Ышая 59:1—21

  • Күнөөлөрүнүн айынан ысрайыл элинин Кудайдан алысташы (1—8)

  • Күнөөнү моюнга алуу (9—15a)

  • Жахаба өкүнгөндөрдүн тарабын ээлейт (15б—21)

59  Куткара албагыдай Жахабанын колу кыска эмес,+Үнүңөрдү укпай калгыдай кулагы катуу эмес.+  2  Чынында, силер өз кылмыштарыңардан улам Кудайыңардан бөлүнүп, алыстап калдыңар.+ Күнөөлөрүңөрдөн улам ал силерден жүзүн буруп,Үнүңөрдү укпай калды.+  3  Анткени колуңар кан төгүп арамдалган,+Манжаларыңар күнөөдөн улам булганган. Оозуңар жалганды,+Тилиңер адилдикке жатпаган нерселерди кеп кылат.  4  Эч ким адилдикти жактап сүйлөбөйт,+Сотто эч ким чындыкты айтпайт. Алар жок нерсеге таянып,+ дайыны жок эле сүйлөй беришет. Боюна жамандык бүтүп, кыянаттык төрөшөт.+  5  Алар уулуу жыландын жумурткасын басып жатышат,Жөргөмүштүн желесин токушат.+ Ал жумуртканы жеген киши өлөт,Ал эми жарылган жумурткадан чаар жылан чыгат.  6  Токуган желеси аларга кийим,Жасаган иштери жамынчы болуп бербейт.+ Алардын иштери — кыянаттык,Кылганы — зордук-зомбулук.+  7  Алар* жамандык кылганга чуркайт,Бейкүнөө адамдын канын төккөнгө шашат.+ Ойлогон ойлору зыян алып келет,Алардын жолуна түшкөндөр кыйрайт, кайгыга малынат.+  8  Алар тынчтыкта жашаганды билишпейт,Жүргөн жолдорунда адилеттик жок.+ Жолдору кыйшык,Ал жолдорго түшкөндөрдүн бири да тынчтык дегенди билбейт.+  9  Ошон үчүн бизден адилеттик алыстап,Адилдик жаныбызга жолобой калды. Жаркыраган күн болот десек — айланабыз караңгы;Жарык тиет десек — караңгы түндө жүрөбүз.+ 10  Сокурдай болуп дубалга таянып басып жүрөбүз,Көзү жок кишидей сыйпалап жүрөбүз.+ Чак түштө күүгүмдөгүдөй чалынып жатабыз;Күчтүүлөрдүн арасында өлүктөрдөйбүз. 11  Баарыбыз аюудай бакырып,Көгүчкөндөй аянычтуу күркүлдөп жатабыз. Адилеттикти эңсейбиз, бирок ага жетпей келебиз. Куткарылабыз деп күтүп келебиз, бирок куткарылган жокпуз. 12  Анткени сенин алдыңда көп жолу козголоң чыгардык;+Ар бир күнөөбүз айыптуу экенибизди айгинелеп турат.+ Биз козголоң чыгарган учурларыбызды,Кылган кылмыштарыбызды жакшы билебиз.+ 13  Күнөөгө батып, Жахабадан баш тарттык;Кудайыбыздан жүзүбүздү буруп кеттик. Кордук көрсөтөлү, козголоң чыгаралы деп сүйлөштүк;+Кантип алдасак деп ойлондук, анан ошентип алдадык.+ 14  Адилеттиктен баш тарттык,+Адилдик алыста калды;+Чындык* аянттан чалынды,Чынчылдык ал жакка кире албай калды. 15  Чынчыл эч ким жок,+Кыянаттык кылгандан баш тарткандардын баары тонолуп жатат. Жахаба ушунун баарын көрүп, нааразы болду,Анткени адилеттик деген жок.+ 16  Ал жардам берер эч ким жок экенин көрдү,Болушар эч ким жок экенине таң калды,Ошон үчүн өзү кудурети менен куткарды*,Ага өз адилдиги күч берди. 17  Ал адилдикти сооттой кылып үстүнө,Жеңиш* туулгасын башына кийди.+ Өч алууну кийимдей кылып кийди,+Ынталуулукту чапандай кылып оронду. 18  Ал ар кимге иштерине жараша тийиштүүсүн берет:+ Кас болгондорго каарын төгөт, душмандарынан өч алат.+ Аралдарда жашагандарга тиешесин берет. 19  Күн батыштагылар Жахабанын ысмынан,Күн чыгыштагылар даңкынан коркушат,Себеби Жахаба шар аккан дарыядай,Өзүнүн руху* менен агызган дарыядай болуп келет. 20  «Кун төлөп куткарып алган+ Кудай Сионго,Жакыптын күнөө кылбай калган урпактарына+ келет»,+— дейт Жахаба. 21  «Менин алар менен түзгөн келишимим — бул»,+— дейт Жахаба. «Сендеги ыйык рухум менен оозуңа салган сөздөрүм сенин оозуңда, балдарың менен неберелериңдин оозунда азыр да, келечекте да түбөлүккө болот»,— дейт Жахаба.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Буттары».
Же: «Чынчылдык».
Же: «жеңди».
Же: «Куткарылуу».
Же: «күчү».