Эстер 3:1—15

  • Падыша Амандын даражасын көтөрөт (1—4)

  • Аман жүйүттөрдү тукум курут кылууну көздөйт (5—15)

3  Ошол окуялардан кийин Акашберош падыша Агактын+ тукумдарынан болгон Амадаттын уулу Амандын+ даражасын көтөрүп, бардык төрөлөрүнөн жогору койду.+ 2  Падыша буйрук кылгандыктан, ак сарайдын дарбазасынын жанындагы кызматчылардын баары жүзтөмөндөп жыгылып, Аманга таазим кылышчу. Мордохай болсо ага таазим кылчу эмес, анын алдында жүзтөмөндөп жыгылчу да эмес. 3  Ошондуктан ак сарайдын дарбазасынын жанындагы кызматчылар Мордохайга: «Сен эмнеге падышанын буйругун аткарбай жатасың?» — дешти. 4  Алар күндө ошентип айтышса да, Мордохай аларды уккан жок. Кайра, аларга өзүнүн жүйүт экенин айтты.+ Ошондо алар Аман аны эмне кылар экен деп,+ ага айтып барышты. 5  Мордохайдын таазим кылбаганын, жүзтөмөндөп жыгылбаганын көрүп, Амандын каары кайнап чыкты.+ 6  Аманга Мордохайдын кайсы элден экенин айтышкандыктан, ага анын өзүн эле өлтүрсө аздык кыла тургандай сезилди. Ошон үчүн ал Мордохайдын элин, Акашбероштун падышалыгында жашаган жүйүттөрдүн баарын, өлтүрүштүн амалын издей баштады. 7  Аларды кыра турган күндү, айды тандаш үчүн Акашберош падышанын башкаруусунун он экинчи жылынын+ биринчи айында, нисан айында, Амандын алдында пур,+ башкача айтканда, өкчөмө таш* ыргытышты. Өкчөмө таш он экинчи айга, адар айына,+ түштү. 8  Ошондо Аман Акашберош падышага барып: «Сенин падышалыгыңдагы дубандарда+ жашаган элдердин арасына чачырап кеткен+ бир эл бар. Ал элдин мыйзамдары башка элдердикиндей эмес. Алар падышанын мыйзамдарын да аткарышпайт. Падышам аларды жөн койбошу керек. 9  Эгер падышам туура көрсө, аларды тукум курут кылганга буйрук чыгарсын. Мен падышанын казынасына салынышы үчүн анын кызматчыларына 342 тонна* күмүш берем*»,— деди. 10  Ошондо падыша колундагы мөөр басчу шакегин+ чечип, Агактын+ тукумдарынан болгон Амадаттын уулу Аманга,+ жүйүттөрдүн душманына, берди. 11  Анан ага: «Күмүштү* да, элди да сага бердим. Эмне кылам десең, өзүң бил»,— деди. 12  Биринчи айдын он үчүнчү күнү падышанын катчыларын+ чогултушту. Алар Амандын дубандардын башкаруучулары менен башкы башкаруучуларына* жана дубандардагы ар кайсы элдердин төрөлөрүнө берген буйруктарын ар бир дубанга өзүнүн ариби менен, ар бир элге өз тилинде жазышты.+ Аны Акашберош падышанын атынан жазып, шакеги менен мөөр басып бекитишти.+ 13  Белгиленген күнү, он экинчи айдын, башкача айтканда, адар айынын+ он үчүнчү күнү жүйүттөрдүн баарын: жашын да, карысын да, балдарын да, аялдарын да бүт кырып, дүнүйө-мүлкүн талап-тоноп алыш үчүн, ал каттарды чабармандар аркылуу падышага караштуу бардык дубандарга жөнөтүштү.+ 14  Анткени бардык элдер ошол күнгө даяр болушу үчүн, бүт дубандарга мыйзам катары берилген ал буйрук баарына жарыяланышы керек эле. 15  Падышанын буйругу менен чабармандар тезинен жөнөп кетишти.+ Ал мыйзам Шушан+ сепилдүү сарайында да жарыяланды. Падыша менен Аман шарап ичкени отурушту. Шушан шаарындагылар болсо дүрбөлөңгө түшүп жатышты.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «10 000 талант». Б14 тиркемесин кара.
Же балким: «Муну ишке ашыра тургандарга төлөп бериш үчүн падышанын казынасына 10 000 талант күмүш берем».
Сыягы, жүйүттөрдөн тонолуп алына турган күмүш.
Сөзмө-сөз: «сатраптарга». Сөздүктү кара.