Ышая 12:1—6

  • Ыраазычылык ыры (1—6)

    • «Жах Жахаба — күчүм, кубатым» (2)

12  Ошол күнү мындай дейсиң: «Оо, Жахаба, сага ыраазычылык билдирем,Анткени мага каардансаң да,Каарың акыры басылды, мени соороттуң.+  2  Мына, Кудай — менин куткаруучум.+ Мен ага таянам, эч нерседен коркпойм,+Анткени Жах* Жахаба — күчүм, кубатым. Ал куткаруучум болуп калды».+  3  Силер куткарылуу булактарынанШаттанып суу сузуп аласыңар.+  4  Ошол күнү мындай дейсиңер: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, аны атынан чакыргыла. Иштерин элдер арасында жар салгыла!+ Ысмы улуу экенин жарыялагыла.+  5  Жахабаны даңктап ырдагыла*,+ анткени анын жасаган иштери теңдешсиз.+ Бул бүт жер жүзүнө жарыялансын.  6  Оо, Сион эли, үнүңдү бийик чыгарып кубанып-шаттан,Анткени араңардагы Ысрайылдын Ыйыгы улуу».

Шилтемелер

«Жахаба» деген ысымдын кыскартылган түрү.
Же: «күү черткиле».