Ышая 49:1—26
49 Аралдарда жашагандар, уккула,Алыстагы элдер, көңүл бургула.+
Жахаба мени курсакта жаткан кезимде эле чакырган,+Төрөлө элегимде эле атыман атаган.
2 Ал менин оозумду курч кылычтай кылды,Мени колу менен калкалап коргоду.+
Мени курчутулган жебе кылып,Саадагына катып койду.
3 Мага: «Оо, Ысрайыл, сен менин кызматчымсың,+Сен аркылуу даңкымды көрсөтөм»,— деди.+
4 Мен болсо: «Бекер эле эмгектениптирмин,Күчүмдү болбогон нерсеге кетириптирмин, жөн эле убара болуптурмун.
Бирок мага Жахаба сот*,Мага сыйлыкты* Кудайым берет»,— дедим.+
5 Мени курсакта жаткан кезимден тартып өзүнө кызматчы кылган Жахаба,Ысрайыл элин ага чогултушум үчүн,+Жакыпты ага кайрып келишим керектигин айтты.
Мен Жахабанын көз алдында даңкталам,Кудайым менин күч-кубатым болот.
6 Ал: «Сен Жакыптын урууларын калыбына келтирип,Ысрайылдын аман калгандарын кайрып келе турган кызматчым гана эмессиң.
Куткарарым жөнүндөгү кабар жердин учу-кыйырына чейин жетиши үчүн,+Сени элдерге жарык да кылып койдум»,— деди.+
7 Ысрайылды кун төлөп куткарып алган Ыйык Кудайы Жахаба+ башкаларга жек көрүндү болгон бирөөгө,+ эл жек көргөн адамга, башкаруучулардын кызматчысына:
«Падышалар көргөндө ордунан турушат,Төрөлөр да көрүп,Ишеничтүү Кудай Жахабаны,+Сени тандап алган+ Ысрайылдын Ыйыгын, урматтагандыктан таазим кылышат»,— дейт.
8 Жахаба мындай дейт:
«Мен сага жооп бердим, ырайым кыла турган убакта жооп бердим,+Куткара турган күнү жардам бердим;+Мени менен элдин ортосунда келишим болушуң үчүн,+Жерди калыбына келтириш үчүн,Эл ээн калган мурасын ээлеши үчүн,+Сени сактап келаттым.
9 Туткундарга: „Чыккыла!“ — деп,+Караңгыда отургандарга:+ „Бери чыккыла!“ — деп айтыш үчүн,Сени сактап келдим.
Алар жолдордун боюнда оттойт,Тапталган бардык жолдордун* жанында алардын жайыттары болот.
10 Алар ачка болбойт, суусабайт,+Аларга аптап да, күн да зыян келтирбейт.+
Себеби аларга боор ооруй тургандын өзү жол көрсөтүп,+Суу башаттарына алып барат.+
11 Мен бардык тоолорумду жол кылам,Чоң жолдорумдун баары тегерегиндеги жерлерден өйдө көтөрүлөт.+
12 Мына, адамдар алыстан келатышат:+
Кээ бирлери түндүктөн, кээ бирлери батыштан,Кээ бирлери Синим жеринен келатат».+
13 Асман, кубана үн сал. Жер, шаттан.+
Тоолор кубанганынан кыйкырсын.+
Себеби Жахаба өз элин сооротуп-жубатты,+Азап тарткандарына боор ооруйт.+
14 Сион болсо:
«Жахаба мени таштап кетти,+ Жахаба мени унутту»,— дечү.+
15 Аял эмчектеги баласын унутабы?
Курсагынан чыккан уулуна боор оорубай коёбу?
Ал унутса да, мен сени эч качан унутпайм!+
16 Мына, мен атыңды алаканыма чегип жазып койдум.
Сенин дубалдарың дайыма көз алдымда.
17 Уулдарың кайтып келгенге шашып жатат.
Ал эми сени уратып-кыйраткандар чыгып кетишет.
18 Башыңды көтөрүп, тегерегиңди кара.
Баары чогулуп, сага келатышат.+
«Өзүмдү оозанып ант берем,— дейт Жахаба,—
Сен алардын баарын жасалгадай кылып киесиң, колуктудай болуп тагынасың.
19 Жерлериң кыйратылып, ээн калып, урандыга айланып калган болсо да,+Эми алар тургундарың үчүн өтө тар болуп калат,+Сени жеп-жуткандар+ болсо алыста калышат.+
20 Балдарыңдан ажырагандан кийин төрөлгөн уулдарың сага:
„Бул жер тардык кылып жатат.
Бизге жашаганга жер бер“,— дешет.+
21 Ошондо ичиңен:
„Мен балдарыман ажырап,Төрөбөс болуп калбадым беле,Туткунга айдалып,Камакта отурбадым беле,Анда булар кимдин балдары? Атасы ким?
Буларды ким багып-чоңойтту?+
Мен жалгыз калбадым беле,+Анда булар кайдан пайда болду?“ — дейсиң».+
22 Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт:
«Мына, элдер көрүшү үчүн, колумду көтөрөм,Алар үчүн белги орнотом.+
Алар уулдарыңды кучагына алып,Кыздарыңды ийнине салып көтөрүп келишет.+
23 Сага падышалар кам көрөт,+Алардын кыздары эмчек энелериң болот.
Алар сага жүзтөмөндөп таазим кылышат,+Бутуңдагы чаңды жалашат.+
Ошондо менин Жахаба экенимди,Мага үмүт арткандар уятка калбай турганын билесиң».+
24 Туткундарды күчтүү кишинин колунан бошотуп алса болобу?
Зулум киши туткундап алгандарды куткарса болобу?
25 Бирок Жахаба мындай дейт:
«Атүгүл күчтүү кишинин туткундары да бошотулат,+Зулум киши туткундап алгандар да куткарылат.+
Сага каршы болгондорго өзүм каршы чыгам,+Уулдарыңды өзүм куткарам.
26 Сага жаман мамиле кылгандарга өздөрүнүн этин жегизем,Алар таттуу шарап ичкенсип, өз канына мас болушат.
Ошондо бардык элдер менин Жахаба экенимди,+Сени кун төлөп+ куткарып алган Куткаруучуң,+Жакыптын Кудуреттүү Кудайы экенимди билишет».+
Шилтемелер
^ Же: «Жахаба мени адилеттүүлүк менен соттойт».
^ Же: «акымды».
^ Же балким: «Бардык такыр адырлардын».