Эзра 7:1—28
7 Ушул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшашта башкарып турган убакта,+ Эзра*+ Иерусалимге кайтып барыш үчүн Бабылдан чыкты. Ал Сераянын, Серая+ Азариянын, Азария Хилкиянын,+
2 Хилкия Шалумдун, Шалум Садоктун, Садок Акитуптун,
3 Акитуп Амариянын, Амария Азариянын, Азария+ Мераоттун,
4 Мераот Зерахиянын, Зерахия Узинин, Узи Букинин,
5 Буки Абышуанын, Абышуа Пинехастын, Пинехас+ Элазардын, Элазар+ жогорку дин кызматчы Арундун+ уулу болгон.
6 Ошентип, Эзра Бабылдан келди. Ал ыйык жазмаларды көчүргөн көчүрмөчү болчу жана Ысрайылдын Кудайы Жахаба өз элине берген Мусанын Мыйзамын мыкты билчү*.+ Жахаба Кудайы аны колдогондуктан, падыша ал сурагандын баарын берди.
7 Артакшашта падышанын башкаруусунун жетинчи жылында айрым ысрайылдыктар, дин кызматчылар, лебилер,+ ырчылар,+ дарбазачылар+ менен ибадатканада кызмат кылган кулдар+ Эзра менен чогуу Иерусалимге жөнөштү.
8 Эзра Иерусалимге падышанын башкаруусунун жетинчи жылында бешинчи айда жетти.
9 Кудайы колдогондуктан,+ ал Бабылдан биринчи айдын биринчи күнү чыгып, Иерусалимге бешинчи айдын биринчи күнү келди.
10 Эзра Жахабанын Мыйзамын окуп-изилдегенге, аткарганга+ жана Ысрайылдагы элге Мыйзамдын жол-жоболору менен көрсөтмөлөрүн үйрөткөнгө+ жүрөгүн даярдаган эле*.
11 Жахабанын осуяттары менен Ысрайылга берген көрсөтмөлөрүн мыкты изилдеген* көчүрмөчү жана дин кызматчы Эзрага Артакшашта падыша берген катта мындай деп жазылган болчу:
12 * «Падышалардын падышасы Артакшаштадан+ асмандын Эгедери болгон Кудайдын мыйзамын көчүргөн көчүрмөчү жана дин кызматчы Эзрага. Амансыңбы!
13 Мен мындай буйрук берем: падышалыгымдагы ысрайыл элинин, алардын дин кызматчылары менен лебилеринин арасынан ким сени менен Иерусалимге баргысы келсе барсын.+
14 Себеби падыша менен жети кеңешчиси сени колуңдагы Кудайдын Мыйзамы Жүйүт жеринде жана Иерусалимде аткарылып жаткан-жатпаганын текшериш үчүн жөнөтүп жатат.
15 Ошондой эле падыша менен анын кеңешчилери турак жайы Иерусалимде болгон Ысрайылдын Кудайына тартуу кылган алтын-күмүштү алып барышыңды буйрук кылып жатат.
16 Ага кошуп Бабылдын бардык дубандарынан өзүң чогулткан алтын-күмүштү, эл менен дин кызматчылардын Иерусалимдеги Кудайдын ибадатканасына берген тартууларын алып барышыңды буйрук кылып жатат.+
17 Ошол каражатка букаларды,+ кочкорлорду,+ козуларды,+ ошондой эле алар менен чогуу тартуу кылына турган дан азыктары+ менен шарапты+ создуктурбай сатып ал да, Кудайыңардын Иерусалимдеги ибадатканасындагы курмандык жайына алып бар.
18 Калган алтын-күмүштү өзүң жана башка дин кызматчылар туура көргөндөй, Кудайыңардын эркине ылайык жумшагыла.
19 Ал эми Кудайыңдын ибадатканасындагы кызматта колдонуш үчүн сага берилген идиштердин баарын Иерусалимдеги Кудайдын ибадатканасына алып барып кой.+
20 Эгер Кудайыңдын ибадатканасы үчүн дагы бир нерсе керек болуп калса, падышанын казынасынан ал.+
21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын аркы өйүзүндөгү казыначылардын баарына мындай буйрук берем: асмандын Эгедери болгон Кудайдын Мыйзамын көчүргөн көчүрмөчү жана дин кызматчы Эзрага+ сураган нерсесинин баарын дароо бергиле.
22 Ага 3 420 килограммга* чейин күмүш, 16 тоннага* чейин буудай, 2 200 литрге* чейин шарап,+ 2 200 литрге чейин май+ жана каалашынча туз+ бергиле.
23 Мага, уулдарыма жана элиме асмандын Эгедери болгон Кудайдын каары кайнабашы үчүн+, асмандын Эгедери болгон Кудай өзүнүн ибадатканасына байланыштуу эмнени буйрук кылса, ошонун баарын так аткаргыла.+
24 Ошондой эле баарыңарга маалым болсун: дин кызматчылардын, лебилердин, музыканттардын,+ дарбазачылардын, ибадатканада кызмат кылган кулдардын+ жана Кудайдын ибадатканасындагы башка жумушчулардын эч кимисинен салык,+ алым же бажы акысы талап кылынбасын.
25 Сен болсо, Эзра, Кудайың берген акылды колдонуп мыйзам кызматкерлерин, сотторду дайында. Алар дарыянын аркы өйүзүндө жашаган элге, Кудайыңдын мыйзамдарын билгендердин баарына, сот жүргүзүшсүн. Ал эми билбегендерин үйрөткүлө.+
26 Кудайыңдын Мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаган ар бир киши өлүм жазасына тартылабы, сүргүнгө айдалабы, айып пул төлөйбү, түрмөгө камалабы, токтоосуз түрдө жазалансын».
27 Падышага Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасынын жасалгаланышын колдогонго түрткү берген ата-бабаларыбыздын Кудайы Жахаба даңкталсын!+
28 Анын сүйүүсүнүн* аркасында падыша менен анын кеңешчилери+ жана таасири күчтүү төрөлөрүнүн баары мени колдошту.+ Ошентип, Жахаба Кудайым жардам бергендиктен, кайраттанып, ысрайыл элинин башчыларын мени менен Иерусалимге чогуу барышы үчүн чогулттум.
Шилтемелер
^ Мааниси: «жардам».
^ Же: «Мусанын Мыйзамын көчүргөн мыкты көчүрмөчү болчу».
^ Же: «үйрөтүүнү жүрөгүндө бек чечип алган эле».
^ Же: «көчүргөн».
^ Түп нускада Эзра 7:12ден 7:26га чейинки аяттар арамей тилинде жазылган.
^ Сөзмө-сөз: «100 корго». 1 кор = 220 л. Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «100 батка». 1 бат = 22 л. Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «100 талантка». Б14 тиркемесин кара.