Ышая 66:1—24
66 «Асман — менин тактым, жер болсо таман астым*.+
Анда мага кайсы жерге үй кура аласыңар?+
Мен жашай турган жай кайсы жерде болмок эле?» — дейт Жахаба.+
2 «Мунун баарын өз колум менен жасагам,Ошон үчүн баары пайда болгон,— дейт Жахаба.—+
Мен жан дүйнөсү кыйналган, момун,Сөзүмдү кастарлап турган* адамга көз кырымды салам.+
3 Мен үчүн бука сойгон адамдын киши өлтүргүчтөн,+Курмандыкка кой чалгандын иттин мойнун сындыргандан,+Белек алып келгендин чочконун канын алып келгенден айырмасы жок!+
Ладан+ түтөткөндүн дубалап бата бергенден* айырмасы жок.+
Алар өз жолун тандап алышкан,Жийиркеничтүү нерселерден рахат алышат.
4 Ошон үчүн мен аларды кантип жазалашты чечем,+Аларды өздөрү корккон нерселерге кабылтам.
Анткени мен чакырганда, эч ким жооп берген эмес;Мен сүйлөгөндө, эч кимиси кулак каккан эмес.+
Алар көз алдымда жаман иштерди кылып келишкен,Мага жакпаган нерселерди тандап алышкан».+
5 Жахабанын сөзүн кастарлагандар, анын сөзүнө кулак салгыла:
«Силерди менин ысмым үчүн жек көрүп, кууп жиберген боордошторуңар табалап: „Жахаба даңкталсын!“ — дешкен.+
Бирок мен өзүмдү көрсөтүп, силерди кубанычка бөлөйм,Алар болсо уятка калышат».+
6 Шаардан ызы-чуу, ибадатканадан чуру-чуу угулуп жатат!
Себеби Жахаба душмандарына тиешесин берип жатат.
7 Аял толгото электе эле төрөп койду.+
Толгоосу келе электе эле уулдуу болуп калды.
8 Мындайды мурун ким уккан?
Мындайды ким көргөн?
Бир күндө өлкө пайда болобу?
Бир заматта эл төрөлөбү?
Сион болсо толгоосу келер замат уулдарын төрөдү.
9 «Ай-күнүнө жеткизген соң, төрөтпөй коймок белем?» — дейт Жахаба.
«Төрөт башталган соң, жатынды бууп коймок белем?» — дейт Кудайың.
10 Иерусалимди жакшы көргөндөрдүн баары,+ аны менен кошо кубангыла, сүйүнгүлө.+
Аны ойлоп кайгыргандардын баары, аны менен кошо шаттангыла,
11 Себеби ал энедей болуп силерди эмизип, сооротуп-жубатат,Моокумуңар канганча эмип, анын улуу даңкына рахаттанасыңар.
12 Анткени Жахаба мындай дейт:
«Мен ага тынчтыкты дарыядай кылып,+Элдердин даңкын ташкындаган суудай кылып берип жатам.+
Ал силерди эмизип, көтөрүп жүрөт,Алдына алып терметип, эркелетет.
13 Энеси уулун соороткондой,Мен силерди сооротом;+Силер Иерусалимди көрүп соороносуңар.+
14 Аны көрүп, жүрөгүңөр шаттанат,Сөөгүңөр көпкөк шибердей болот.
Мен, Жахаба, кызматчыларыма кудуретимди* көрсөтөм,Душмандарыма болсо каардана өкүм чыгарам».+
15 «Жахаба оттой болуп келет,+Анын арабалары катуу соккон шамалдай,+Ал кайнаган каары менен душмандарына тиешесин берет,Аларды жалындаган от менен жазалайт.+
16 Себеби Жахаба өкүмүн от менен ишке ашырат,Кылычын бардык адамдарга* шилтейт;Жахаба сулаткандар көп болот.
17 Ыйык деп эсептелген бакчаларга*+ кириш үчүн өздөрүн ыйыктап, тазалангандардын, чочконун этин,+ жийиркеничтүү нерселерди, чычкандарды+ жегендердин баары бирдей кырылат,— дейт Жахаба.—
18 Мен алардын иштерин да, ойлорун да билем, ошондуктан бардык элдерден чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн адамдарды чогултуш үчүн келатам. Алар келип, менин даңкымды көрүшөт».
19 «Мен алар көргүдөй өзгөчө бир нерсе кылам, аман калгандардын кээ бирлерин мен жөнүндө укпаган, даңкымды көрбөгөн элдерге: жаа тарткандар жашаган Таршышка,+ Пулга, Лудга+ жана Тубал менен Жабанга,+ алыскы аралдарга жиберем. Алар менин даңкымды элдердин арасында жарыя кылышат.+
20 Ысрайыл эли Жахабанын ибадатканасына таза идишке салып белек алып келгендей, алар бардык элдердин арасынан+ бүт бир туугандарыңарды мага, Жахабага, белек катары ыйык тоомо — Иерусалимге — алып келишет. Аларды аттарга, арабаларга, үстү жабык арабаларга, качырларга, күлүк төөлөргө мингизип алып келишет»,— дейт Жахаба.
21 «Алардын айрымдарын дин кызматчы, айрымдарын леби кылам»,— дейт Жахаба.
22 «Мен жаратып жаткан жаңы асман менен жаңы жер+ жок болбой, дайыма алдымда тургандай эле,— дейт Жахаба,— силердин урпактарыңар да дайыма болот, ысмыңар эч качан өчпөйт».+
23 «Ошондо ай жаңырган сайын, дем алыш күн сайын бардык адамдар келип,Менин алдымда таазим кылышат*,+— дейт Жахаба.—
24 Алар сыртка чыгып, мага каршы чыккандардын өлүктөрүн көрүшөт;Өлүктөрдүн үстүндөгү курттар өлбөйт,Аларды жалмап жаткан от өчпөйт,+Алардан бардык адамдар жийиркенет».
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «бут койгучум».
^ Же: «Сөзүмдөн корккон».
^ Же балким: «бурканды даңктагандан».
^ Же: «колумду».
^ Сөзмө-сөз: «бардык денелерге».
^ Б. а. адамдар буркандарга сыйынган бакчалар. Сөзмө-сөз: «Ортодо тургандын арт жагындагы бакчаларга».
^ Же: «Мага сыйынышат».