Элчилер 6:1—15

  • Жооптуу ишке 7 киши дайындалат (1—7)

  • Степанга Кудайга акарат кылды деген айып коюшат (8—15)

6  Шакирттердин саны барган сайын өсө берди. Ошол убакта грекче сүйлөгөн жүйүттөр еврейче сүйлөгөн жүйүттөргө нааразы боло башташты. Анткени күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүлгөндө, грекче сүйлөгөн жесирлер өздөрүнө тиешелүүсүн албай калып жатышкан эле.+ 2  Ошондо 12 элчи ал жактагы шакирттердин баарын чогултуп: «Тамак-аш бөлүштүрөбүз деп, Кудайдын сөзүн окутканыбызды токтотуп койгонубуз туура эмес болуп калат.+ 3  Ошон үчүн, бир туугандарыбыз, араңардан Кудайдын ыйык рухуна толгон, акылдуу,+ жакшы атка конгон+ 7 кишини тандагыла. Бул жооптуу ишке ошолорду дайындайлы.+ 4  Биз болсо мындан ары да Кудайдан тиленип, башкаларга анын сөзүн окутуп-үйрөтө берели»,— дешти. 5  Бул чогулгандардын баарына жаккандыктан, алар ишеними күчтүү, Кудайдын ыйык рухуна толгон Степанды, Филипти,+ Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана жүйүттөрдүн динин кабыл алган антиохиялык Николасты тандашты да, 6  элчилерге алып келишти. Элчилер болсо Кудайдан тиленип, алардын үстүнө колдорун коюп, ошол ишке дайындашты.+ 7  Ошентип, Кудайдын сөзү кеңири жайылып,+ Иерусалимдеги шакирттер көбөйгөндөн көбөйө берди.+ Дин кызматчылардын ичинен да көптөр Исанын жолун жолдой башташты.+ 8  Кудай зор күч берип, анын колдоосуна ээ болгон Степан эл арасында керемет-жышаандарды көрсөтүп жүрдү. 9  Бирок Эркиндикке чыгарылгандар деген топтун айрым мүчөлөрү, ошондой эле Кирена менен Александриянын, Киликия менен Азиянын кээ бир тургундары Степан менен талашып-тартыша башташты. 10  Анткен менен ага туруштук бере алышкан жок. Себеби ал Кудайдын ыйык рухуна жетектелип, акылмандык менен сүйлөп жаткан эле.+ 11  Ошондо тигилер бирөөлөр менен тымызын сүйлөшүп алып, аларды: «Биз мунун Муса пайгамбарга жана Кудайга акарат кылганын укканбыз»,— деп айтканга көндүрүштү. 12  Ошондой эле элди, аксакалдар менен диний мыйзамдарды окуткандарды Степанга каршы тукурушту. Ага каршы чыккан ошол кишилер капысынан келип, аны кармап, Жогорку сотко алып барышты. 13  Ал жерден жалган күбөлөрдү чакырышты. Жалган күбөлөр болсо: «Бул киши Кудайдын ибадатканасы менен Мыйзамга каршы сүйлөгөнүн койбой жатат. 14  Мисалы, биз мунун баягы назареттик Исанын ушул жайды талкалап, Муса пайгамбар айтып кеткен салттарды өзгөртөрүн айтып жүргөнүн укканбыз»,— дешти. 15  Жогорку сотто отургандардын баары Степанды тигиле карап турушту. Алар анын жүзүнөн бейкуттук чагылып, периштеникиндей болуп турганын көрүштү.

Шилтемелер