Ышая 31:1—9
31 Мисирге жардам издеп бараткандардын,+Аттарга таянгандардын,+Көп сандаган согуш арабаларына,Согушка минген күчтүү аттарга* ишенип,Ысрайылдын Ыйыгына ишеним артпагандардын,Жахабаны издебегендердин башына каран түн түшөт.
2 Себеби Кудай да акылман, ал алаамат каптатат,Айткан сөзүн сөзсүз аткарат.
Кыянатчылдардын үйүнө,Жаман иш кылгандарга жардам бергендерге каршы чыгат.+
3 Мисирликтер Кудай эмес, тек гана пенделер;Аттары рухтар эмес, тек гана жаныбарлар.+
Жахаба жазалаш үчүн колун сунганда,Жардам берген эл чалынат,Жардам алган эл жыгылат;Баары бирдей жок болот.
4 Анткени Жахаба мага мындай деди:
«Олжосунун үстүндө арылдаган арстан, күчтүү жаш арстан*,Аны кууш үчүн койчулардын баары жардамга чакырылса да,Алардын кыйкырыгынан коркпойт, ызы-чуусун тоготпойт.
Ошо сыяктуу эле, асман аскерлеринин Кудайы ЖахабаСион тоосу үчүн, анын адыры үчүн согушканы асмандан түшүп келет.
5 Балапандарын коргош үчүн шукшурулган куштай болуп,Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба Иерусалимди коргойт.+
Аны коргойт, сактайт.
Аяйт, куткарат».
6 «Оо, ысрайыл эли, кимге каршы болуп, катуу козголоң чыгарсаңар, ошого кайрылып келгиле.+
7 Ошол күнү ар бир адам күмүштөн жасалган эч нерсеге жарабаган кудайларынан, алтындан жасалган пайда-батасы жок кудайларынан баш тартат. Силер аларды өз колуңар менен жасап, күнөөгө баткансыңар.
8 Ашурлуктар кылычтан кырылат, бирок адамдын кылычынан эмес;Кылычтан сулайт, бирок пенденин кылычынан эмес.+
Алар кылычтан качат,Улан-жигиттери кулга айланат.
9 Алардын таянган аскасын коркунуч басат, ал жок болот,Орнотулган белгини көрүп төрөлөрүнүн үрөйү учат»,— дейт Жахаба,Жарыгы* Сиондо жаркырап, меши Иерусалимде күйүп турган Кудай.