Ышая 62:1—12
-
Сиондун жаңы аты (1—12)
62 Мен Сионду ойлогондуктан унчукпай койбойм,+Иерусалимди ойлогондуктан тынч турбайм,Анын адилдиги жарыктай,+Куткарылганы күйүп турган шаманадай* болмоюн тынч албайм.+
2 «Оо, аял*,+ сенин адилдигиңди элдер,Даңкыңды бүт падышалар көрөт.+
Сени жаңы ысым менен,+Жахаба өзү койгон* ысым менен аташат.
3 Сен Жахабанын колунда кооз таажы,Кудайыңдын алаканында падыша кийген чалма болосуң.
4 Мындан ары сени күйөөсү таштап кеткен аял дешпейт,+Жериңди ээн калган жер дешпейт.+
Сени „Кубанычым“,+Жериңди „Күйөөсү бар аял“ деп аташат.
Себеби сен Жахабанын кубанычы болосуң,Жериң күйөөсү бар аялдай болот.
5 Жигит кызга үйлөнгөндөй,Тургундарың сага үйлөнөт.
Күйөө колуктусун көрүп сүйүнгөндөй,Кудайың сени көрүп сүйүнөт.+
6 Оо, Иерусалим, сенин дубалдарыңа күзөтчүлөрдү койдум.
Алардын үнү күнү-түнү эч басылбасын.
Силер, Жахабаны даңктагандар,Тыным албагыла,
7 Ал Иерусалимди калыбына келтирип, бекем кылмайын,Жер жүзүнө анын даңкын чыгармайын, андан тынбай тилене бергиле».+
8 Жахаба оң колун, күчтүү колун көтөрүп, мындай деп ант берди:
«Мындан ары эгиниңди душмандарыңа жедирбейм,Мээнет кылып жасаган жаңы шарабыңды бөтөн жерликтерге ичирбейм.+
9 Эгин оруп-жыйгандар аны өздөрү жеп, мени, Жахабаны, даңкташат,Жүзүм тергендер ыйык короолорумда шарап ичишет».+
10 Чыккыла, дарбазалардан чыккыла.
Элдин жолун тазалагыла.+
Жол салгыла, чоң жол салгыла.
Таштарды алып салгыла.+
Эл көрө тургандай белги орноткула.+
11 Мына, Жахаба:
«Сион кызына*:
„Куткарылар маалың келатат.+
Сага бере турган сыйлыгым,Төлөй турган акым даяр“,+— деп айткыла»,— деп жердин учу-кыйырына чейин жарыялады.
12 Кудайдын элин ыйык эл, Жахаба кун төлөп куткарып алган эл дешет.+
Сени болсо «Изделген шаар», «Кудай таштабаган шаар» дешет.+
Шилтемелер
^ Баш жагына майлуу чүпүрөк оролуп, жарык кылыш үчүн күйгүзүлчү кыска жыгач.
^ Бул бөлүмдө Жахаба Иерусалим шаарын аялга салыштырган.
^ Же: «Жахабанын оозунан чыккан».
^ Бул поэтикалык сөз айкашы Сион тоосунда жайгашкан Иерусалим шаарын же анын тургундарын билдириши мүмкүн.