Ышая 27:1—13

  • Жахаба лебиатанды өлтүрөт (1)

  • Жүзүмзар (Иерусалим) жөнүндөгү ыр (2—13)

27  Жахаба жазалаш үчүн келген күнү жалаңдаган кылычы,+Чоң курч кылычы менен лебиатанды*, тез сойлогон жыланды, жазалайт,Лебиатанды, соймоңдогон жыланды, жазалайт,Деңиздеги алп жаныбарды өлтүрөт.  2  Ошол күнү ага* минтип ырдагыла: «Көбүктөнгөн шарап берген жүзүмзар!+  3  Мен, Жахаба, аны кайтарып,+Ар дайым сугарам.+ Эч ким бүлдүрүп кетпеши үчүн,Күндүр-түндүр көз салып турам.+  4  Ага ачууланбайм.+ Согуш маалында кимдир бирөө жолумду тикенектүү бадал, отоо чөп менен тоссо,Анысын тебелеп кетем, бүт бойдон өрттөп жиберем.  5  Ошон үчүн ал менин чебиме корголосун,Мени менен тынчтык келишимин түзсүн;Мени менен тынчтык келишимин түзсүн».  6  Келечекте Жакыптын урпактары тамырлайт,Ысрайыл эли гүлдөп, бутактанат,+Жүзүмдөй болуп жер бетин жемишке толтурат.+  7  Катуу сокку урулуп, ал да жазаланышы керекпи? Ал да өлтүрүлгөн кишилериндей өлтүрүлүшү керекпи?  8  Сен жүрөк түшүрө кыйкырып, аны менен күрөшүп, кууп жибересиң. Чыгыш шамалы соккон күнү аны каарыңдын илеби менен айдап чыгасың.+  9  Жакыптын урпактарынын кылмышы мындайча кечирилет,+Алардын күнөөсү кечирилгенде натыйжасы мындай болот: Курмандык жайынын бардык ташы үбөлөнгөн акиташтай болот,Ыйык мамылар* менен жыпарзат түтөткүчтөр жок кылынат.+ 10  Чептүү шаар элсиз калат;Жайыттар ташталып, чөлгө окшоп ээн калат.+ Ошол жакта музоо жайылып, ошол жакта жатат,Ал жактагы бутактарды жеп салат.+ 11  Бутактар куурап калганда,Аялдар келип, сындырып кетишет да,Аларды отун кылышат. Анткени бул элдин түшүнүгү жок.+ Ошон үчүн Жаратканы аларга кайрымдуулук кылбайт,Аларды калыптаган Кудай ырайым кылбайт.+ 12  Ошол күнү Жахаба Эфрат* дарыясынан Мисир жактагы өрөөнгө*+ чейин мөмө күбүйт. Ошондо силер, ысрайыл эли, бириңердин артыңардан бириңер чогултуласыңар.+ 13  Ошол күнү чоң мүйүз сурнай тартылат да,+ Ашур жеринде кырылып кала жаздагандар+ менен Мисир жерине тарап кеткендер+ келип, Иерусалимдеги ыйык тоодо Жахабага таазим кылышат.+

Шилтемелер

Сыягы, жүзүмзарга салыштырылган ысрайыл элин билдирет.
Евфрат.
Же: «сайга».