Эзра 1:1—11
1 Персия падышасы Корештин*+ башкаруусунун биринчи жылында*, Жахабанын* Жеремия аркылуу айткан сөздөрү+ аткарылышы үчүн, Жахаба Персия падышасы Корешке буйрук чыгарганга түрткү берди. Ошол себептен ал бүт падышалыгы боюнча оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды:+
2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: „Асмандын Эгедери Жахаба Кудай мага жер жүзүндөгү бүт падышалыктарды багындырып,+ ага арнап Жүйүт жериндеги Иерусалимге ибадаткана кур деп буйрук кылды.+
3 Ошон үчүн араңардан ким анын элинен болсо, Жүйүт жериндеги Иерусалимге барсын да, ибадатканасы Иерусалимде болгон* Ысрайылдын Кудайы Жахабанын, чыныгы Кудайдын, ибадатканасын кайра курсун. Аларды Кудайы өзү колдосун!
4 Алар келгин катары каякта жашап жүрбөсүн,+ бул жакта кала тургандар аларга алтын-күмүш, мал-мүлк берип, ошондой эле чыныгы Кудайдын Иерусалимдеги ибадатканасына тартуу берип, жардам көрсөтүшсүн“».+
5 Ошондо Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, дин кызматчылар жана лебилер — чыныгы Кудай түрткү бергендердин баары Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын кайра курганы барыш үчүн даярдана башташты.
6 Кошуна-колоңдору аларга Кудайдын ибадатканасына деп берген тартуусунан сырткары алтын-күмүш буюмдарды, мал-мүлк жана кымбат баалуу нерселерди берип жардам кылышты.
7 Кореш падыша Небухаданасар бир кезде Иерусалимдеги Жахабанын ибадатканасынан алып кетип, өз кудайынын ибадатканасына коюп койгон буюмдарды кайтарып бергиле деп да буйрук берди.+
8 Муну Персия падышасы Кореш казыначы Митредатка тапшырды. Ал болсо буюмдарды тизмелеп, Жүйүт башчысы Шешпасарга* берди.+
9 Аларды эсептегенде, себетке окшош алтын идиштен 30, ошондой күмүш идиштен 1 000 жана башка идиштен 29 болду.
10 Кичине алтын идиштен 30, кичине күмүш идиштен 410 болду. Дагы башка буюмдардын саны 1 000 болду.
11 Алтын буюмдар менен күмүш буюмдардын жалпы саны 5 400 болду. Шешпасар туткунда жүргөндөрдү+ Иерусалимге алып барыш үчүн Бабылдан алып чыкканда ошол буюмдардын баарын кошо ала чыкты.
Шилтемелер
^ Кир II (Улуу Кир).
^ Сыягы, бул Бабылды (Вавилонду) башкара баштаган биринчи жылын билдирет.
^ Же балким: «Иерусалимдеги Кудайдын».
^ Сыягы, Эзра 2:2де жана 3:8де айтылган Зоробабыл.