Элчилер 27:1—44
27 Италияга сүзүп кетерибиз чечилгенде,+ Пабыл менен камактагы кээ бир кишилерди императордун* аскер бөлүгүндөгү Улий деген жүз башыга тапшырышты.
2 Биз Адрамиттен келген кемеге түшүп, жолго чыктык. Ал кеме Азиянын жээгиндеги кеме жайларга бараткан эле. Македониядагы Тесалоника шаарынан болгон Аристарх+ да биз менен кошо чыкты.
3 Эртеси күнү Сидонго барып токтодук. Улий Пабылга адамгерчиликтүү мамиле кылды, ага досторуна барып, жардам алышына уруксат берди.
4 Ал жерден чыгып, шамал бет маңдайыбыздан соккондуктан, Кипрдин далдасында сүзүп отурдук.
5 Анан Киликиянын, Памфилиянын жанынан сүзүп өтүп, Ликиядагы Мира шаарына токтодук.
6 Жүз башы ал жерден Александриядан келип, Италияга жөнөгөнү жаткан бир кемени таап, бизди ошого отургузду.
7 Бир канча күн жай сүзүп отуруп, араңдан зорго Кинитке жеттик. Анан шамалдан улам көздөгөн багытыбыз менен жүрө албай, Критти далда кылып, Салмондун жанынан сүзүп өттүк.
8 Андан ары да араң сүзүп отуруп, Ласея шаарынын жанындагы Жакшы-Кеме-Жай деп аталган жерге жеттик.
9 Жолго көп убактыбыз кетип, Күнөөдөн арылуу күнүндө+ тутулчу орозо* бүтүп калган эле. Ошон үчүн андан ары деңиз менен жүрүү коркунучтуу болгондуктан, Пабыл:
10 «Мындан ары жол жүрбөй эле койгонубуз жакшы деп ойлойм. Болбосо кеме чөгүп, бүт жүгүбүздөн кол жууп калабыз. Ал эле эмес, өзүбүз да өлүп калышыбыз мүмкүн»,— деп эскертти.
11 Бирок жүз башы Пабылдын эмес, кеменин ээси менен кемени башкарган кишинин айткандарын туура көрдү.
12 Ал кеме жай кыштаганга ылайыксыз болчу. Ошон үчүн кемедегилердин көбү кышташ үчүн сапарды улап, Криттеги Финик кеме жайына жеткенге аракет кылып көрөлү дешти. Финик кеме жайына түндүк-чыгыштан да, түштүк-чыгыштан да кире алышмак.
13 Түштүктөн жел сого баштаганда, эми көздөгөн жерибизге жетет экенбиз деп ойлоп, кеме казыкты суудан чыгарышты да, Критти бойлой сүзүп жөнөштү.
14 Бирок көп өтпөй Эвракилон* деп аталган долуланган шамал башталды.
15 Шамал ушунчалык катуу согуп, кемени башкара албай калдык. Ошон үчүн аргасыздан шамал айдаган жакка кете бердик.
16 Кабуда деген бир кичинекей аралдын далдасында кетип баратканда кеменин арт жагындагы кайыкты* араң кармап калдык.
17 Аны кемеге тартып чыгаргандан кийин кемени аркандар менен байлап, бекемдей башташты. Анан Сиртте* кумга сайылып калабыз деп коркуп, жел айдаган кендир кездемени түшүрүштү. Ошентип, шамалга айдалып кете бердик.
18 Шамал күчөп, бизди аркы-терки айдай бергендиктен, эртеси күнү кемени жеңилдетиш үчүн жүктөрдү ыргыта башташты.
19 Үчүнчү күнү болсо кеменин жабдыктарын ыргытышты.
20 Көп күн бою күн да, жылдыздар да көрүнгөн жок, шамал болсо күчөгөндөн күчөй берди. Акырында аман каларыбыздан үмүт үзө баштадык.
21 Кемедегилер көптөн бери тамактана элек болчу. Ошондуктан Пабыл ортого туруп: «Айтканымды угуп, Криттен деңизге чыкпай эле койсоңор жакшы болмок. Ошондо мынчалык азап чекмек эмеспиз, минтип жүктөрүбүздү да ыргытмак эмеспиз.+
22 Бирок эми кайгырбагыла, себеби эч кимиңер өлбөйсүңөр, кеме гана кыйрайт.
