Ышая 35:1—10
35 Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат,+Чөлдүү түздүк сүйүнүп, гүлгө* оронот.+
2 Ал жер жайнаган гүлгө толот,+Кубанычка бөлөнүп, шаттана үн салат.
Ага Лебанондун даңкы,+Кармел+ менен Шарондун+ көркү берилет.
Эл Жахабанын даңкын,Кудайыбыздын көркүн көрөт.
3 Алсыраган колдорду,Титиреген тизелерди чыңдагыла.+
4 Жүрөгү санаага толгондорго:
«Бекем болгула, коркпогула.
Мына, Кудайыңар өч алыш үчүн келет,Кудай жазалаш үчүн келет.+
Ал келип, силерди куткарат»,— дегиле.+
5 Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат,+Дүлөйлөрдүн кулагы угат.+
6 Аксак бугудай секирет,+Дудук кубанычтуу үн салат.+
Чөлдө суу оргуштайт,Чөлдүү түздүктө суулар агат.
7 Куйкаланган жер камыштуу көлмөгө,Какшыган жер суу булактарына айланат.+
Мурун чөөлөр байырлаган жерде+Көк чөп, камыш, папирус өсөт.
8 Ал жерде чоң жол болот,+Ал Ыйыктык жолу деп аталат.
Ал жол менен таза эместер баспайт,+Татыктуулар гана басат.
Акылсыздар ага түшпөйт.
9 Ал жерде арстан болбойт,Коркунучтуу жырткыч жүрбөйт.
Аларды эч ким кезиктирбейт,+Ал жол менен Кудай кун төлөп сатып алгандар гана жүрөт.+
10 Жахаба кун төлөп куткарып алгандар кубанычтуу үн сала Сион шаарына кайтып келишет.+
Түгөнбөгөн кубаныч алардын таажысы болот.+
Алар шаттанышат, кубанышат,Кайгы менен үшкүрүк жок болот.+
Шилтемелер
^ Же: «шафранга».