Элчилер 3:1—26
3 Петир менен Жакан Кудайдан тилене турган маалда, түштөн кийинки саат үчтөрдө*, ибадатканага баратышкан эле.
2 Ошол учурда бирөөлөр ал жакка буту баспаган тубаса майып бир кишини көтөрүп баратышкан. Ибадатканага кирип бараткандардан кайыр сурашы үчүн, аны күн сайын ибадаткананын Кооз деп аталган дарбазасынын жанына калтырып кетишчү.
3 Ал Петир менен Жакандын ибадаткананы көздөй баратканын көрүп, алардан кайыр сурады.
4 Экөө аны тигиле карап калышты. Анан Петир ага: «Бери карасаң»,— деди.
5 Тиги киши бир нерсе үмүт этип, алардан көзүн албай тиктеп калды.
6 Ошондо Петир: «Менде күмүш да, алтын да жок. Бирок эмнем бар болсо, ошону берейин: назареттик Иса Машаяктын атынан айтам, бас!» — деди.+
7 Анан аны оң колунан кармап, өйдө тургузуп жатканда,+ ошол замат анын бутуна күч кирип,+
8 ыргып турду да,+ баса баштады. Ал улам секирип, Кудайды даңктап, алар менен бирге ибадатканага кирди.
9 Анын басып жүргөнүн, Кудайды даңктап жатканын бүт эл көрдү.
10 Алар анын ибадаткананын Кооз дарбазасынын+ алдында дайыма кайыр сурап отурган киши экенин таанып, басып калганына аябай таң калышты.
11 Ал Петир менен Жаканды дагы деле коё бербей кармап алган эле. Эл алардын жанына, Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жайга+ чуркап барды. Алар болгон окуяга таң калып жатышты.
12 Муну көргөндө Петир элге кайрылып, мындай деди: «Ысрайылдыктар, буга эмнеге таң калып жатасыңар? Бул кишини өз күчүбүз менен же Кудайга болгон берилгендигибизден улам бастырып жибергенсип, бизди эмнеге карап турасыңар?
13 Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайы,+ ата-бабаларыбыздын Кудайы, өзүнүн Кызматчысы+ Исаны+ даңкка бөлөдү. Силер болсо аны душмандын колуна салып берип,+ Пилат аны бошотмокчу болгондо, Пилаттын алдында андан баш тартып кеткенсиңер.
14 Ооба, силер ыйык, адил адамдан баш тартып кеттиңер. Киши өлтүргүчкө ырайым кылынышын сурап,+
15 өмүргө жол ачкан Башчыны болсо өлтүрүп салдыңар.+ Бирок Кудай аны тирилтип алды; буга биз өзүбүз күбөбүз.+
16 Азыр болсо Исанын ысмынын, биздин ал ысымга ишенгенибиздин аркасында өзүңөр көрүп, таанып турган бул кишинин бутуна күч кирди. Исага ишенгенибизден улам бул киши баарыңардын көзүңөрчө сопсоо болуп калды.
17 Бирок, агайын-туугандар, башчыларыңар сыяктуу эле+ силердин да ал ишти билбестиктен кылганыңарды билем.+
18 Кудай болсо ага Машаяктын азап чегери жөнүндө бардык пайгамбарлары аркылуу алдын ала айткандары аткарылышы үчүн жол берген.+
19 Ошондуктан, күнөөлөрүңөр кечирилиши* үчүн,+ өкүнгүлө,+ жолуңардан кайткыла*.+ Ошондо Жахаба жан дүйнөңөрдү тынчтандырат*,
20 силерге жардам бериш үчүн дайындалган Машаякты, Исаны, жиберет.
21 Иса Кудайдын байыркы убактагы ыйык пайгамбарлары аркылуу убада кылган нерселеринин баары калыбына келтириле турган убакка чейин асманда болот.
22 Муса: „Жахаба Кудайыңар силерге элиңердин арасынан мен сыяктуу пайгамбарды дайындайт.+ Ал эмне айтса, ошонун баарын уккула.+
23 Ал Пайгамбарды укпаган ар бир киши эл ичинен жок кылынат“,— деген.+
24 Ушул күндөр жөнүндө Шемуел пайгамбардан тартып андан кийинки пайгамбарлардын баары ачык жарыялашкан.+
25 Ал пайгамбарлар Кудайдын ата-бабаларыңар менен түзгөн келишими жөнүндө айтышкан.+ Ал келишим силерге да тиешелүү, себеби Кудай Ыбрайымга: „Сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат“,— деп убада кылган.+
26 Кудай ар бириңерге жаман иштериңерди таштаганга жардам берип, бата бериш үчүн өзүнүн Кызматчысын* дайындап, аны биринчи силерге жиберген».+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «тогузунчу саатта».
^ Сөзмө-сөз: «өчүрүлүшү».
^ Сөзмө-сөз: «кайрылгыла».
^ Же: «сергитет». Сөзмө-сөз: «Жахабадан жандандыра турган убактар келет».
^ Б. а. Исаны.