Ышая 44:1—28
44 Оо, Жакып, менин кызматчым,Оо, Ысрайыл, менин тандап алганым,+ эми ук.
2 Сенин Жаратканың, сени калыптаган Кудай,+Курсакта жаткан кезиңден* бери сага жардам берип келаткан Жахаба мындай дейт:
„Коркпо, кызматчым Жакып,+Өзүм тандап алган Жешурун*.+
3 Мен чаңкаганга* суу берем,+Какшыган жерге агын сууларды коё берем.
Тукумуңа ыйык рухумду,+Урпактарыңа батамды төгөм.
4 Ошондо алар көк чөптөй,+Суу боюндагы теректердей өсүшөт.
5 Арасынан бири: “Мен Жахабага таандыкмын”,— дейт.+
Башкасы Жакыптын аты менен аталат.
Дагы бири: “Жахабага таандыкмын”,— деп колуна жазып алат.
Ал Ысрайылдын аты менен аталат“.
6 Ысрайылдын Падышасы,+ аны кун төлөп куткарып алган Жахаба,+Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт:
„Биринчи да менмин, акыркы да менмин.+
Менден башка Кудай жок.+
7 Мендей ким бар?+
Жооп берсин, айтсын, мага далилдеп берсин!+
Мен байыркы элди түптөгөндөн бери баарын алдын ала айтып келгенимдей,Келечекте эмне болорун,Жакынкы арада эмне болорун айтсын.
8 Элим, үрөйүң учпасын,Коркуп нес болбо.+
Мен эмне болорун ар бириңерге алдын ала айтып, жарыялап келген эмес белем?
Силер менин күбөлөрүмсүңөр.+
Менден башка Кудай барбы?
Жок. Башка Аска-зоо+ жок; бирин да билбейм“».
9 Буркан оюп жасагандардын баары санда жок адамдар,Алардын аздектеген буркандарынан да пайда жок.+
Күбөлөр катары алар* эч нерсе көрбөйт, эч нерсе билбейт.+
Ошон үчүн аларды жасагандар уят болушат.+
10 Ким эч кандай пайдасы жок кудай жасайт?
Же пайдасы жок куйма буркан жасайт?+
11 Андай кишиге шерик болгондордун баары уятка калат.+
Буркан жасаган усталар — тек гана пенделер.
Алар баары чогулуп, бирге турушсун.
Үрөйлөрү учуп, баары бирдей маскара болушат.
12 Темир уста темирди чокко кызытып, шайманы менен иштетет.
Күчтүү билеги менен балкасын чаап,Аны калыпка салат.+
Анан курсагы ачып, дарманы кетет;Суу ичпей, акыры алдан таят.
13 Жыгач уста ченегич жип менен жыгачты ченеп,Ага кызыл бор менен сөлөкөт түшүрөт.
Анан жонгуч менен жонуп, аспап* менен белгилеп,Адамдын түспөлүн жасап,+Аны сулуу адамга окшош кылат да,Үйгө* алып барып коёт.+
14 Бал карагай кыйган кишиТокойдон дарактын башка түрүн, эменди, тандайт да,Аны башка бак-дарактардын арасында өсө берсин деп калтырып коёт.+
Же лавр дарагын отургузат, анан жаан жаап, ал дарак өсө берет.
15 Кийин ал дарак адамга отун болот.
Ал анын бир бөлүгүн алып, жылыныш үчүн от жагат;Ал отко нан да бышырат.
Анан дагы бир бөлүгүнөн кудай жасап, ага таазим кылат,Буркан жонуп, алдына чөгөлөйт.+
16 Жыгачтын жарымын отко жагып,Эт кууруп жейт да, курсагын тойгузат.
Анан отко жылынып:
«Ырас, жылынып, отту карап отурам»,— дейт.
17 Жыгачтын калганынан болсо кудай жасайт, буркан жонот.
Анын алдына чөгөлөп, сыйынат.
«Мени сактай көр,Анткени сен менин кудайымсың»,— деп андан тиленет.+
18 Андай адамдар эч нерсе билишпейт, эч нерсе түшүнүшпөйт,+Себеби көздөрү жабык болгондуктан көрүшпөйт,Алардын түшүнүгү жок*.
19 Эч ким ойлонбойт,Билбейт, түшүнбөйт.
Ошон үчүн: «Жыгачтын жарымын отко жактым,Чогуна нан бышырдым, эт кууруп жедим.
Анан калган жыгачтан жийиркеничтүү нерсе жасамак белем?+
Жыгачка* сыйынмак белем?» — дебейт.
20 Андай кишинин жегени — күл.
Алданган жүрөгү аны адаштырды.
Ал өзүн куткара албайт,«Оң колумдагы бул нерсе пайдасыз эмеспи?» — дебейт.
21 «Оо, Жакып, буларды эсиңе тут. Оо, Ысрайыл, эсиңе сакта,Себеби сен менин кызматчымсың.
Сени мен калыптагам, сен менин кызматчымсың.+
Ысрайыл, сени унутпайм.+
22 Кылмыштарыңды булут менен жапкандай жабам.+
Күнөөлөрүңдү коюу булуттардын артына жашырам.
Мага кайрылып кел, ошондо сени кун төлөп куткарып алам.+
23 Асман, кубанып кыйкыр,Анткени Жахаба оюн ишке ашырды!
Ойдуң жерлер, салтанаттуу үн салгыла!
Тоолор, кубанып-шаттангыла,+Токойлор, андагы бардык бак-дарактар, шаттангыла!
Себеби Жахаба Жакыпты кун төлөп куткарып алып,Ысрайыл аркылуу даңкын көрсөтүп жатат».+
24 Сени кун төлөп куткарып алган,+Курсакта жаткан кезиңен бери сени калыптаган Жахаба мындай дейт:
«Мен бардыгын жараткан Жахабамын.
Асманды кездемедей кылып өзүм жайгам,+Жерди өзүм калыптагам*.+
Ошондо жанымда ким болду эле?
25 Мен куру сөз сүйлөгөндөрдүн* жышаандары жалган экенин көрсөтөм,Төлгө ачкандарга акылсыз иш кылдырам,+Акылмандарды адаштырам,Алардын билимин акылсыздыкка айлантам;+
26 Кызматчымдын сөзүн ишке ашырам,Кабарчыларымдын алдын ала айткандарын орундатам;+Иерусалим жөнүндө: „Ага эл отурукташат“,— дейм.+
Жүйүттүн шаарлары тууралуу: „Алар кайра курулат,+Мен анын урандыларын кайрадан тургузам“,— дейм.+
27 Терең сууларга: „Бууланып кет,Бүт дарыяларыңды какшытам“,— дейм.+
28 Кореш*+ жөнүндө болсо: „Ал — менин койчум,Ал бүт ой-ниетимди аткарат“,— дейм;+Иерусалим жөнүндө: „Ал кайра курулат“,— деп айтам,Ибадаткана жөнүндө: „Сенин пайдубалың тургузулат“,— дейм».+
Шилтемелер
^ Же: «Төрөлгөнүңдөн».
^ Мааниси: «чынчыл». Ысрайыл элинин ардактуу наамы.
^ Же: «сууга чаңкаган жерге».
^ Б. а. буркандар.
^ Же: «ыйык жайга».
^ Же: «циркуль».
^ Же: «Жүрөктөрүндө түшүнүк жок».
^ Же: «Кургак жыгачка».
^ Сөзмө-сөз: «жайгам».
^ Же: «жалган пайгамбарлардын».
^ Кир II (Улуу Кир).