Ышая 54:1—17

  • Бала көрбөгөн Сион көп балалуу болот (1—17)

    • Жахаба күйөөсүндөй болот (5)

    • Сиондун уулдарын Жахаба үйрөтөт (13)

    • Сионго каршы жасалган куралдан майнап чыкпайт (17)

54  «Бала көрбөгөн, төрөбөгөн аял, кубана үн сал!+ Эч качан толгоо тартып кыйналбаган аял,+ шаттан, кубанып кыйкыр,+Анткени күйөөсү* бар аялдыкына карагандаКүйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп,+— дейт Жахаба.—  2  Чатырыңды кеңейт.+ Чоң чатырыңдын жабууларын узарт. Эч чек койбо, чатырыңдын аркандарын узарт,Казыктарын бекем как.+  3  Себеби чек араларың оңго да, солго да кеңейет. Тукумуң элдерге үстөмдүк кылат,Ээн калган шаарларга отурукташат.+  4  Коркпо,+ анткени уятка калбайсың;+Өзүңдү кемсинтилгендей сезбе, анткени көңүлүң кайт болбойт. Жаш кезиңде шылдың болгонуңду унутасың,Жесир калып маскара болгонуңду экинчи эстебейсиң».  5  «Улуу Жаратканың+ сага күйөөңдөй* эле,+Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Ысрайылдын Ыйыгы — сени кун төлөп куткарып алуучу.+ Аны бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аташат.+  6  Анткени Жахаба сени күйөөсү таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай,+Жаш кезинде турмушка чыгып, кийин күйөөсү кетирип жиберген аялды чакыргандай чакырып алган»,— дейт Кудайың.  7  «Мен сени бир аз убакытка эле калтыргам,Бирок эми чексиз ырайым көрсөтүп кайра алып келем.+  8  Каарым ташкындап турганда, көз ирмемге сенден жүзүмдү жашыргам,+Бирок түбөлүктүү сүйүүмдөн* улам сага кайрымдуулук кылам»,+— дейт сени кун төлөп куткарып алган+ Жахаба.  9  «Бул Нухтун күндөрүндөгүгө окшош.+ Мен Нухтун убагында суулар жерди экинчи каптабай турганын айтып ант бергенимдей,+Сага каарданбай турганымды, сени жазалабай турганымды айтып ант берем.+ 10  Тоолор жок болушу мүмкүн,Адырлар солкулдашы мүмкүн,Бирок менин сага болгон туруктуу сүйүүм жок болбойт,+Тынчтык келишимим бузулбайт»,+— дейт сага кайрымдуулук кылган Жахаба.+ 11  «Бороон-чапкында калган, сооронуч таппаган+ байкуш аял!+ Мен таштарыңды бекем кармай турган аралашма менен бекитем,Пайдубалыңды сапфир ташынан тургузам.+ 12  Дубалдарыңдын үстүндөгү арсактарын рубинден,Дарбазаларыңды жаркыраган* таштардан жасайм,Тегерегиңдеги бардык дубалдарыңды* кымбат баалуу таштардан тургузам. 13  Уулдарыңдын* баарын Жахаба үйрөтөт,+Алар мол тынчтыкка бөлөнөт.+ 14  Сен адилдик менен бекем түптөлөсүң.+ Эзүүчүлөрдөн алыста болосуң,+Эч нерседен коркпойсуң, эч нерсе үрөйүңдү учурбайт,Андай нерселер жаныңа жакын жолобойт.+ 15  Эгер сага бирөө кол салса,Ал менин буйругумсуз кол салган болот. Кимде-ким сага кол салса, ал сөзсүз жеңилет».+ 16  «Оттун чогун үйлөп,Курал жасаган устаны мен жараткам. Талкалаш үчүн курал колдонгон кишини да мен жараткам.+ 17  Сага каршы кандай курал жасалбасын, эч кандай майнап чыкпайт,+Сотто сага айып таккан ар бир адамдын калпын чыгарасың. Бул — мен, Жахаба, өз кызматчыларыма берген мурас. Аларды мен адил деп эсептейм»,— дейт Жахаба.+

Шилтемелер

Же: «кожоюну».
Же: «кожоюнуңдай».
Же: «туруктуу сүйүүмдөн».
Же: «оттой жанган».
Же: «чек араларыңды».
Же: «Балдарыңдын».