Эзра 2:1—70

  • Туткундан кайтып келгендердин тизмеси (1—67)

    • Ибадатканада кызмат кылган кулдар (43—54)

    • Сулаймандын кызматчыларынын урпактары (55—57)

  • Ибадатканага берилген тартуулар (68—70)

2  Бабылдан кайтып келген дубандын* эли+ Иерусалим менен Жүйүт жерине, ар кимиси өз шаарына жайгашты+. Алар Бабыл падышасы Небухаданасар Бабылга туткундап кеткендердин+ арасында жашашчу. 2  Аларды баштап келгендер: Зоробабыл,+ Жешуя,+ Некемия, Серая, Релая, Мордохай, Билшан, Миспар, Бикбай, Рехум жана Баанак. Ысрайыл элиндеги эркектердин саны:+ 3  Пароштун урпактары 2 172 киши, 4  Шепатиянын урпактары 372 киши, 5  Арахтын урпактары+ 775 киши, 6  Жешуя менен Жоаптын тукумдарынын ичинен Пахатмааптын урпактары+ 2 812 киши, 7  Эйламдын урпактары+ 1 254 киши, 8  Затунун урпактары+ 945 киши, 9  Закайдын урпактары 760 киши, 10  Банинин урпактары 642 киши, 11  Бебайдын урпактары 623 киши, 12  Азгаттын урпактары 1 222 киши, 13  Адоникамдын урпактары 666 киши, 14  Бикбайдын урпактары 2 056 киши, 15  Адиндин урпактары 454 киши, 16  Хискиянын тукумдарынын ичинен Атердин урпактары 98 киши, 17  Безайдын урпактары 323 киши, 18  Жоранын урпактары 112 киши, 19  Хашумдун урпактары+ 223 киши, 20  Гибардын урпактары 95 киши, 21  Бетлехемдин тургундары 123 киши, 22  Нетопанын тургундары 56 киши, 23  Анатоттун+ тургундары 128 киши, 24  Азмабеттин тургундары 42 киши, 25  Кириат-Жеаримдин, Кепиранын жана Бейроттун тургундары 743 киши, 26  Рама+ менен Гебанын+ тургундары 621 киши, 27  Микмастын тургундары 122 киши, 28  Бейтел менен Айдын+ тургундары 223 киши, 29  Небонун тургундары+ 52 киши, 30  Магбиштин урпактары 156 киши, 31  башка Эйламдын урпактары 1 254 киши, 32  Харимдин урпактары 320 киши, 33  Лоттун, Хадиттин жана Ононун тургундары 725 киши, 34  Жерихонун тургундары 345 киши, 35  Сенайдын урпактары 3 630 киши. 36  Дин кызматчылар:+ Жешуянын+ тукумдарынын ичинен Жедаянын+ урпактары 973 киши, 37  Имердин урпактары+ 1 052 киши, 38  Пашкурдун урпактары+ 1 247 киши, 39  Харимдин урпактары+ 1 017 киши. 40  Лебилер:+ Одабиянын тукумдарынын ичинен Кадмиелден тараган Жешуянын урпактары+ 74 киши. 41  Ырчылар:+ Асаптын+ урпактары 128 киши. 42  Дарбазачылар*:+ Шалумдун, Атердин, Талмондун,+ Акуптун,+ Хатитанын, Шобайдын урпактары, баары биригип 139 киши. 43  Ибадатканада кызмат кылган кулдар*:+ Зиханын, Хасупанын, Табаоттун, 44  Керостун, Сияхтын, Падондун, 45  Лебананын, Хагабанын, Акуптун, 46  Хагаптын, Салмайдын, Ханандын, 47  Гиделдин, Гахардын, Реайдын, 48  Резиндин, Некоданын, Газамдын, 49  Узанын, Пасеахтын, Бесайдын, 50  Аснанын, Меунимдин, Непушесимдин, 51  Бакбуктун, Хакупанын, Хархурдун, 52  Базлуттун, Мехиданын, Харшанын, 53  Баркостун, Сисеранын, Тамахтын, 54  Незианын жана Хатипанын урпактары. 55  Сулаймандын кызматчыларынын урпактары: Сотайдын, Сопереттин, Перуданын,+ 56  Жааланын, Даркондун, Гиделдин, 57  Шепатиянын, Хатилдин, Похерет-Хазсебайымдын жана Аминин урпактары. 58  Ибадатканада кызмат кылган кулдар менен Сулаймандын кызматчыларынын урпактарынын жалпы саны 392 киши. 59  Тел-Мелахтан, Тел-Харшадан, Керуптан, Адондон, Имерден келген жана өздөрүнүн кайсы тукумдан экенин, ата-теги ысрайылдыкпы же жокпу, билбегендиктен айта албай койгондор булар:+ 60  Делаянын, Тобиянын жана Некоданын урпактары. Баары биригип 652 киши. 61  Дин кызматчылардын тукумдары: Хабаянын урпактары, Акостун урпактары+ жана Барзелайдын урпактары. Барзелай гилаттык Барзелайдын+ кызын алып, кайнатасынын аты менен аталып калган болчу. 62  Ал дин кызматчылар ата-тегин аныкташ үчүн санжырадан ата-бабаларынын атын издешти, бирок таппай коюшту. Ошон үчүн дин кызматчы болгонго жараксыз болуп калышты*.+ 63  Ошондуктан башкаруучу* аларга урим менен тумимди*+ колдонгон дин кызматчы болмоюнча абдан ыйык нерселерден жегенге болбой турганын айтты.+ 64  Бардыгы биригип 42 360 киши болду.+ 65  Алардан сырткары, кулдар менен күңдөрдүн саны 7 337, ал эми ырчы эркек-аялдардын саны 200 болду. 66  Алардын 736 жылкысы, 245 качыры бар эле. 67  Ошондой эле 435 төөсү, 6 720 эшеги бар болчу. 68  Чыныгы Кудай Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасына келгенде урук башчыларынын айрымдары аны кайра тургузуш үчүн+ тартуу беришти.+ 69  Өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша, алар казынага 61 000 алтын драхма*, 5 000 күмүш мина*,+ дин кызматчылар кие турган 100 узун көйнөк беришти. 70  Дин кызматчылар, лебилер, элдин арасынан айрымдары, ырчылар, дарбазачылар, ибадатканада кызмат кылган кулдар өз шаарларына барып отурукташышты. Ошентип, ысрайылдыктардын баары өз-өз шаарларында жашап калышты.+

Шилтемелер

Сыягы, Бабылдагы дубан же Жүйүт жериндеги дубан.
Сөзмө-сөз: «Дарбазачылардын уулдары».
Же: «нетиндер». Сөзмө-сөз: «берилгендер», башкача айтканда, Кудайга кызмат кылыш үчүн берилгендер.
Же: «таза эмес болуп эсептелип, дин кызматчылыкка жарабай калышты».
Же: «тиршата». Персиядагы дубан башкаруучусунун наамы.
Адатта, 1 драхма салмагы 8,4 г Персия алтын тыйынына барабар болгон. Грек Жазмаларындагы драхма башка. Б14 тиркемесин кара.
1 мина = 570 г. Грек Жазмаларындагы мина башка. Б14 тиркемесин кара.