Ышая 23:1—18
-
«Тирге чыгарылган өкүм» (1—18)
23 Тирге чыгарылган өкүм бул:+
Таршыштын кемелери,+ боздогула!
Анткени кеме жай талкаланды; эми ага эч ким кире албайт.
Бул жөнүндө Киттим*+ жеринен кабар келди.
2 Деңиздин жээгинде жашаган эл, унчукпа.
Сидондун+ деңиз кезген соодагерлери сени байытышчу.
3 Алар Шихордун*+ эгинин,Нилдин түшүмүн — сенин кирешеңди — көп суулар аркылуу жеткиришчү.
Мунун пайдасы элдерге тийчү.+
4 Оо, Сидон, деңиздеги бекем шаар, уял.
Анткени деңиз:
«Мен толгоо тартып кыйналган жокмун, төрөгөн жокмун,Уул чоңойтуп, кыз өстүргөн жокмун»,+— деди.
5 Мисир жөнүндөгү кабар+ элди кандай кыйнаса,Тир жөнүндөгү кабар+ да ошондой эле кыйнайт.
6 Таршышка качкыла!
Деңиздин жээгинде жашагандар, боздогула!
7 Байыртан, тээ мурунтан бери шаттыкка бөлөнгөн шаарыңар ушулбу?
Анын тургундары алыс жактарга барып жайланышчу.
8 Тир башкаруучуларды дайындап келген,Соодагерлери төрө болгон,Сатуучулары жер жүзүнүн кадырлуу кишилери болгон.
Ошондой шаарга каршы андай чечимди ким чыгарды?+
9 Анын сулуулугунан улам текеберденгенин токтотуш үчүн,Жер жүзүндөгүлөр кадырлаган кишилердин баарын басынтыш үчүн,+Ал чечимди асман аскерлеринин Кудайы Жахаба чыгарды.
10 Таршыш кызы, өз өлкөңдү Нил дарыясындай арала.
Кеме куруучу жайлардын* бири да калган жок.+
11 Кудай деңизди көздөй колун сунду;Падышалыктарды солкулдатты.
Жахаба Финикиянын чептерин талкалоону буйрук кылды.+
12 Ал: «Сидондун кордук көргөн кызы,Сен эми эч качан шаттанбайсың.+
Тур, Киттимге+ кач.
Бирок ал жактан да тынчтык таппайсың»,— дейт.
13 Каздимдиктердин жерин карагылачы!+
Аны* Ашурдун+ эли эмес,Каздимдиктер чөл жаныбарлары жашаган жерге айлантты.
Алар шаарга чабуул коюш үчүн мунараларды тургузду;Анын чептүү мунараларын бузуп,+Урандыга айлантышты.
14 Таршыш кемелери, боздогула,Анткени чебиңер кыйрады.+
15 Ошол күндөн тартып Тир 70 жылга+ — бир падышанын өмүр жашына барабар убакытка — унутулат. Ал эми 70 жыл аяктаганда, Тир бул ырда ырдалган сойкудай болот:
16 «Унутта калган сойку,Колуңа арфа алып, шаарды кыдыр.
Арфаңды чеберчилик менен черт;Көп ыр ырда,Сени эстешсин».
17 Жетимиш жылдан кийин Жахаба Тирге көңүл бурат. Тир кайрадан акы алып, жер жүзүнүн бүт падышалыктары менен ойноштук кыла баштайт.
18 Бирок анын кирешеси менен алган акысы Жахабага арналат. Аларды топтошпойт да, сакташпайт, себеби Жахабанын эли тойгончо жеп, кийимдин мыктысын кийиши үчүн, анын акысы аларга тиет.+
Шилтемелер
^ Сыягы, Кипрди билдирет.
^ Нил дарыясынын бир салаасы.
^ Же балким: «Кеме токтоочу жайлардын».
^ Сыягы, Тирди билдирет.