Эстер 6:1—14

  • Падыша Мордохайга сый көрсөтөт (1—14)

6  Ошол түнү падышанын уйкусу качып, ошол убактагы окуялар баяндалган китепти+ алып келгиле деп буйрук кылды. Анан аны падышага окуп беришти. 2  Ал жакта дарбаза кайтарган Биктан менен Терештин — ак сарай кызматчыларынын — Акашберош падышаны өлтүрүштүн амалын издеп жатышканы жөнүндө Мордохайдын билдиргени да жазылган экен.+ 3  Ошондо падыша: «Бул үчүн Мордохайга кандай сый көрсөтүлдү эле? Кандай сыйлык берилди эле?» — деп сурады. Кызматчылары: «Эч кандай сый көрсөтүлгөн эмес»,— дешти. 4  Бир убакта падыша: «Короодо ким бар?» — деп сурады. Ошол учурда падыша сарайынын сырткы короосунда+ Аман турган эле. Ал өзү орноткон устунга Мордохайды астырыш үчүн падыша менен сүйлөшкөнү келген болчу.+ 5  Кызматчылары падышага: «Короодо Аман+ турат»,— дешти. Падыша: «Кирсин»,— деди. 6  Аман киргенде, падыша андан: «Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине эмне кылышы керек деп ойлойсуң?» — деп сурады. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге сый көрсөтмөк эле»,— деп ойлоп,+ 7  ага: «Падыша сый көрсөткүсү келген кишиге мындай кылынсын: 8  падышанын кийимин+ жана минген атын, башына жасалга тагылган атын, алып келип, 9  атактуу төрөлөрүнүн бирине беришсин. Анан тиги кишиге ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизишсин да, алдына түшүп: „Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине ушундай кылат!“ — деп жар салып, шаар аянтын кыдыртып чыгышсын»,— деди.+ 10  Ошондо падыша Аманга: «Тезирээк, өзүң айткандай, кийим менен атты алып кел да, ак сарайдын дарбазасынын алдында отурган жүйүт Мордохайга барып, айткандарыңдын баарын кыл, бирин да калтырба»,— деди. 11  Аман кийимди алып келип, Мордохайга+ кийгизди да, атка мингизип, алдына түшүп: „Падыша сый көрсөткүсү келген кишисине ушундай кылат!“ — деп жар салып, шаар аянтын кыдыртып чыкты. 12  Андан соң Мордохай кайра ак сарайдын дарбазасынын жанына барды. Аман болсо капаланып, жүзүн* жаап, шашкан бойдон үйүнө жөнөдү. 13  Ал аялы Зереш+ менен досторуна эмне болгонун бүт айтып берди. Ошондо анын кеңешчилери* менен аялы Зереш: «Эгер сен жеңиле баштаган Мордохай жүйүт болсо, анда ага күчүң жетпейт, сөзсүз жеңилесиң»,— дешти. 14  Алар Аман менен сүйлөшүп жатканда, падышанын ак сарай кызматчылары келишти да, Аманды шаштырып, Эстердикине конокко алып кетишти.+

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «башын». Бул кишинин уялганын же кайгырганын билдирет.
Сөзмө-сөз: «акылмандары».