Ышая 1:1—31

  • Атасына каршы чыккан козголоңчул уулдар (1—9)

  • Жахаба ага расмий түрдө эле сыйынып койгондорду жек көрөт (10—17)

  • «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу» (18—20)

  • Сион кайрадан Кудайга берилген шаар болот (21—31)

1  Амостун уулу Ышаянын*+ Жүйүт падышалары Узия,+ Жотам,+ Ахаз+ жана Хискиянын+ күндөрүндө Жүйүт менен Иерусалим тууралуу алган аяны.+  2  Оо, асман, ук! Оо, жер, көңүл бур!+ Анткени Жахаба*: «Мен уулдарды тарбиялап өстүрдүм,+Алар болсо мага каршы чыгышты.+  3  Бука да ээсин билет,Эшек да кожоюну жем-чөп салган акырын билет;Ысрайыл эли болсо мени* билбейт,+Элим түшүнүп иш кылбайт»,— дейт.  4  Күнөөкөр элдин,+Кылмышы оор калктын,Кыянатчылдардын тукумунун,Бузулган балдардын башына каран түн түшөт! Алар Жахабаны таштап кетишти;+Ысрайылдын Ыйыгын урматташкан жок;Андан тескери бурулуп кетишти.  5  Кайра-кайра козголоң чыгаргандар, дагы кайсы жериңерге урайын?+ Бети-башыңардын тамтыгы жок,Жүрөгүңөрдү дарт жеп жатат.+  6  Бутуңардан башыңарга чейин соо жериңер жок. Жарааттарыңар, көк-ала болгон жерлериңер,Жаңы чыккан жараларыңар тазаланган эмес, таңылган эмес,Май сыйпалып, жумшартылган да эмес.+  7  Жериңер ээн калды,Шаарларыңар өрттөлдү. Жериңердин түшүмүн бөтөн жерликтер көзүңөрчө жеп жатат;+Баары душман кыргын салып кеткендегидей аңгырап бош калды.+  8  Сион кызы* жүзүмзардагы алачыктай,Бадыраң өскөн талаадагы кепедей,Курчоого алынган шаардай ташталды.+  9  Эгер асман аскерлеринин Кудайы Жахаба анча-мынчабызды аман калтырбаса,Содомдой болуп калмакпыз,Аморго окшоп калмакпыз.+ 10  Содомдун зулум башкаруучулары, Жахабанын сөзүн уккула.+ Амордун эли, Кудайыбыздын мыйзамына* көңүл бургула.+ 11  Жахаба мындай дейт: «Көп сандаган курмандыктарыңардан мага эмне пайда?+ Бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалган кочкорлоруңарга,+ бордолгон малдын майына тойдум,+Букачарлардын да,+ козулардын да, текелердин да+ канын+ каалабайм. 12  Силерден алдыма келип,+Короолорумду тебелешиңерди ким талап кылды?+ 13  Дан азыктарынан эч нерсеге жарабаган тартуу алып келгениңерди токтоткула. Түтөткөн жыпарзатыңар да мен үчүн жийиркеничтүү.+ Силер айдын жаңырганын,+ дем алыш күндү*+ белгилейсиңер, элди жыйынга чогултасыңар,+Салтанаттуу жыйын өткөрөсүңөр, ошол эле учурда сыйкырдуу күчтү+ колдоносуңар; мен буга чыдап тура албайм. 14  Айдын жаңырганын белгилегениңерди, майрамдарыңарды жек көрөм. Алар мен үчүн жүк болуп калды;Аларды көтөрүп жүрүп чарчадым. 15  Менден тилениш үчүн алакан жайганыңарда,Силерден жүзүмдү бурам.+ Көп тиленсеңер да,+ укпайм;+Себеби колуңар канга толгон.+ 16  Жуунгула, тазалангыла,+Ыймансыз иштериңерди көз алдыман жок кылгыла,Жаман иш кылганыңарды токтоткула.+ 17  Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, адилеттүү иш кылгыла,+Эзүүчүнү оңдоп-түзөгүлө,Жетимдин укуктарын коргогула,Жесирге болушкула*».+ 18  Жахаба мындай дейт: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу.+ Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо,Кардай агартылат;+Кочкул кызыл кездемедей болсо,Жүндөй агарат. 19  Эгер жан-дилиңер менен тил алсаңар,Жердин эң жакшы түшүмүнөн жейсиңер.+ 20  Эгер тил албай, козголоңчул болсоңор,Кылычтан кырыласыңар,+Анткени муну мен, Жахаба, айттым». 21  Бир кезде Кудайга берилген шаар+ сойкуга айланды!+ Мурун анда акыйкаттык өкүм сүрчү;+Анда адилеттик жашачу,+Азыр болсо киши өлтүргүчтөр жашап калды.+ 22  Оо, шаар, сенин күмүшүң ширендиге* айланды,+Сыраңа* суу кошулду. 23  Төрөлөрүң кежир, ууруларга шерик.+ Алардын баары параны жакшы көрөт, белек алганга жутунат.+ Жетимге адилеттик кылышпайт,Жесирдин ишин такыр карашпайт.+ 24  Ошондуктан чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Ысрайылдын Кудуреттүү Кудайы мындай дейт: «Жетишет! Эми мен душмандарыман арылам,Алардан өч алам.+ 25  Сени жазалайм,Шакар менен тазалагандай, эритип ширендиңди бөлүп алам,Сени бүт керексиз заттардан арылтам.+ 26  Сага мурдагыдай кылып сотторду,Баштагыдай кылып кеңешчилерди коём.+ Ошондон кийин сени Адилдик шаары, Кудайга ишенимдүү калаа деп аташат.+ 27  Сион адилеттик менен,Анын кайтып келген эли адилдик менен куткарылат*.+ 28  Ал эми козголоңчулар менен күнөөкөрлөр чогуу кырылат,+Жахабаны таштап кеткендер өлүп жок болот.+ 29  Силер өзүңөр эңсеген бакыйган дарактардын түбүндө буркандарга сыйынганыңар үчүн уят болосуңар,+Өзүңөр тандап алган бакчаларыңар* үчүн маскара болосуңар.+ 30  Анткени жалбырактары соолуп бараткан чоң дарактай,+Суусу жок бакчадай болуп каласыңар. 31  Күчтүү киши зыгырдын бир талындай*,Анын эмгегинин жемиши болсо учкундай болот. Экөө бирдей дүрт деп тутанат,Өчүргөн эч ким болбойт».

Шилтемелер

Мааниси: «Жахабанын куткаруусу».
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «кожоюнун».
Бул поэтикалык сөз айкашы Сион тоосунда жайгашкан Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдириши мүмкүн.
Же: «осуятына».
Же: «сот ишинде болушкула».
Бул жердеги еврей сөзү күмүштү же алтынды эриткенде чыккан калдыкты билдирет.
Же: «Буудай сыраңа».
Же: «кун төлөп сатылып алынат».
Сыягы, буркандарга сыйынуу менен байланышы бар бакчалар жөнүндө сөз жүрүп жатат.
Зыгырдын тез күйгөн буласындай.