Шемуелдин 2-китеби 21:1—22

  • Гибондуктар Шабулдун уулдарынан өч алат (1—14)

  • Пелиштиликтер менен болгон согуштар (15—22)

21  Дөөтүнүн күндөрүндө 3 жыл катары менен ачарчылык болду.+ Ал бул жөнүндө Жахабадан сураганда, Жахаба: «Гибондуктарды өлтүргөнү үчүн Шабул менен анын үйүндөгүлөрү канга забын болду»,+— деп жооп берди. 2  Ошондо падыша гибондуктарды+ чакырып, алар менен сүйлөштү. (Гибондуктар ысрайыл элинен эмес болчу, алар аморлуктардын+ калдыктары болчу. Ысрайылдыктар аларга өлтүрбөй тургандыгын айтып ант беришкен эле,+ бирок Шабул аларды бөлөксүнтүп, ысрайылдыктар менен жүйүттөрдүн арасында жашаткысы келбей кырып таштагысы келген.) 3  Дөөтү алардан: «Жахабадан элине* бата беришин суранышыңар үчүн, силерге эмне кылып берейин? Күнөөдөн арылышыбыз үчүн эмне кылайын?» — деп сурады. 4  Гибондуктар: «Шабул менен анын үйүндөгүлөрүнүн кылган иши үчүн күмүш да, алтын да талап кылбайбыз.+ Ал эми Ысрайылда кимдир бирөөнү өлтүргөнгө биздин укугубуз жок»,— дешти. Падыша: «Силер эмне десеңер, ошонун баарын аткарам»,— деди. 5  Алар: «Ал бизди кыргандыктан, Ысрайыл жеринен жок кылгысы келгендиктен,+ 6  бизге анын уулдарынан жетөөнү бергиле. Биз аларды өлтүрүп, Жахаба падыша кылып тандаган Шабулдун+ жери Гибада+ Жахабанын алдында асып коёбуз»,+— дешти. Падыша: «Макул, берейин»,— деди. 7  Бирок Дөөтү падыша менен Шабулдун уулу Жонатан бири-бирине Жахабанын ысмын оозанып ант беришкендиктен,+ Дөөтү Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти+ аяды. 8  Ошондуктан Аянын кызы Риспанын+ Шабулга төрөп берген Армони менен Мепибешет деген 2 уулун жана Шабулдун кызы Михалдын*+ меколалык Барзелайдын уулу Адриелге+ төрөп берген 5 уулун 9  гибондуктарга берди. Гибондуктар аларды өлтүрүп, тоодо Жахабанын алдында асып коюшту.+ Ошентип, жетөө чогуу өлдү. Алар оруп-жыюу башталган күндөрү, арпа орула баштаган убакта өлүштү. 10  Аянын кызы Риспа+ таар алып барып, аны аскага төшөп, оруп-жыюу башталгандан жамгыр жаай баштаган убакка чейин ошол жерде болуп, алардын өлүгүн күндүз канаттуулардан, түнкүсүн талаа жаныбарларынан коруду. 11  Дөөтүгө Шабулдун токолунун, Аянын кызы Риспанын, эмне кылганын айтышты. 12  Ошондо Дөөтү Жабеш-Гилаттын+ башчыларына* барып, Шабул менен Жонатандын сөөгүн алып кетти. Пелиштиликтер Гилбояда+ Шабулду өлтүргөн күнү ал экөөнүн сөөгүн Бет-Шанда асып салышкан эле. Жабеш-Гилаттын тургундары болсо алардын сөөгүн Бет-Шандагы аянттан жашыруун алып кетишкен болчу. 13  Дөөтү Шабул менен Жонатандын сөөгүн ал жактан алып келди, асылган берки кишилердин да сөөгүн чогултушту.+ 14  Анан алар Шабул менен анын уулу Жонатандын сөөгүн Бенжемин уруусундагылардын жериндеги Зелага,+ Шабулдун атасы Киштин+ сөөгү коюлган жерге коюп, падыша буйругандын баарын аткарышты. Ошондон кийин Кудай алардын өтүнүчтөрүн угуп, жерине батасын берди.+ 15  Пелиштиликтер кайрадан ысрайыл эли менен согушканы чыгышты.+ Дөөтү менен анын кишилери пелиштиликтер менен согушуп, Дөөтү аябай чарчап калды. 16  Репаимдердин+ тукумдарынан болгон, салмагы үч жарым килограммдай*+ жез найза көтөрүп, белине жаңы кылыч байланган Ишпибеноп аны өлтүрөйүн дегенде, 17  Зеруянын уулу Абышай+ Дөөтүгө жардамга келип,+ анын өзүн өлтүрүп койду. Ошондо Дөөтүгө кишилери: «Ысрайылдын чырагы өчүп калбашы үчүн,+ сиз мындан ары биз менен согушка чыкпайсыз!» — деп ант беришти.+ 18  Андан кийин Гопто пелиштиликтер+ менен дагы согуш болду. Ошондо хуштук Сипхай+ репаимдердин+ тукумдарынан болгон Сапты өлтүрдү. 19  Пелиштиликтер+ менен Гопто дагы согуш болуп, бетлехемдик Жареоргимдин уулу Элханан найзасынын сабы кездеме токугучтун баканындай болгон гаттык Голиатты өлтүрдү.+ 20  Андан кийин Гатта согуш болду. Ал жерде колу-бутунда алтыдан манжасы, баары биригип 24 манжасы бар, бою абдан узун бир киши бар эле. Ал да репаимдердин тукумдарынан болчу.+ 21  Ал ысрайылдыктарды мазактай бергендиктен,+ Дөөтүнүн агасы Шимейдин*+ уулу Жонатан аны өлтүрүп салды. 22  Бул төртөө репаимдердин Гатта жашаган тукумдары эле. Алар Дөөтү менен анын кишилеринин колунан өлүштү.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мурасына».
Же балким: «Мейраптын».
Же балким: «жер ээлерине».
Сөзмө-сөз: «300 шекел». Б14 тиркемесин кара.