Шемуелдин 2-китеби 3:1—39
3 Шабулдун урпактарын колдогондор менен Дөөтүнү колдогондордун ортосундагы согуш көпкө созулду. Дөөтү барган сайын күчтөнө берди,+ Шабулдун урпактарын колдогондор болсо барган сайын алсырай берди.+
2 Ал ортодо Дөөтү Хеброндо жашап, бир нече уулдуу болду.+ Тун уулу Амнонду+ изреилдик Акиноам,+
3 экинчи уулу Килапты* мурун кармелдик Набалдын аялы болгон Абигейил,+ үчүнчү уулу Абышаломду+ Гешур падышасы Талмайдын+ кызы Мааха,
4 төртүнчү уулу Адонияны+ Кагыт, бешинчи уулу Шепатияны Абытал,
5 алтынчы уулу Итрамды Эгла төрөп берди. Дөөтүнүн бул уулдары Хеброндо төрөлдү.
6 Шабулдун урпактарын колдогондор менен Дөөтүнү колдогондор касташып жүргөн убакта Абинер+ Шабулдун үй-бүлөсүндө барган сайын таасирдүү боло берди.
7 Шабулдун Риспа+ деген токолу бар болчу. Ал Аянын кызы эле. Бир күнү Ишпошет+ Абинерге: «Эмнеге атамдын токолунун койнуна кирдиңиз?»+ — деди.
8 Абинер буга аябай ачууланып, Ишпошетке: «Мен, эмне, Жүйүт жеринде тентип жүргөн ит белем? Мен ушул күнгө чейин атаң Шабулдун үй-бүлөсүнө, бир туугандары менен досторуна берилгендигимди сактап келатам*, сени да Дөөтүнүн колуна салып берген жокмун. Сен болсо мени бир аял үчүн күнөөлөп жатасың.
9 Эми карап тур, Жахабанын Дөөтүгө ант берип+ айткандарын аткарбасам, Кудай мени катуу жазаласын.
10 Кудай Шабулдун үй-бүлөсүнөн падышалык бийликти тартып алып, Дөөтүнү бүт Ысрайыл менен Жүйүт жерине, Дандан Беир-Шебага+ чейинки жерлерге, падыша кылып, бийлигин бекемдейм деп ант берген»,— деди.
11 Ишпошет андан корккондуктан эч нерсе дей алган жок.+
12 Абинер ошол замат Дөөтүгө кишилерин жөнөтүп: «Бул жер кимдин ээлигинде экенин билесиң да. Мени менен келишим түз. Ошондо бүт Ысрайылды сага каратып бериш үчүн колумдан келгендин баарын кылам»,— деп айттырып жиберди.+
13 Дөөтү ага: «Макул, сиз менен келишим түзөйүн, бирок бир шартым бар: эгер мени менен көрүшөм десеңиз, анда келатканда Шабулдун кызы Михалды+ ала келиңиз. Болбосо, келбей эле коюңуз»,— деп жооп берди.
14 Андан кийин Дөөтү Шабулдун уулу Ишпошетке+ кишилерин жөнөтүп: «Аялым Михалды кайра өзүмө бер. Аны алыш үчүн 100 пелиштиликтин сүннөтүн кесип келгем»,— деп айттырып жиберди.+
15 Ишпошет Лаиштин уулу Палтиелге*+ киши жиберип, анын аялы Михалды алдырды.
16 Күйөөсү аялынын артынан ээрчип, Бакуримге+ жетер-жеткиче ыйлап барды. Анан Абинер ага: «Бар, үйүңө кет!» — деди. Ошондо ал үйүнө кайтты.
17 Ал ортодо Абинер Ысрайыл аксакалдарына киши жиберип: «Силер мурун эле Дөөтүнү өзүңөргө падыша кылгыңар келчү эмес беле.
18 Мына эми аны падыша кыла турган убакыт келип жетти, анткени Жахаба өзү Дөөтүгө: „Кулум Дөөтү+ аркылуу ысрайыл элимди пелиштиликтер менен башка бүт душмандарынан куткарам“,— деп айткан»,— деди.
19 Андан кийин Бенжемин уруусундагылар+ менен сүйлөштү да, алардын жана Ысрайылдын кандай чечимге келгенин Дөөтүгө өзүнчө жолугуп, айтып бериш үчүн Хебронго жөнөдү.
20 Абинер 20 кишиси менен Хебронго келгенде, Дөөтү той өткөрүп, аларды коноктоду.
