Ышая 6:1—13

  • Ибадатканасындагы Жахаба жөнүндөгү аян (1—4)

    • «Жахаба ыйык, ыйык, ыйык!» (3)

  • Серап Ышаянын оозуна чок тийгизип, күнөөдөн арылат (5—7)

  • Ышая тапшырма алат (8—10)

    • «Мен барам! Мени жибер!» (8)

  • «Оо, Жахаба, качанкыга чейин?» (11—13)

6  Узия падыша өлгөн жылы+ мен аян алып, бийиктеги, жогору турган тактыда отурган Жахабаны көрдүм.+ Анын кийиминин этеги ибадаткананы толтуруп туруптур. 2  Анын тегерегинде сераптар* туруптур. Ар биринин алтыдан канаты бар экен: 2 канаты менен бетин жаап, 2 канаты менен бутун жаап, 2 канаты менен учат экен.  3  Алар бири-бирине: «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба ыйык, ыйык, ыйык!+ Бүт жер жүзү анын даңкына толгон»,— деп жатышты. 4  Алардын катуу чыккан үнүнөн эшиктин кашектери* титиреди, ибадаткананын ичи түтүнгө толду.+  5  Ошондо мен: «Өлдүм, башыма каран түн түштү! Анткени мен оозунан чыккан сөзү таза эмес күнөөкөр пендемин,Оозунан чыккан сөздөрү таза эмес элдин арасында жашайм.+ Анын үстүнө, Падышаны, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын өзүн, көрдүм!» — дедим. 6  Ошондо мага сераптардын бири учуп келди. Анын колунда курмандык жайынан+ кычкач менен алган кыпкызыл чок+ бар экен. 7  Ал чокту оозума тийгизип: «Мына, бул сенин оозуңа тийди,Эми айыбыңан арылдың,Күнөөң кечирилди»,— деди. 8  Анан Жахабанын: «Кимди жиберсем? Биз үчүн ким барат?» — деген үнүн уктум.+ Ошондо мен: «Мен барам! Мени жибер!» — дедим.+  9  Ал мага мындай деди: «Баргын да, бул элге: „Силер кайра-кайра угасыңар,Бирок түшүнбөйсүңөр,Кайра-кайра көрөсүңөр,Бирок эч нерсе үйрөнбөйсүңөр“,— де.+ 10  Бул элдин жүрөгүн таштай катуу кыл,+Кулагын дүлөй,+Көздөрүн көр кылып кой. Алардын көздөрү көрбөсүн,Кулактары укпасын,Жүрөктөрүнө жетпесин,Мага кайрылып келишпесин, айыгышпасын». 11  Ошондо мен: «Оо, Жахаба, качанкыга чейин?» — деп сурадым. Ал мага: «Шаарлар урандыга айланып, элсиз калганга чейин,Үйлөрдө киши калбай калганга чейин,Бул жер кыйратылып, ээн калганга чейин,+ 12  Жахаба элди алыска айдап жибергенге чейин,+Дээрлик бүтүндөй жер ээн калганга чейин. 13  Ошентсе да ал жакта анча-мынча эл* калат, бирок бакыйган чоң даракты, эменди от жалмагандай эле, ал элди да от жалмайт. Ал дарактарды кыйганда дүмүрү калгандай, анын да дүмүрү калат. Ошол дүмүр ыйык тукум болот»,— деди.

Шилтемелер

Абдан жогорку абалды ээлеген периштелер.
Сөзмө-сөз: «топсолору».
Сөзмө-сөз: «ондон бир бөлүк».