23 Анткени мен сыйынган, кызмат кылган Кудайдын периштеси+ түндө жаныма келип:
24 „Коркпо, Пабыл. Сен императордун алдына барышың керек.+ Кудай сени менен бараткандардын баарынын өмүрүн сактап калат“,— деди.
25 Ошон үчүн сарсанаа болбой, кайраттангыла, себеби Кудай мага кандай айтса, баары ошондой болот деп ишенем.
26 Бирок кемебиз бир аралдын жээгине барып кыйрайт»,+— деди.
27 Он төртүнчү түнү, дагы эле Адрия деңизинде* шамалга айдалып жүргөнүбүздө, түн ортосунда кемечилер кургактыкка жакындап калышканын түшүнүштү.
28 Суунун тереңдигин өлчөп көрүшсө, 36 метрдей экен. Бир аз жүргөндөн кийин дагы өлчөшсө, 27 метрдей экен.
29 Аскага урунуп калабыз деп коркуп, кеменин арткы бөлүгүнөн 4 кеме казыкты сууга ыргытышты да, таңдын атышын чыдамсыздык менен күтө башташты.
30 Кемечилер качып кетиштин жолун издеп, кеменин тумшук жагынан кеме казыктарды ыргытымыш болуп деңизге кайыкты түшүрүп жатышканда,
31 Пабыл жүз башы менен жоокерлерге: «Эгер булар кемеде калбаса, куткарыла албайсыңар»,+— деди.
32 Ошондо жоокерлер кайыктын аркандарын кыя чаап, аны сууга түшүрүп жиберишти.
33 Таңга маал Пабыл баарын тамактанганга чакырып: «Санаа тартып, эмне болот болду экен деп күтүп, эч нерсе жебей жатканыңарга бүгүн 14 күндүн жүзү болот.
34 Ошондуктан, силерден суранарым, өлүп калбашыңар үчүн тамактанып алгыла. Башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт»,— деди.
35 Анан нандан алып, бардыгынын алдында Кудайга ыраазычылык билдирди да, сындырып, жей баштады.
36 Ошондо баарынын көңүлү көтөрүлүп, тамак жей башташты.
37 Кемеде баарыбыз биригип 276 жан элек.
38 Тойгондон кийин кемени жеңилдетиш үчүн буудайды деңизге ыргыта башташты.+
39 Таң атканда, жээги кумдуу бир булуңду көрүштү, бирок кайсы жер экенин биле алышкан жок.+ Алар жээкке сүзүп барганга аракет кылып көрмөкчү болушту.
40 Анан кеме казыктардын аркандарын кесип, деңизге түшүрүп жиберишти. Бургуч калактарды бошотуп, алды жактагы жел айдаган кендир кездемени көтөрүштү да, жээкти көздөй сүзүп жөнөштү.
41 Бир убакта кеме ар кайсы жагынан толкун уруп турган тайыз жерге туш болуп, кумга тыгылып калды. Тумшугу кумга сайылып, кеме жылбай калды да, толкун ургандыктан, арткы бөлүгү талкалана баштады.+
42 Камакка алынгандардын эч кимиси качып кетпеши үчүн, жоокерлер аларды өлтүрүп салалы деп чечишти.
43 Бирок Пабылды аман алып калгысы келген жүз башы буга жол берген жок. Ал сууга адегенде сүзгөндү билгендер секирип, жээкке сүзүп чыкканга буйрук берди.
44 Калгандарына болсо тактайларды же кеменин сыныктарын кармап сүзүп чыгууну буйруду. Ошентип, баарыбыз аман-эсен жээкке чыктык.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Августтун».
^ Же: «күзгү орозо».
^ Түндүк-чыгыштан соккон катуу шамал.
^ Адамдарды куткарыш үчүн колдонулган кошумча кайык.
^ Адрия деңизи азыркы Адрия, Иония деңиздерин жана Жер Ортолук деңиздин Сицилия менен Криттин ортосундагы бөлүгүн камтыган.