Ышая 32:1—20

  • Падыша менен төрөлөр адилдик менен башкарышат (1—8)

  • Өзүнө корстон болгон аялдарга эскертүү (9—14)

  • Ыйык рух төгүлгөндөгү баталар (15—20)

32  Мына, падыша+ адилдик менен бийлик жүргүзөт,+Төрөлөр адилеттик менен башкарышат.  2  Алардын ар бири шамалдан коргой турган калканычтай,Нөшөрдөн калкалай турган жайдай,Какшыган жердеги суу агымындай,+Кагыраган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй болот.  3  Ошол кезде көзү көргөндөрдүн көзү тунарбайт,Кулагы уккандар кунт коюп угушат.  4  Шашмалар үйрөнүп-билгендери жөнүндө ой жүгүртөт,Кекечтер шар, так сүйлөп калат.+  5  Акылсызды берешен,Уяты жокту тектүү дебей калышат.  6  Себеби акылсыз болбогон нерселерди сүйлөйт,Жүрөгүндө кыянаттык ойлоп,+Башкаларды Кудайдын жолунан четтегенге*, Жахабага калп айтканга түртөт,Ачканы тамак-ашсыз,Суусаганды суусу жок калтырууну көздөйт.  7  Уяты жок адам арамдык ойлоп жүрөт;+Атүгүл жакырдын айткандары туура болсо да,Жалган айтып, бей-бечараларды жок кылыш үчүн+Башкаларды уятсыздыкка түртөт.  8  Ал эми берешен адам берешендик кылгысы келет,Берешендигинен* жазбайт.  9  «Өзүнө корстон болгон аялдар, тургула, сөзүмө кулак салгыла! Бейкам жүргөн кыздар,+ айткандарыма көңүл бургула! 10  Бейкам жүргөндөр,Бир жылдан бир аз өткөндөн кийин эле дүрбөлөңгө түшөсүңөр,Анткени жүзүм жыйнай турган убак бүтсө да, жыйналган түшүм болбойт.+ 11  Өзүнө корстон болгон аялдар, титирегиле! Бейкам жүргөндөр, калтырап-титирегиле! Кийимиңерди чечип, жылаңачтангыла,Таар курчангыла.+ 12  Түшүмдүү талаалар үчүн, мөмөлүү жүзүм үчүнКөкүрөгүңөрдү ургулап боздогула. 13  Себеби элимдин жерин тикенек менен тикенектүү бадал басат;Шаттыкка толгон үйлөрдүн баарын,Шаңдуу шаарды каптап кетет.+ 14  Чептүү мунара каралбай калды,Бака-шака түшкөн шаар ээн калды.+ Опел+ менен күзөт мунарасы түбөлүккө ээн талаага,Жапайы эшектер оюн салган жерге,Мал жайылган жайытка айланды.+ 15  Кудай бизге ыйык рухун төккөнгө чейин,+Чөл бакчага айланганга чейин,Бакча токойдой көрүнгөнгө чейин ошондой болот.+ 16  Ошондо ээн талаада адилеттик өкүм сүрөт,Бакчада адилдик жашайт.+ 17  Чыныгы адилдиктин натыйжасы бейпилдик болот,+Чыныгы адилдиктин жемиши түбөлүктүү тынчтык менен коопсуздук болот.+ 18  Менин элим бейпил жерде,Коопсуз турак жайларда, тынчтык өкүм сүргөн жерлерде жашайт.+ 19  Бирок мөндүр жаап, токой кыйрайт,Шаар жер менен жексен болот. 20  Суусу бар жерлердин баарына үрөн сепкендер,Букасы менен эшегин талаага коё бергендер, силер бактылуусуңар».+

Шилтемелер

Же: «сыйлабастыкка жаткан иштерди кылганга».
Же: «Айкөлдүгүнөн».