Ышая 64:1—12
64 Асманды айрып, түшүп келип,Тоолорду титиретсең кана!
2 От чырпыкты күйгүзгөндөй,Сууну кайнаткандай түшүп келсең кана!
Ошондо ысмың душмандарыңа белгилүү болмок,Элдер алдыңда титиремек!
3 Сен биз күтпөгөн сестентерлик иштерди кылганыңда асмандан түшүп келчүсүң,+Ошондо алдыңда тоолор титиречү.+
4 Сенден башка Кудай бар экенин,Өзүңдү күткөндөрдү* ойлоп иш кылган сага окшогон башка Кудай бар экенин эч ким уккан эмес,Байыртан бери эч кимдин кулагы чалган эмес, эч кимдин көзү көргөн эмес.+
5 Сен туура иштерди кубанып кылгандарга,+Сени унутпай, жолуңда жүргөндөргө жардамга келгенсиң.
Биз күнөөгө батып келгендиктен, каарың кайнады,+Узак убакыт бою күнөө кылып жүрдүк.
Эми куткарылар бекенбиз?
6 Баарыбыз арамдалган кишидей,Бардык адил иштерибиз кан болуп калган чүпүрөктөй* болуп калды.+
Баарыбыз жалбырактай соолуйбуз,Күнөөлөрүбүз бизди шамалдай учуруп кетет.
7 Сени атыңдан чакырган эч ким жок,Сенден жардам издеген эч ким жок.
Ошондуктан бизден жүзүңдү буруп кеттиң,+Кылмыштарыбыздын айынан бизди соолуттуң.
8 Бирок сен, оо, Жахаба, биздин Атабызсың.+
Биз чопобуз, сен болсо Карапачыбызсың*;+Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз.
9 Оо, Жахаба, өтө каардана көрбө,+Кылмышыбызды түбөлүккө эстей бербе.
Бизге көз кырыңды сала көр, себеби баарыбыз сенин элиңбиз.
10 Сенин ыйык шаарларың ээн талаага айланды.
Сион чөл болуп калды,Иерусалим аңгырап бош калды.+
11 Ыйык, даңктуу* ибадатканабыз,Ата-бабаларыбыз барып, сени даңктап жүргөн ибадатканабыз өрттөлдү,+Баалаган нерселерибиздин баары талкаланды.
12 Ушунун баарын көрүп туруп, оо, Жахаба, эч чара көрбөй карап тура бересиңби?
Унчукпай, катуу кыйналышыбызга жол бере бересиңби?+
Шилтемелер
^ Же: «сабыр сактап күткөндөрдү».
^ Айыз келгенде колдонулган чүпүрөк жөнүндө сөз болуп жатат.
^ Же: «бизди калыптагансың».
^ Же: «кооз».