Шемуелдин 2-китеби 24:1—25
24 Жахабанын ысрайыл элине дагы каары кайнады.+ Себеби бирөө Дөөтүнү: «Барып, Ысрайыл менен Жүйүттү санап чык»+ — деп, туура эмес иш кылганга түрттү.+
2 Ошондо падыша жанындагы аскер башчысы Жоапка:+ «Барып, Дандан Беир-Шебага+ чейин Ысрайылдын бардык урууларын аралап чыгып, элди каттоодон өткөргүлө, канча элим бар экенин билейин»,— деди.
3 Бирок Жоап: «Жахаба Кудайың элдин санын азыркыдан 100 эсе көбөйтсүн, улуу урматтуу падышам муну өз көзү менен көрсүн. Улуу урматтуу падышам эмнеге элин санап чыккысы келип жатат?» — деди.
4 Бирок падышанын сөзү Жоап менен башка аскер башчыларынын сөзүнөн өтүмдүү болду. Ошентип, алар падышанын жанынан кетип, ысрайыл элин каттаганы жөнөштү.+
5 Алар Иордандан өтүп, өрөөндүн* ортосундагы шаардын түштүгүндөгү* Ароерге+ токтоп, чатырларын тигишти. Анан гаттыктардын жерин көздөй, андан кийин Жазерди+ көздөй жөнөштү.
6 Андан ары Гилатка,+ Тахтим-Хотшиге, анан Дан-Жаанга барышты. Ал жерден чыккандан кийин бурулуп, Сидонго,+
7 андан кийин чептүү Тир шаарына,+ анан хибилер+ менен канаандыктардын бардык шаарларына барышты. Акыр-аягы, Жүйүт жериндеги Негепте+ жайгашкан Беир-Шебага+ барышты.
8 Ошентип, 9 ай 20 күндүн ичинде бүт жерди кыдырып чыгып, кайра Иерусалимге келишти.
9 Жоап падышага элдин саны канча экенин билдирди: Ысрайылдын согушка жарактуу жоокерлеринин саны 800 000, ал эми Жүйүттүн эркектеринин саны 500 000 болду.+
10 Бирок элди санап чыккандан кийин Дөөтү өзүн жемелей баштады.+ Ошондуктан Жахабага кайрылып: «Оо, Жахаба, ушул ишти кылып, чоң күнөө кылдым.+ Эми кулуңдун күнөөсүн кечире көр,+ мен акылсыздык кылыптырмын»,— деди.+
11 Дөөтү эртең менен турганда, анын көрөгөчүнө, Гат+ пайгамбарга, Жахаба мындай деди:
12 «Дөөтүгө барып: „Жахаба: “Сага үч жаза сунуш кылам. Сени кайсынысы менен жазалайын, танда”,— деди“,— деп айт».+
13 Гат Дөөтүгө келип: «Кайсынысын тандайсың: жериңде 7 жыл ачарчылык болсунбу,+ же 3 ай душмандарыңдан качып жүрөсүңбү,+ же жериңди 3 күн жугуштуу оору каптасынбы?+ Мени жибергенге эмне деп айтып барайын? Жакшылап ойлонуп көрүп, жообуңду айт»,— деди.
14 Дөөтү Гатка: «Аябай жаман болуп, кыйналып турам. Бирок кантсе да Жахабанын колуна түшкөнүбүз жакшы эмеспи,+ анткени ал аябай ырайымдуу;+ адамдын колуна түшпөсөм эле болду»,— деди.+
15 Ошондо Жахаба эртең мененден баштап белгиленген убакытка чейин Ысрайылга жугуштуу оору каптатты.+ Натыйжада Дандан Беир-Шебага+ чейин жашаган элдин арасынан 70 000 киши өлдү.+
16 Периште Иерусалимдин элин кырыш үчүн аны көздөй колун сунганда, Жахаба ушундай каргаша жибергенине кайгырып*,+ элди кырып жаткан ал периштеге: «Жетишет! Колуңду түшүр»,— деди. Ошол убакта Жахабанын периштеси жебустук+ Араунактын+ кырманынын жанында эле.
17 Элди кырып жаткан периштени көргөндө Дөөтү Жахабага: «Жаман ишти кылган, күнөө кетирген менмин. Бул элде*+ эмне айып? Суранам, мени, менин атамдын үй-бүлөсүн жазала»,— деди.+
18 Ошол эле күнү Гат Дөөтүгө келип: «Барып, жебустук Араунактын кырманына Жахабага арнап курмандык жайын кур»,— деди.+
19 Жахаба Гат аркылуу буйрук кылгандай, Дөөтү ошол жакка жөнөдү.
20 Падыша менен анын кишилеринин келатканын көрөрү менен Араунак алдынан тосуп чыкты да, падышага жерге чейин ийиле таазим кылды.
21 Анан: «Улуу урматтуу падышам кулунукуна эмнеге келди?» — деп сурады. Дөөтү: «Элдин башына түшкөн балээ токтошу үчүн, сенин кырманыңды сатып алып, ушул жерге Жахабага арнап курмандык жайын курганы келдим»,— деди.+
22 Араунак Дөөтүгө: «Улуу урматтуу падышам кырманды алып, каалаган курмандыгын чала берсин. Бул букаларды бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалып, эгин бастырган чананын жыгачтары менен моюнтурукту отун кылсын.
23 Падышам, ушунун баарын сизге берем»,— деди. Анан: «Жахаба Кудайыңыз сизге батасын берсин»,— деди.
24 Бирок падыша Араунакка: «Жок, мен сатып алам. Бекер алган нерселерди Жахаба Кудайыма бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалбайм»,— деди. Ошентип, Дөөтү кырман менен букаларды 570 грамм* күмүшкө сатып алды.+
25 Анан ал жерге Жахабага арнап курмандык жайын куруп,+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды. Жахаба анын өтүнүчүн угуп,+ Ысрайылдагы кыргын токтоду.
Шилтемелер
^ Же: «сайдын».
^ Же: «оң жагындагы».
^ Же: «өкүнүп».
^ Сөзмө-сөз: «койлордо».
^ Сөзмө-сөз: «50 шекел». Б14 тиркемесин кара.