Эзра 5:1—17

  • Жүйүттөр ибадаткананы кайрадан кура башташат (1—5)

  • Татнайдын Дарийге жөнөткөн каты (6—17)

5  Акай+ пайгамбар менен Идонун+ небереси Закарыя пайгамбар+ Жүйүт жериндеги жана Иерусалимдеги жүйүттөргө аларды жетектеп жүргөн Кудайдын, Ысрайылдын Кудайынын, атынан пайгамбарлык сөз айта башташты. 2  Ошондо Шалтиелдин уулу Зоробабыл+ менен Жеосадактын уулу Жешуя+ Кудайдын Иерусалимдеги ибадатканасын кайра курганга киришишти.+ Кудайдын пайгамбарлары алар менен бирге болуп, дем-күч берип турушту.+ 3  Ошол убакта дарыянын берки өйүзүндөгү башкаруучу Татнай менен Шетар-Бознай таламдаштары менен келип, алардан: «Бул үйдү куруп, курулушту бүтүргөнгө* силерге ким уруксат берди?» — деп сурашты. 4  Анан: «Муну куруп жаткан кишилердин аттарын айткыла»,— дешти. 5  Бирок Кудай жүйүт аксакалдарына көз кырын салып тургандыктан,+ Татнай менен жанындагылар курулушту токтотушкан жок, себеби алар Дарийге кат жөнөтүп, жооп келгенге чейин күтмөй болушту. 6  Дарыянын берки өйүзүндөгү башкаруучу Татнай, Шетар-Бознай жана алардын таламдаштары, тактап айтканда, дарыянын берки өйүзүндөгү башкаруучунун орун басарлары Дарийге кат жөнөтүштү. 7  Алар ага мындай деп жазышты: «Дарий падышага. Сизге амандык тилейбиз! 8  Падышага биздин Жүйүт дубанына, улуу Кудайдын үйүнө барганыбыз маалым болсун. Ал үйдү чоң-чоң таштардан куруп, дубалдарына устун коюп жатышат. Эл баш көтөрбөй иштеп, иши тез арбып жатат. 9  Биз алардын аксакалдары менен сүйлөшүп: „Бул үйдү куруп, курулушту бүтүргөнгө силерге ким уруксат берди?“ — деп сурадык.+ 10  Ошондой эле жетекчилеринин аттарын сизге жазып жибериш үчүн аттарын сурадык. 11  Алар болсо бизге: „Биз асман-жердин Кудайынын кызматчыларыбыз. Биз мындан көп жыл мурда Ысрайылдын улуу падышасы курган ибадаткананы кайра тургузуп жатабыз.+ 12  Себеби ата-бабаларыбыз асмандын Эгедери болгон Кудайды каарданткандыктан,+ ал аларды Бабыл падышасы каздимдик Небухаданасардын+ колуна салып берген. Ал болсо бул ибадаткананы талкалап,+ элди Бабылга туткундап кеткен.+ 13  Бирок Бабылдын падышасы Кореш өзүнүн башкаруусунун биринчи жылында Кудайдын ибадатканасын кайра курганга буйрук берген.+ 14  Ошондой эле Кореш падыша Небухаданасар Иерусалимдеги ибадатканадан, Кудайдын үйүнөн, алып кетип, Бабылдагы ибадатканага коюп койгон алтын-күмүш идиштерди Бабылдагы ибадатканадан алдыртып,+ өзү башкаруучу кылып дайындаган+ Шешпасар*+ аттуу кишиге бердирткен. 15  Кореш ага: “Бул идиштерди Иерусалимдеги ибадатканага алып бар. Кудайдын ибадатканасын мурунку ордуна кайра курушсун”,— деген.+ 16  Шешпасар Иерусалимге келип, Кудайдын ибадатканасынын пайдубалын тургузган.+ Бул ибадаткана ошол убактан бери курулуп жатат, бирок бүтө элек“,— деп жооп беришти.+ 17  Ошондуктан падыша туура көрсө, падышанын баалуу нерселер менен кол жазмалар сакталган Бабылдагы казынасынан издеп көрүп, Кореш падышанын Иерусалимдеги Кудайдын ибадатканасын курганга буйрук берген-бербегенин такташсын.+ Анан падышанын бул иш боюнча чыгарган чечимин бизге билдирип коюшсун».

Шилтемелер

Же: «устундарын ордуна койгонго».
Сыягы, Эзра 2:2деги жана 3:8деги Зоробабыл.