Эстер 7:1—10

  • Эстер арам ою бар Амандын бетин ачат (1—6а)

  • Аманды өзү орноткон устунга асып салышат (6б—10)

7  Ошентип, падыша менен Аман+ Эстер канышаныкына конокко барышты. 2  Экинчи жолу барып, шарап ичип отурушканда, падыша Эстерге: «Эмне өтүнүчүң бар, Эстер каныша? Айт, сөзсүз орундатам. Каалаганың эмне? Атүгүл падышалыгымдын жарымын сурасаң да, берем!» — деди.+ 3  Ошондо Эстер каныша: «Оо, падышам, эгер көңүлүңүзгө жаксам, эгер падышам туура көрсө, анда суранам, өмүрүмдү сактап калыңыз! Өтүнөм, элимди+ куткарып калыңыз! 4  Анткени мени да, элимди да сатып жиберишти.+ Эгер бизди кулчулукка сатышса мейли эле, анда унчукпайт элем. Бирок бизди кырып жок кылыш үчүн, тукум курут кылыш үчүн+ сатып жиберишпедиби. Мындайга жол бере көрбөңүз, мунун айынан падыша да зыян тартат»,— деди. 5  Ошондо Акашберош падыша Эстер канышага: «Мындай ишке батынган ким ал? Каякта ал?» — деди. 6  Эстер: «Касыбыз да, душманыбыз да мобул кара өзгөй Аман»,— деди. Аман падыша менен канышадан абдан коркуп кетти. 7  Падыша заары бетине чыгып, шарап ичип отурган жеринен турду да, ак сарайынын багына чыгып кетти. Аман болсо падышанын аны жазасыз калтырбай турганын түшүнүп, жан соогалап, Эстер канышага жалына баштады. 8  Падыша бактан кайра келсе, Аман Эстер отурган сөөрүгө жабышып алыптыр. Аны көрүп, падыша: «Эми өз үйүмдө канышаны зордуктагың барбы?!» — деди. Ал ошентип айтары менен, Амандын жүзүн чүмкөй салышты. 9  Ак сарай кызматчыларынын бири Харбон:+ «Падышага кабар берип, анын өмүрүн сактап калган+ Мордохайды асыш үчүн+ Аман бийиктиги 22 метр* болгон устун орноткон. Ал анын үйүнүн жанында турат»,— деди. Ошондо падыша: «Ошол устунга өзүн асып салгыла»,— деди. 10  Алар Аманды Мордохайды асыш үчүн орноткон устунуна асып салышты. Ошондон кийин падышанын ачуусу тарады.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «50 чыканак». Б14 тиркемесин кара.