Элчилер 25:1—27

  • Пабылдын ишин Фест карайт (1—12)

    • «Ишимди император карашын талап кылам!» (11)

  • Фест Агриппа падыша менен кеңешет (13—22)

  • Пабылды Агриппанын алдына алып барышат (23—27)

25  Фест+ Жүйүт аймагына* келип, бийлик кыла баштаганынан 3 күн өткөндөн кийин Кесариядан Иерусалимге барды. 2  Ошондо жогорку дин кызматчылар менен жүйүттөрдүн арасындагы таасирдүү кишилер ага жолугуп, Пабылга таккан айыптарын айтышты да,+ 3  аны Иерусалимге жөнөтүп, аларга жакшылык кылып коюшун өтүнүштү. Чынында, алар Пабылды жолдон өлтүрөбүз деп, буктурма койгону жатышкан эле.+ 4  Бирок Фест Пабылдын Кесарияда камакта болушу керектигин, жакында өзү да ошол жакка барарын айтты. 5  Анан: «Жетекчилериңер мени менен барышсын да, ал кишинин кандайдыр бир айыбы бар болсо, айыпташсын»,— деди.+ 6  Фест ал жакта 8-10 күндөй жүргөндөн кийин Кесарияга кайтып барды. Эртеси күнү болсо сот тактысына отуруп, Пабылды алып келгенге буйрук берди. 7  Пабыл келгенде, Иерусалимден келген жүйүттөр аны тегеректеп алып, көптөгөн оор айыптарды коюшту, бирок бирин да далилдей алышкан жок.+ 8  Ошондо Пабыл өзүн коргоп: «Мен жүйүттөр карманган Мусанын Мыйзамын бузган жокмун, ибадатканага да, императорго* да каршы эч кандай кылмыш кылган жокмун»,— деди.+ 9  Фест жүйүттөргө жагынгысы келип,+ андан: «Иерусалимге барып, ошол жерден менин алдымда ушул айыптар боюнча соттолгуң келеби?» — деп сурады. 10  Пабыл: «Мен императордун өкүлүнүн алдында* турам, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Өзүңүз жакшы билгендей, жүйүттөргө эч кандай жамандык кылган эмесмин. 11  Эгерде чынында эле кылмышкер болсом же өлүм жазасына тартылгыдай бир нерсе кылсам,+ ырайым кылышыңызды өтүнбөйм. Ал эми мага коюлган айыптар негизсиз болсо, анда буларга жагыныш үчүн мени булардын колуна салып бергенге эч кимдин акысы жок. Мен ишимди император карашын талап кылам!»+ — деп жооп берди. 12  Фест кеңешчилери менен сүйлөшкөндөн кийин: «Ишиңди император карашын талап кылсаң, императорго барасың»,— деди. 13  Агриппа* падыша менен Бернике* бир нече күндөн кийин Фест менен учурашканы Кесарияга келишти. 14  Алардын келгенине бир топ күн болгондо, Фест Пабылдын иши жөнүндө падышага: «Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар. 15  Иерусалимде жүргөнүмдө, жүйүттөрдүн жогорку дин кызматчылары менен аксакалдары арызданып,+ аны соттошумду суранышты. 16  Мен болсо, римдиктердин тартиби боюнча, айыпталып жаткан кишиге аны айыптагандар менен бетме-бет жолугуп, өзүн коргоп сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербей туруп, айыптоочуларга жагыныш үчүн аны алардын колуна салып бергенге болбой турганын айттым.+ 17  Ошондуктан алар бул жерге келгенде, создуктурбай эртеси күнү эле сот тактысына отурдум да, ал кишини алдырттым. 18  Мен анын кандайдыр бир жаман иштерге катыштыгы бар деп ойлогом, бирок айыптоочулары ага мен ойлогон айыптардын бирин да коюшкан жок.+ 19  Алар жөн эле өздөрүнүн дини жөнүндө,+ Иса деген бир өлгөн киши жөнүндө талашып жатышты. Пабыл аны тирүү деп далилдеп жатты.+ 20  Бул маселени кантип чечишти билбей, Пабылдан Иерусалимге барып, ишинин ошол жерден каралышын каалаар-каалабасын сурадым.+ 21  Бирок ал император* ишин карап, чечим чыгарганга чейин өзүн ушул жерде калтырышымды талап кылды.+ Ошон үчүн императорго жөнөткөнгө чейин анын камакта калышына буйрук бердим»,— деди. 22  Ошондо Агриппа Фестке: «Аны мен да угуп көргүм келип жатат»,+— деди. Тиги: «Анда эртең угасыз»,— деди. 23  Эртеси күнү Агриппа менен Бернике шаан-шөкөт менен келишти да, миң башылар жана шаардын атактуу кишилери менен бирге сот залына киришти. Анан Фесттин буйругу менен Пабылды алып келишти. 24  Фест: «Агриппа падыша! Биз менен бул жерде отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да көптөгөн жүйүттөр алдыңарда турган бул кишинин үстүнөн арызданып, өлүм жазасына тартышымды талап кылып кыйкырышты.+ 25  Бирок мен мунун өлүм жазасына тартылгыдай эч нерсе кылбаганын түшүндүм.+ Анан өзү ишин император карашын талап кылгандыктан, ага жиберейин деп чечтим. 26  Бирок мырзама* бул киши жөнүндө жаза турган эч кандай маалыматым жок. Ошондуктан тергөө жүргүзүлгөндөн кийин бир нерсе жаза алышым үчүн аны силердин алдыңарга, айрыкча, Агриппа падыша, сиздин алдыңызга алып келдим. 27  Анткени камактагы кишиге кандай айып тагылып жатканы жөнүндө маалымат бербей туруп аны Римге жиберген туура эмес деп ойлойм»,— деди.

Шилтемелер

Башкаруучунун резиденциясы Кесарияда болчу.
Сөзмө-сөз: «цезарга».
Же: «императордун сот тактысынын алдында».
Ирод Агриппа II.
Ирод Агриппа IIнин карындашы.
Же: «Август». Рим императорунун наамы. Бул наам биринчи жолу Октавианга ыйгарылган. Бул аятта төртүнчү император Нерон жөнүндө сөз кылынып жатат.
Рим императоруна карата айтылган.