр аларга: «Падыша биздин тууганыбыз болот.+ Буга эмнеге ачууланып жатасыңар? Биз, эмне, падышанын эсебинен бир нерсе жептирбизби же андан белек алыптырбызбы?» — дешти. 43  Ысрайылдыктар аларга: «Биз падышалыктын он бөлүгүн түзөбүз, ошондуктан Дөөтүгө байланыштуу укугубуз силердикине караганда он эсе көп. Эмнеге бизди теңиңерге албай койдуңар? Падышаны биз биринчи болуп барып алып келишибиз керек эмес беле?!» — дешти. Бирок жүйүттөрдүн сөзү салмактуураак болуп*, алардан күчтүүлүк кылып кетишти.

Шилтемелер

Же: «куткарылганына».
Же балким: «Алар».
Сөзмө-сөз: «үйүнөн».
Же балким: «Иерусалимден».
Же: «жүйүттөр аларга караганда катуу-катуу айтышты».