21 Анан Абинер Дөөтүгө: «Барып, Ысрайылдын бүт элин улуу урматтуу падышама чогултуп келгенге уруксат эт. Алар сени менен келишим түзүшсүн. Ошондо сен, өзүң каалагандай, бүт ысрайыл элине падыша болосуң»,— деди. Ошентип, Дөөтү аны менен коштошуп, жөнөтүп жиберди.
22 Ошол убакта Дөөтүнүн кишилери менен Жоап жортуулдан көп олжо менен кайтып келатышкан эле. Абинер ал убакта Хеброндон кетип калган болчу, Дөөтү аны жөнөтүп жиберген эле.
23 Жоап+ аскерлери менен келгенде, ага: «Падышага Неирдин+ уулу Абинер+ келип кетти. Падыша аны коё берип койду»,— деп айтышты.
24 Жоап падышага кирип: «Бул эмне кылганың?! Сага Абинер келген турбайбы. Аны эмнеге коё берип койдуң?
25 Неирдин уулу Абинерди өзүң жакшы билесиң, ал жөн келди дейсиңби! Сени алдап, ар бир кадамыңды байкаш үчүн, эмне кылып жатканыңды билиш үчүн келди да»,— деди.
26 Дөөтүгө кирип чыккандан кийин Жоап Абинердин артынан кишилерин жөнөттү. Алар аны Сира деген суу сакталчу чуңкурдун жанынан кайтарып келишти. Дөөтү бул жөнүндө билген жок.
27 Абинер Хебронго кайтып келгенде,+ Жоап аны менен өзүнчө сүйлөшөм демиш болуп, аны ары жакка, шаардын дарбазасы тарапка ээрчитип барды. Анан бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн+ Абинерди ичке сайып өлтүрүп салды.+
28 Дөөтү муну укканда: «Неирдин уулу Абинердин өлүмүнө Жахабанын алдында мен да, менин элим да күнөөлүү эмес.+
29 Анын каны Жоаптын мойнунда болсун,+ анын атасынын бүт тукумунун мойнунда болсун. Жоаптын тукуму жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат аккан эркектерден,+ пес оорулуулардан,+ ийик ийриген эркектерден*, кылычтан өлгөндөрдөн же нанга зар болгондордон+ арылбасын!» — деди.
30 Ошентип, Жоап менен анын бир тууганы Абышай+ Абинерди+ Гибондогу согушта алардын бир тууганы Асаелди өлтүргөнү үчүн өлтүрүп салышты.+
31 Дөөтү падыша Жоап менен анын кишилеринин баарына: «Кийимиңерди айрып, таар* жамынып, Абинерди жоктоп ыйлагыла»,— деди. Ал өзү да Абинердин сөөгү салынган табыттын артында баратты.
32 Абинердин сөөгүн Хебронго коюшту. Падыша анын мүрзөсүнүн жанында катуу ыйлады, ага кошулуп элдин баары ыйлады.
33 Анан Дөөтү падыша Абинерди жоктоп:
«Абинер ушинтип акылсыз кишилер өлгөндөй өлөт беле?
34 Колдоруң байланган жок,Буттарың кишенделген жок.
Сен кылмышкерлердин колунан өлгөндөй өлдүң»,+— деп кошок кошту.
Ошондо баары аны жоктоп дагы ыйлады.
35 Ошол күнү Дөөтүнүн кишилери аны сооротуш үчүн келип, жегенге тамак беришти, бирок ал: «Күн батканга чейин оозума наар албайм.+ Эгер наар алсам, Кудай мени катуу жазаласын!» — деп ант берди.
36 Муну баары көрдү. Алар анын ошенткенин туура көрүштү. Дегеле падыша эмне иш кылбасын, эл аны туура көрчү.
37 Ошол күнү Дөөтүнүн кишилери менен бүт Ысрайыл Неирдин уулу Абинердин өлүмүнө падышанын эч катыштыгы жок экенин түшүнүштү.+
38 Падыша кызматчыларына: «Бүгүн Ысрайыл кимден айрылганын билесиңерби? Төрөсүнөн, улуу адамынан айрылды.+
39 Падыша болуп дайындалсам да,+ мен азырынча алсызмын. Зеруянын уулдары+ болсо абдан ырайымсыз кишилер.+ Жамандык кылгандарга жамандыгына жараша Жахаба өзү тиешесин берсин»,— деди.+
Шилтемелер
^ Жылнаама 1-китеп 3:1де «Даниел».
^ Шемуелдин 1-китеби 25:44тө «Палти».
^ Сыягы, аялдын жумушун кылганга аргасыз болуп калган майып эркектерди билдирет.
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда жана башка ушул сыяктуу учурларда кийишчү же колдонушчу.