Шемуелдин 2-китеби 8:1—18

  • Дөөтүнүн жеңиштери (1—14)

  • Дөөтүнүн жакын кишилери (15—18)

8  Бир нече убактан кийин Дөөтү пелиштиликтерди+ талкалап, аларды багындырып,+ Метек-Хаманы тартып алды. 2  Ал мааптыктарды да жеңди.+ Анан аларды жерге жаткырып, жип менен ченеди да, топторго бөлдү. Эки тобун өлтүрүп, бир тобун тирүү калтырды.+ Мааптыктар ошондон тартып Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты.+ 3  Соба+ падышасы Рекоптун уулу Ададезер Эфрат дарыясынын+ аймагына бийлигин кайрадан орнотуш үчүн барганда, Дөөтү ага катуу сокку урду. 4  Ал анын 1 700 атчан аскерин, 20 000 жөө аскерин колго түшүрүп, арабага чегилген аттарынын бут тарамыштарын кесип салды, 100 атына гана тийген жок.+ 5  Соба падышасы Ададезерге жардам бериш үчүн Дамасктан+ сириялыктар келишти. Дөөтү алардын 22 000 кишисин өлтүрүп,+ 6  Сириядагы Дамаскка күзөтчүлөрдүн бир нече тобун койду. Сириялыктар Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны жеңишке жеткирип жатты*.+ 7  Дөөтү Ададезердин кишилеринин алтындан жасалган тегерек калкандарын тартып алып, Иерусалимге алып барды.+ 8  Андан сырткары, Ададезерге таандык Бета жана Берота шаарларынан аябай көп жез алып кетти. 9  Хамат+ падышасы Той Дөөтүнүн Ададезердин аскерлерин талкалаганын угуп,+ 10  анын ал-жайын сураганы жана Ададезерге катуу сокку уруп, жеңишке жеткени үчүн куттуктаганы өзүнүн уулу Жорамды жиберди. (Анткени Ададезер Той менен көп согушчу.) Жорам ага күмүштөн, алтындан, жезден жасалган буюмдарды алып барды. 11  Дөөтү аларды Жахабага арнады*. Ал мурун өзү багындырып алган башка элдерден олжолоп келген алтын-күмүштү:+ 12  сириялыктардан, мааптыктардан,+ Амондун тукумдарынан, пелиштиликтерден,+ Амалыктын тукумдарынан+ тартып алган алтын-күмүштү, Соба падышасы Рекоптун уулу Ададезерден+ олжолоп алган буюмдарды да Кудайга арнаган болчу. 13  Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 18 000 кишисин өлтүрүп, жеңишке ээ болгондон кийин Дөөтүнүн атагы чыкты.+ 14  Ал Эдомго, бүт Эдом боюнча күзөтчүлөрдүн тобун койду. Эдомдуктардын баары Дөөтүгө кул болуп калышты.+ Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны жеңишке жеткирип жатты*.+ 15  Дөөтү бүт Ысрайылга падышалык кылып,+ элин адилеттик,+ калыстык менен башкарып жатты.+ 16  Зеруянын уулу Жоап+ аскер башчы, Акилуттун уулу Жошапат+ жылнаамачы, 17  Акитуптун уулу Садок+ менен Абыятардын уулу Акимелек дин кызматчы, Серая катчы болуп кызмат кылды. 18  Жояттын уулу Беная+ керейтиликтер менен пелеликтерге+ башчылык кылды, ал эми Дөөтүнүн уулдары башчы* болду.

Шилтемелер

Же: «куткарып жатты».
Сөзмө-сөз: «Жахаба үчүн ыйыктады».
Же: «куткарып жатты».
Сөзмө-сөз: «дин кызматчы».