Ышая 24:1—23

  • «Жахаба жерди ээн калтырат» (1—23)

    • «Жахаба Сион тоосунда, Иерусалимде падыша болду» (23)

24  Мына, Жахаба жерди* ээн калтырып, бүлгүнгө учуратат.+ Аны астын-үстүн кылып,+ калкын туш-тушка чачыратат.+  2  Баарынын көрөрү бир болот: Элге эмне болсо, дин кызматчыга да ошол болот,Кулга эмне болсо, кожоюнуна да ошол болот,Күңгө эмне болсо, мырзайымына да ошол болот,Сатып алган кишиге эмне болсо, сатканга да ошол болот,Карыз алганга эмне болсо, карыз бергенге да ошол болот,Үстөк алганга эмне болсо, үстөк бергенге да ошол болот.+  3  Бул жер бүт бойдон ээн калат,Толугу менен таланып-тонолот,+Анткени муну Жахаба айтты.  4  Бул жер аза күтүп жатат*,+ куурап барат. Түшүмдүү жер какшып, жок болуп барат. Атактуу кишилери алдан тайып, алсырап жатат.  5  Бул жерди тургундары арамдады,+Анткени алар мыйзамдарды тоготпой,+Осуяттарды өзгөртүп,+Түбөлүктүү* келишимди бузушту.+  6  Ошон үчүн жерди каргыш жутуп,+Анда жашагандар айыпка жыгылды. Ошон үчүн калкынын саны азайып,Аз эле кишиси калды.+  7  Жаңы шарап аза күтүп жатат*, жүзүм куурап калды,+Мурун жүрөгү кубанычка толгондордун баары үшкүрүнүп жатат.+  8  Даптын шаңдуу добушу басылды,Сайран кургандардын үнү өчтү,Арфанын шаңдуу добушу угулбай калды.+  9  Алар шарап ичкенде ырдабай калышты,Ичимдик аны ичкендерге ачуу даамданып калды. 10  Ээн калган шаар талкаланды;+Үйлөрдүн баары жабылып, эч ким кире албай калды. 11  Көчөлөрдө эл шарап таппай кыйкырып жүрөт. Бүт кубаныч жоголду;Жер шаттанбай калды.+ 12  Шаардын таш-талканы чыкты,Дарбазасы үйүлгөн урандыга айланды.+ 13  Зайтун дарагы күбүлгөндөн кийин,+Жүзүм терилгенден кийинАнча-мынча мөмөсү калгандай эле,+Бул жердеги элимдин да башка элдер арасында анча-мынчасы эле калат. 14  Алар үнүн бийик чыгарып,Кубанычтуу үн салышат. Батыш* тараптан Жахабанын улуулугун жар салышат.+ 15  Ошон үчүн чыгышта*+ Жахабаны даңкташат,Деңиз аралдарында Ысрайылдын Кудайы Жахабанын ысмын даңазалашат.+ 16  Бизге жердин учу-кыйырынан: «Адил Кудайга даңк!» — деп ырдагандар угулуп жатат.+ Бирок мен: «Алдан тайдым, алсырап калдым! Башыма каран түн түштү! Саткындар башкаларды сатып жатышат;Алар саткынчылыгын койбой, уятсыздык менен саткынчылык кылып жатышат»,— дедим.+ 17  Бул жердин тургуну, сени коркунуч, аң, тузак күтүп турат.+ 18  Коркунучтуу добуштан качкан адам аңга түшөт,Аңдан чыккан адам тузакка түшөт.+ Себеби асмандагы суулардын дарбазалары ачылат,Жердин пайдубалдары солкулдайт. 19  Бул жер жарылып,Солкулдап жатат,Бул жер катуу титиреп жатат.+ 20  Жер мас кишидей теңселип,Шамал ары-бери чайпаган кепедей чайпалып жатат. Оор салмагын салган кылмышынан улам ал кулайт,+Кулайт да, кайра турбайт. 21  Ошол күнү Жахаба асман аскерине,Жердеги падышаларга көңүл бурат. 22  Орго чогултулган туткундар сыяктуу,Алардын баары бир жерге чогултулат,Зынданга камалат;Анан ал көп күн өткөндөн кийин аларга көңүл бурат. 23  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Сион тоосунда,+ Иерусалимде падыша болду,+Ал элинин аксакалдарынын көз алдында даңктуу падыша болот.+ Анын башкаруусунун даңкына салыштырганда, толгон айдын да,Нурун чачкан күндүн да жарыгы жарык болбой калат.+

Шилтемелер

Сыягы, Жүйүт жери менен Иерусалимди билдирет.
Же балким: «соолуп барат».
Же: «Байыркы».
Же балким: «соолуп барат».
Же: «Деңиз».
Же: «жарык жакта».