Шемуелдин 2-китеби 22:1—51

  • Дөөтү Куткаруучу Кудайын даңктайт (1—51)

    • «Жахаба — менин аскам» (2)

    • Жахаба ага берилгенге берилгендик көрсөтөт (26)

22  Дөөтүнүн Жахаба аны бардык душмандарынан+ жана Шабулдан куткарган күнү+ Жахабаны даңктап ырдаган ыры.+ 2  Ал мындай деп ырдады: «Жахаба — менин аскам,+ чебим, Куткаруучум.+  3  Кудайым — баш калкалаар зоом,+Калканым,+ кубаттуу Куткаруучум*, коопсуз жайым.+ Качып барар баш паанам,+ сактап-коргоочум.+ Ал мени зордук-зомбулуктан куткарып келет.  4  Жахаба даңкталууга татыктуу. Мен аны чакырып,Душмандарымдан куткарылам.  5  Мени өлүм толкундары курчады,+Кара өзгөйлөрдүн суудай ташкындаганы үрөйүмдү учурду.+  6  Мени көрдүн* аркандары чырмады,+Өлүм мага торун жайды.+  7  Кыйналганда Жахабаны жардамга чакырдым,+Кудайымды чакырып жаттым. Ал ибадатканасынан үнүмдү укту,Жардам сурап зарлаганым кулагына жетти.+  8  Ошондо жер силкинди, термелди.+ Асман пайдубалдары солкулдап,+Анын каарынан улам титиреди.+  9  Таноолорунан түтүн,Оозунан баарын жалмай турган от чыкты,+Өзүнөн болсо чок чачырап жатты. 10  Ал асманды эңкейтип, ылдый түштү,+Бут астында коюу караңгылык жатты.+ 11  Ал керуптун үстүнө отуруп,+ учуп келди,Периштенин* канаттарынын үстүнөн көрүндү.+ 12  Айланасын чатырдай кылып караңгылык менен,+Жамгырлуу кара булуттар менен курчады. 13  Алдынан чачыраган жарыктан чоктор жанып күйдү. 14  Жахаба асмандан күн күркүрөттү,+Эң Жогорку Кудай үн салды.+ 15  Ал жебелерин атып,+ душмандарымды чачыратты,Чагылган түшүрүп, аларга дүрбөлөң салды.+ 16  Жахабанын ашкерелегенинен,Таноолорунан чыккан демдин илебинен+Деңиздин түбү көрүндү,+Жердин пайдубалы ачылды. 17  Ал жогорудан колун сунуп,Мени терең суудан тартып алды.+ 18  Күчтүү душманымдын колунан,+Мени жек көргөн, менден кубаттуу кишилерден куткарды. 19  Башыма мүшкүл түшкөн күнү алар мага каршы чыгышты,+Бирок Жахаба мага жөлөк болду. 20  Мени коопсуз жерге* алып чыкты,+Мага ыраазы болгондуктан куткарды.+ 21  Жахаба адилдигиме жараша сыйлык берет,+Колумдун тазалыгына жараша тиешемди берет.+ 22  Анткени мен дайыма Жахабанын жолунда жүрөм,Кудайымды таштап, ыймансыздык кылган эмесмин. 23  Анын бүт осуяттары+ дайыма эсимде;Көрсөтмөлөрүнөн четтебейм.+ 24  Анын алдында кынтыксыз бойдон калам,+Күнөөдөн алыс болом.+ 25  Жахаба анын алдында адил иш кылганыма,+Таза жүргөнүмө жараша тиешемди берсин.+ 26  Сен өзүңө берилгенге берилгендик көрсөтөсүң,+Кынтыксыз кишиге* кынтыксыз мамиле кыласың.+ 27  Тазага таза мамиле кыласың,+Митаамга алданбайсың*.+ 28  Момундарды куткарасың,+Бой көтөргөндөрдү болсо жактырбай, басынтасың.+ 29  Жахаба, сен менин чырагымсың.+ Жахаба мени каптап турган караңгылыкты жарык кылат.+ 30  Сенин жардамың менен талап-тоноочуларга чабуул коём,Кудайымдын жардамы менен дубалдан ашып өтөм.+ 31  Чыныгы Кудайдын бардык иштери* жеткилең,+Жахабанын сөзү таза.+ Ал — ага таянгандар үчүн калкан.+ 32  Жахабадан башка Кудай барбы?+ Биздин Кудайдан башка аска-зоо барбы?+ 33  Чыныгы Кудай — бекем чебим,+Ал жолумду түздөйт.+ 34  Буттарымды маралдыкындай тез чуркай турган кылат,Мени тик жерлерде бекем тургудай кылат.+ 35  Колумду салгылашканга машыктырат,Ошондо колум жез жааны ие тартат. 36  Сен мени куткарыш үчүн калканыңды бересиң,Сенин момундугуң зоболомду көтөрөт.+ 37  Кадам таштаган жолумду кеңейтесиң,Ошон үчүн бутум тайып кетпейт.+ 38  Душмандарымдын артынан сая түшүп, аларды жок кылам,Таш-талканын чыгармайынча артка кайтпайм. 39  Аларды кайра тургус кылып талкалайм, жок кылам,+Алар бут алдыма жыгылышат. 40  Сен мага салгылашканга күч бересиң,+Душмандарымды бут алдыма жыгасың.+ 41  Аларды менден кача тургандай кыласың,+Мен өзүмдү жек көргөндөрдү талкалайм.+ 42  Алар жардам сурап кыйкырып жатышат, бирок аларды куткарар эч ким жок,Атүгүл Жахабага жалбарып жатышат, бирок ал жооп бербей жатат.+ 43  Мен аларды топурактай кылып майдалайм,Көчөдөгү баткактай кылып тебелеп-тепсейм. 44  Сен мени элим койгон айыптардан арылтасың,+Элдердин башчысы болушум үчүн мени сактайсың.+ Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылат.+ 45  Бөтөн жерликтер келип, мага жагалданып таазим кылышат,+Мен жөнүндө уккандыктан мага баш ийишет. 46  Бөтөн жерликтердин кайраты качат*,Титиреп, сепилдеринен чыгышат. 47  Жахаба — тирүү Кудай! Менин Аскам даңкталсын!+ Менин Кудайым, мени куткарган аскам, даңазалансын!+ 48  Менин өчүмдү алган,+Мага элдерди багынткан — чыныгы Кудай.+ 49  Ал мени душмандарымдан куткарат. Сен мени кол салгандар жете албагыдай кылып жогору коёсуң.+ Мыкаачы кишиден куткарасың.+ 50  Ошондуктан, оо, Жахаба, сага элдердин арасында ыраазычылык билдирем,+Ысмыңды даңазалап ырдайм*:+ 51  Ал улуу иштерди жасап, өзү дайындаган падышаны куткарды*,+Өзү тандаган Дөөтүнү жана анын тукумунТүбөлүккө сүйүүсүнө бөлөйт».+

Шилтемелер

Же: «куткаруучу мүйүзүм». Сөздүктү кара.
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «Шамалдын».
Же: «кенен жерге».
Сөзмө-сөз: «күчтүү кишиге».
Же балким: «Митаамга акылсыздай иш кыласың». Башкача айтканда, анын кылган иши митаамдарга акылсыздыктай көрүнөт.
Сөзмө-сөз: «жолу».
Же: «соолуп калышат».
Же: «күү чертем».
Же: «улуу жеңиштерге жеткирди».