Ышая 10:1—34

  • Кудай Ысрайылга өкүм чыгарат (1—4)

  • «Ашур — каарымды төгүш үчүн колдоно турган таяк» (5—11)

  • Ашурдун жазаланышы (12—19)

  • Жакыптын аман калган урпактары кайтып келет (20—27)

  • Кудай Ашурду соттойт (28—34)

10  Элге зыян келтирген мыйзамдарды чыгаргандардын,+Дайыма каргашалуу өкүмдөрдү жазгандардын башына каран түн түшөт!  2  Алар жакырларга акыйкаттык кылбай,Элимдин арасындагы бей-бечараларга адилеттик кылбай,+Жесирлерди олжо кылышат,Жетимдерди талап-тоношот!+  3  Жоопко тартыла турган* күнү,+Алыстан алаамат келгенде кантесиңер?+ Жардам сурап, кимге чуркап барасыңар?+ Байлыгыңарды* кайда калтырасыңар?  4  Силер туткундардын арасында чөк түшөсүңөр,Же өлтүрүлгөндөрдүн арасына сулайсыңар, андан башка айлаңар калбайт. Ошол себептен* Кудайдын каары кайт болгон жок,Колу сокку уруш үчүн дагы деле көтөрүлүп турат.+  5  Ал мындай дейт: «Мына, Ашур*+ — каарымды төгүш үчүн колдоно турган таяк,+Анын колундагы союл — жазалаш үчүн колдонгон куралым!  6  Аны менден баш тарткан,+Мени каарданткан элге жиберем;Ага болушунча талап-тоноону, олжого тунууну,Элдин өзүн көчөдөгү баткактай тебелеп-тепсөөнү буйрук кылам.+  7  Бирок ал муну каалабайт,Жүрөгүндө башканы көздөйт;Ал кырып жок кылууну,Аз эмес, көптөгөн элдерди кыйратууну көксөйт.  8  Анткени ал мындай дейт: „Менин төрөлөрүмдүн баары падышалар эмеспи?+  9  Кално+ шаары Каркемиштей,+Хамат+ жери Арпаттай,+Самария+ шаары Дамасктай+ эле эмеспи? 10  Мен пайда-батасы жок кудайларга сыйынгандардын падышалыктарын басып алгам,Алардын оюп жасаган буркандары Иерусалим менен Самарияныкынан көп болчу!+ 11  Анда Самария менен анын пайдасы жок кудайларына кылганымдыИерусалим менен анын буркандарына кылбайт бекем?“+ 12  Мен, Жахаба, Сион тоосу менен Иерусалимдеги бүт иштеримди бүтүргөндөн кийин Ашур падышасын менменсингени, өзүнө корстон болгону, текеберденгени үчүн жазалайм.+ 13  Анткени ал: „Мен муну өз күчүм* менен кылам,Акылмандыгым менен ишке ашырам, себеби мен акылдуумун. Элдердин чек араларын жок кылам,+Байлыгын талап-тонойм,+Күчтүү кишидей болуп тургундарын багынтам.+ 14  Киши уяга жеткендей,Колум элдердин байлыгына жетип, ээлеп алам. Уяда калган жумурткаларды алып алгандай,Алардын жеринде болгондун баарын тартып алам! Эч кимиси канатын какпайт, ооз ачпайт, чыйпылдабайт“,— деди». 15  Балта аны менен отун жарып жатканга кыйынсынабы? Араа аны менен араалап жатканга өйдөсүнөбү? Союл+ аны көтөрүп турганды ордунан козгой алабы? Же таяк өзүн кармап турганды өйдө көтөрө алабы? 16  Ошондуктан чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Анын* күчтүүлөрүн алдан тайдырат,+Даңкынын алдына алоолонто от жагат.+ 17  Ысрайылдын Жарыгы*+ от болот,+Ысрайылдын Ыйыгы жалын болот;Ал жалындап, анын отоо чөбү менен тикенектүү бадалдарын бир күндүн ичинде жалмап салат. 18  Токою менен багын бүт даңкынан ажыратат;Ошондо ал алдан тайып бараткан оорулуу адамдай болот.+ 19  Токоюнда аз эле дарак калат,Аларды кичинекей бала да санап чыга алат. 20  Ошол күнү Ысрайылдын калдыгы,Жакыптын урпактарынын аман калгандарыӨздөрүнө сокку урганга таянбай калышат;+Алар Жахабага, Ысрайылдын Ыйыгына, таянып,Ага берилгендигин сакташат. 21  Кудуреттүү Кудайга аман калгандар гана,Жакыптын урпактарынын калдыгы гана кайтып келет.+ 22  Оо, Ысрайыл,Элиң деңиз кумундай көп болсо да,Калдыгы гана кайтып келет.+ Элдин кыргынга кабылары чечилди,+Адилеттүү жаза аларды суудай каптайт.+ 23  Ооба, Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Кыргын болорун чечти,Ал кыргын ушул жердин баарында болот.+ 24  Ошондуктан Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, мындай дейт: «Сиондо жашаган элим, сени таяк+ менен сабаган, Мисирдей болуп сага союлун көтөргөн Ашурдан коркпо.+ 25  Анткени бир аздан кийин каарым кайт болот; мен каарымды Ашурдун өзүнө төгүп, аны жок кылам.+ 26  Мен, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Ореп+ аскасынын жанынан Мидианды кыйраткандай, ага камчы менен сокку урам.+ Мен* союлумду Мисирди жеңген убактагыдай деңиздин үстүнө көтөрөм.+ 27  Ошол күнү Ашур падышасынын жүгү ийниңен* түшүрүлөт,+Моюнтуругу мойнуңан алынат.+ Ал моюнтурук майдан* улам талкаланат».+ 28  Ал Аятка+ келди,Мигронду аралап өттү,Жүктөрүн Михмашка+ калтырды. 29  Сууну кечип өттү,Гебага+ түнөдү. Рама титиреди, Шабулдун шаары болгон Гибанын+ тургундары качты.+ 30  Оо, Галим кызы, үнүңдүн болушунча кыйкыр! Оо, Лаиш, көңүл бур! Оо, байкуш Анатот,+ боздоп ыйла! 31  Мадменанын тургундары качып жөнөдү. Гебимдин эли баш калкалай турган жер издеп чыкты. 32  Ал ошол күнү Нопко+ токтойт. Сион шаарынын тоосуна,Иерусалим турган адырга муштумун көрсөтүп жатат. 33  Мына, чыныгы Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Шактарды үрөй учура карсылдатып сындырып жатат.+ Узун дарактар кыйылып,Бийиктери жыгылып жатат. 34  Ал чытырман токойлорду темир шайман* менен кыйып жатат,Лебанон* күчтүүнүн колунан кулайт.

Шилтемелер

Же: «Жазалана турган».
Же: «Даңкыңарды».
Кудайдын эли анын сөзү менен мыйзамын четке какканы үчүн.
Же: «ашурлук».
Сөзмө-сөз: «колумдун күчү».
5, 24-аяттарда айтылган «Ашурдун».
Б. а. Жахаба.
Сөзмө-сөз: «Ал».
Б. а. Кудайдын элинин ийнинен.
Сыягы, бир нерсе күйгүзгөндө колдонулган же падышаларды дайындаганда башына куюлган май.
Же: «балта».
Ливан.