Ышая 46:1—13

  • Бабылдын буркандары ысрайыл элинин Кудайына тең келе албайт (1—13)

    • Жахаба эмне болорун алдын ала айтат (10)

    • Күн чыгыштан келген жырткыч куш (11)

46  Бел бүгүлдү,+ Небо* ийилди. Алардын буркандары жүк ташыган жаныбарларга жүктөлдү,+Чарчап калган жаныбарларга оор жүк болду.  2  Ал кудайлар бүгүлдү, ийилди. Алар жаныбарларга артылган буркандарын сактай алышпайт,Өздөрү да туткунга кетип баратышат.  3  «Оо, Жакыптын урпактары, ысрайыл элинен калгандардын баары,+Эл болгонуңардан бери энедей болуп өзүм кам көрүп, өзүм көтөрүп жүргөндөр, мени уккула.+  4  Мен карыганыңарда да өзгөрбөйм,+Чачыңарды ак басканда да силерди көтөрүп жүрөм. Мурункудай эле силерди көтөрүп, колдоп, сактап жүрөм.+  5  Силер мени кимге окшоштурасыңар?+ Окшош жагыбызды көрсөтүп, кимге теңеп, кимге салыштырасыңар?+  6  Кээ бирөөлөр капчыгынан алтынды шагырата төгүп,Күмүшүн таразага тартып,Зергер жалдап, андан кудай жасатышат.+ Анан жүзтөмөндөп жыгылып, анысына сыйынышат.+  7  Аны ийнине салып, көтөрүп алышат;+Көтөрүп барып, өз ордуна коюшат, ал ошол жерде тура берет. Ордунан такыр жылбайт.+ Ага жалбарышат, бирок ал жооп бербейт,Эч кимди кыйынчылыктан куткара албайт.+  8  Ушуларды унутпагыла, кайраттуу болгула. Мыйзамды бузгандар, ушуларды көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.  9  Мурункуну, байыркы убакта болгондорду эстегиле,Менин Кудай экенимди, менден башка Кудай жок экенин эстегиле. Мен Кудаймын, мага окшош эч ким жок.+ 10  Аягында эмне болорун мен башынан эле айтам,Боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем.+ „Ой-ниетим* аткарылат,+Эмнени кааласам, ошону ишке ашырам“,— дейм.+ 11  Күн чыгыштан жырткыч кушту чакырам,+Ой-ниетимди аткара турган кишини алыскы жерден чакырам.+ Айтканымды аткарам,Ойлогон оюмду орундатам.+ 12  Тоң моюндар, мага кулак салгыла,Адилдиктен алыстагандар, уккула. 13  Адилдигимди көрсөтө турган убакка аз калды,Ал жакындап калды. Мен куткара турган убак кечикпейт.+ Сиондун тургундарын куткарам, Ысрайылды даңкыма бөлөйм».+

Шилтемелер

Бел менен Небо — бабылдыктардын кудайлары.
Же: «Чыгарган чечимим».