Эзра 9:1—15
9 Ошондон көп өтпөй, мага төрөлөр келип: «Ысрайыл эли, дин кызматчылар менен лебилер бул жерде жашаган элдер менен: канаандыктар, Хеттин тукумдары, периздер, жебустуктар, Амондун тукумдары, мааптыктар, мисирликтер*,+ аморлуктар+ менен мамилесин үзө элек, ал элдер кылган жийиркеничтүү иштерди+ дагы деле кылып жатышат.
2 Өздөрү да, уулдары да алардын кыздарына үйлөнүп,+ ыйык элден болуп туруп+ ал элдер менен аралашып жатышат.+ Болгондо да, ушундай ишке биринчилерден болуп төрөлөр менен башчылар барып жатышат»,— дешти.
3 Муну укканда үстүмдөгү кийимимди айрып, чачымды, сакалымды жулуп, дал болуп отуруп калдым.
4 Кечке чейин, дан азыктары тартуу кылына турган маалга чейин, ошентип отурдум. Ошондо Ысрайылдын Кудайы айткан сөздөрдү баалап-барктагандардын баары туткундан кайтып келгендердин күнөөсүнө кайгыргандыктан жаныма чогулду.+
5 Кечке чейин ошентип кайгырып отурдум. Анан дан азыктары тартуу+ кылына турган маалда ордуман турдум да, айрылган кийимчен тизелеп, колдорумду өйдө көтөрүп, Жахаба Кудайыма кайрылдым.
6 Ага мындай дедим: «Оо, Кудайым! Уялганымдан сага кайрылганга да батына албай жатам, бетим чыдабай жатат, оо, Кудайым, анткени айыбыбыз башыбыздан ашып түштү, күнөөбүз асманга чейин жетти.+
7 Ата-бабаларыбыздын күндөрүнөн бери күнөөгө батып келатабыз.+ Күнөөбүздүн айынан бизди башка элдердин падышаларынын колуна салып берип келдиң. Алар бүгүнкү күнгө чейин+ өзүбүздү да, падышаларыбызды да, дин кызматчыларыбызды да кылычтап өлтүрүп,+ туткундап,+ талап-тоноп,+ маскаралап келишти.
8 Бирок сен, Жахаба Кудайыбыз, азыр бизге бир азга болсо да ырайым кылып, калгандарыбызды аман алып калып, өзүңдүн ыйык жериңде+ коопсуз жашаганга мүмкүнчүлүк берип жатасың. Ошентип, оо, Кудайыбыз, кубангандан көзүбүздөн нур жанып, кулчулукта жүргөнүбүзгө карабай, бир аз жанданып калдык.
9 Кул болсок да,+ Кудайыбыз, сен бизди кулчулукта калтырган жоксуң, Персия падышаларынын+ жүрөгүн жибитип, бизди жакшы көрөрүңдү* көрсөттүң. Урандыга айланган ибадатканаңды+ кайра курушубуз үчүн, бизди жандандырып койдуң, Жүйүт жери менен Иерусалимде коргодуң*.
10 Оо, Кудайыбыз, ушунун баарынан кийин эми эмне дей алабыз? Биз осуяттарыңды аткарбай койдук.
11 Сага кызмат кылган пайгамбарлар аркылуу айткан осуяттарыңды аткарбай койдук. Алар аркылуу: „Силер ээлегени бараткан жер таза эмес, анткени ал жерде жашаган элдер таза эмес. Себеби алардын ыпылас иштеринин айынан ал жер Кудай арам деп эсептеген нерселерге толуп кетти.+
12 Ошон үчүн алар менен кыз алышып, кыз беришпегиле.+ Күчтүү эл болушуңар үчүн, ал жердин эң жакшы түшүмүнөн жешиңер үчүн жана уулдарыңар ал жерди түбөлүккө мурасташы үчүн, ошол элдердин бейкут жашап, гүлдөп-өсүшүнө+ эч качан жол бербегиле“,— деген осуят берген болчусуң.
13 Оо, Кудайыбыз, сен бизди аяп, күнөөлөрүбүзгө жараша жазалаган жоксуң,+ ушул жерде тургандарыбызды аман алып калдың.+ Жасаган жаман иштерибиздин, күнөөлөрүбүздүн бардык кесепетин тарткандан кийин да
14 кайра эле осуяттарыңды бузуп, жийиркеничтүү иштерди жасаган элдер менен кыз алышып, кыз берише беребизби?+ Анда сен каарданып, бирибизди да калтырбай кырып саласың да!
15 Оо, Ысрайылдын Кудайы Жахаба, сен адилеттүүсүң,+ ошон үчүн айрымдарыбыз ушул күнгө чейин тирүү жүрөбүз. Күнөөлөрүбүздүн айынан ырайым кылышыңа татыксыз болсок да, сага кайрылып, алдыңда турабыз».+