Шемуелдин 2-китеби 23:1—39
23 Дөөтүнүн акыркы сөздөрү:+
«Жышайдын уулу Дөөтүнүн,+Кудай даңкка бөлөгөн,+Жакыптын Кудайы тандаган кишинин,+Ысрайылдагы эл жакшы көргөн ырчынын* сөздөрү.+
2 Жахаба ыйык руху* аркылуу мага өзүнүн сөзүн айтканга жардам берди,+Өз сөзүн оозума салды.+
3 Ысрайылдын Кудайы,Ысрайылдын Аскасы+ мага:
„Эгер эл башкарган киши адил болсо,+Кудайдан коркуп башкарса,+
4 Анын башкарганы күн чыгып келаткандагы жарыктай,+Таңкы ачык асмандай.
Жамгырдан кийин чайыттай ачылып,Чөп өстүргөн күндүн жарыгындай“,— деди.+
5 Менин үй-бүлөм* Кудайдын алдында ушундай эмеспи?
Анткени Кудай мени менен түбөлүк келишим түздү,+Ал — жакшы ойлонуштурулган, бекем келишим,Мени куткара турган, кубандырган келишим.
Ошон үчүн Кудай үй-бүлөмдү гүлдөтүп-өстүрөт.+
6 Ал эми начар адамдардын баары ыргытыла турган+ тикенектей,Аларды кол менен кармай албайсың.
7 Аларды жулам деген кишинин колундаТемир куралы, найзасы болушу керек.
Аларды өсүп турган жеринен өрттөп жок кылыш керек».
8 Дөөтүнүн күчтүү жоокерлери булар:+ Тахмондун урпактарынын бири, 3 баатырдын башчысы Жошеп-Башебет.+ Ал бир салгылашта найзасы менен 800 кишини өлтүргөн.
9 Андан кийинкиси — Акокинин небереси, Додонун+ уулу Элазар.+ Ал Дөөтү менен чогуу пелиштиликтерди мазактаган 3 баатырдын бири эле. Пелиштиликтер согушканы чыкканда, ысрайылдыктар алардан качып жөнөшкөн.
10 Ошондо Элазар пелиштиликтер менен согушуп, аларды колу талып, кылычына карышып калгыча кырган.+ Ошол күнү Жахаба элин улуу жеңишке жеткирген*.+ Калган жоокерлер болсо Элазардын артынан өлгөндөрдү талап-тоноп эле жүрүшкөн.
11 Андан кийинкиси — арариттик Агенин уулу Шамай. Пелиштиликтер Лехиге, жасмык айдалган талаага чогулганда, ысрайылдыктар алардан качып жөнөгөн болчу.
12 Бирок Шамай талаанын ортосуна туруп, пелиштиликтерди кырып, ал талааны сактап калган. Жахаба ошол күнү элин улуу жеңишке жеткирген.+
13 Оруп-жыюу маалында 30 башчынын үчөө Адулам+ үңкүрүндө жүргөн Дөөтүгө келишкен. Ал учурда пелиштиликтердин аскерлери* репаимдердин өрөөнүндө эле.+
14 Ошол убакта Дөөтү коопсуз жерде жашынып жүргөн болчу,+ пелиштиликтердин күзөт аскерлери болсо Бетлехемде жайгашкан эле.
15 Бир убакта Дөөтү суусап: «Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдан суу ичсем кана!» — деди.
16 Ошондо ал 3 баатыры пелиштиликтердин конушун аралап өтүп, Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдан Дөөтүгө суу алып келишкен. Бирок ал аны ичпей, Жахабанын алдында жерге төгүп салган.+
17 Ал: «Булар өз өмүрүн тобокелге салып алып келген сууну кантип ичмек элем?! Бул алардын канын ичкенге барабар болуп калбайбы!+ Жок, Жахаба, мен эч качан антпейм!» — деп, сууну ичпей койгон. Бул 3 баатыр мына ушундай иштерди кылган.
18 Зеруянын уулу,+ Жоаптын агасы Абышай+ булардан башка 3 баатырдын бири, башчы болгон. Ал найзасы менен 300 кишини өлтүрүп, тиги 3 баатырдай болуп атагы чыккан.+
19 Абышай 3 кишиден турган өзүнүн тобундагылардан атактуураак болсо да, башчылык кылса да, тиги үчөөнө тең келген эмес.
20 Жояттын уулу Беная+ Капсеилде+ көп эрдик кылган эр жүрөк киши болгон. Ал мааптык Ариелдин 2 уулун өлтүргөн. Ошондой эле кар жаап жаткан күнү суу сакталчу чуңкурга түшүп, арстанды өлтүргөн.+
21 Андан сырткары, Беная мисирлик алп кишини да өлтүргөн. Ал кишинин колунда найзасы бар болсо да, Беная колуна таяк алып, ага каршы чыккан да, найзасын тартып алып, аны ошол найзасы менен сайып салган.
22 Жояттын уулу Беная мына ушундай иштерди кылып, тиги 3 баатырдай болуп атагы чыккан.
23 Ал 30 кишинин ичинен атактуураак болсо да, тиги үчөөнө тең келген эмес. Анткен менен Дөөтү аны өзүнө жан сакчы кылып дайындаган.
24 Отуз* кишинин арасында Жоаптын бир тууганы Асаел+ да болгон. Алардын арасында булар да бар болчу: бетлехемдик Додонун уулу Элханан,+
25 хароттук Шамай, хароттук Элика,
26 бет-пелеттик Хелез,+ текоялык Икештин уулу Ира,+
27 анатоттук+ Абиезер,+ хуштук Мебунай,
28 Акокинин тукумдарынан болгон Салмон, нетопалык Махарай,+
29 нетопалык Баанактын уулу Хелеп, Бенжемин уруусуна таандык Гибада жашаган Рибайдын уулу Итай,
30 пиратондук Беная,+ Гааштын+ жанындагы сайда жашаган Идай,
31 арабалык Абалбан, бакуримдик Азмабет,
32 шаалбимдик Элиакпа, Жашендин уулдары, Жонатан,
33 арариттик Шамай, арариттик Шарардын уулу Ахиям,
34 маахаттык кишинин уулу Ахазбайдын уулу Элепелет, гилолук Акитопелдин+ уулу Элиам,
35 кармелдик Хесро, арабиялык Парай,
36 собалык Натандын уулу Игал, гаттык Бани,
37 Амондун тукумдарынан болгон Зелек, Зеруянын уулу Жоаптын куралын көтөргөн жоокер бейроттук Нахарай,
38 итрлик Ира, итрлик+ Гареп,
39 Хеттин тукумдарынан болгон Урий.+ Бардыгы болуп 37 киши.
Шилтемелер
^ Же: «Ысрайылдагы мукам үндүү ырчынын».
^ Б. а. ыйык күчү.
^ Сөзмө-сөз: «үйүм».
^ Же: «куткарган».
^ Же: «конушу».
^ Бул сан тегеректеп айтылышы мүмкүн. Себеби тизмедеги кишилердин саны 30дан көп.