Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аюп

Бөлүмдөр

Мазмуну

  • 1

    • Аюптун кынтыксыздыгы менен байлыгы (1—5)

    • Шайтан Аюптун ниетине шек туудурат (6—12)

    • Аюп мал-мүлкүнөн, балдарынан айрылат (13—19)

    • Аюп Кудайды күнөөлөбөйт (20—22)

  • 2

    • Шайтан Аюптун ниетине кайрадан шек туудурат  (1—5)

    • Шайтанга Аюпту ооруга чалдыктырганга жол берилет (6—8)

    • Аюптун аялы: «Кудайды каргап туруп, өлүп эле калбайсыңбы!» — деп айтат (9, 10)

    • Аюптун 3 жолдошу келет (11—13)

  • 3

    • Аюп төрөлгөн күнүн каргайт (1—26)

      • Эмнеге кыйналып жатканын сурайт (20, 21)

  • 4

    • Элипаз биринчи жолу сүйлөйт (1—21)

      • Аюптун кынтыксыздыгына шек туудурат (7, 8)

      • «Кандайдыр бир рухтан» уккандарын айтат (12—17)

      • «Кудай өз кызматчыларына да ишенбейт»,— деп айтат (18)

  • 5

    • Элипаз сөзүн улайт (1—27)

      • Кудай «акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен өздөрүнүн торуна түшүрөт» (13)

      • Аюп «Кудайдын оңдоп-түзөгөнүн четке какпашы» керек (17)

  • 6

    • Аюп жооп берет (1—30)

      • Арыз-муңу негиздүү экенин айтат (2—6)

      • Соороткону келген жолдоштору эч нерсеге жарабайт (15—18)

      • «Ак сөз жүрөк оорутпайт!» (25)

  • 7

    • Аюп жообун улайт (1—21)

      • Ажалдуу пенденин күндөрү жалданма жумушчунун күндөрүндөй (1, 2)

      • «Эмнеге менин артыман сая түштүң?» (20)

  • 8

    • Билдат биринчи жолу сүйлөйт (1—22)

      • Аюптун балдары күнөө кылса керек деп кыйытып айтат (4)

      • «Эгер чындап эле таза... болсоң», Кудай сени коргомок (6)

      • Аюпту ыймансыздай кылып көрсөтөт (13)

  • 9

    • Аюп жооп берет (1—35)

      • Ажалдуу адам Кудай менен талашып-тартыша албайт (2—4)

      • Кудайдын иштери акыл жеткис (10)

      • Адам Кудай менен соттошо албайт (32)

  • 10

    • Аюп жообун улайт (1—22)

      • «Мага эмнеге каршы чыгып жатканыңды түшүндүр» (2)

      • Аюп өзүн, ажалдуу адамды, Кудайга салыштырат (4—12)

      • Бир аз эс алып алгысы келет (20)

  • 11

    • Сопар биринчи жолу сүйлөйт (1—20)

      • Аюпту куру сөздөрдү сүйлөп жатат деп айыптайт (2, 3)

      • Аюпту туура эмес бир нерсе кылганды токтотконго чакырат (14)

  • 12

    • Аюп жооп берет (1—25)

      • «Силерден кем эмесмин» (3)

      • «Шылдың болдум» (4)

      • «Акылмандык... Кудайда» (13)

      • Кудай соттор менен падышалардан жогору турат (17, 18)

  • 13

    • Аюп жообун улайт (1—28)

      • «Кудурети Чексиз Кудайдын өзү менен сүйлөшкүм келет» (3)

      • «Баарыңар тең эч нерсеге жарабаган дарыгерсиңер» (4)

      • «Меники туура экенин билем» (18)

      • Кудайдан эмнеге аны душманындай көрөрүн сурайт (24)

  • 14

    • Аюп жообун улайт (1—22)

      • Адамдын өмүрү ары кыска, ары азаптуу (1)

      • «Дарактын да үмүтү бар эмеспи» (7)

      • «Мени көргө... жашыра турсаң кана» (13)

      • «Өлгөн киши кайра жашайбы?» (14)

      • Кудай колунан бүткөндөрдү сагынып, куса болот (15)

  • 15

    • Элипаз экинчи жолу сүйлөйт (1—35)

      • Башкалардын Кудайдан коркпой калганына Аюпту күнөөлөйт (4)

      • Аюпту текебер кылып көрсөтөт (7—9)

      • Кудай периштелерине да ишене бербейт деп айтат (15)

      • Ким азап тартса, ошол ыймансыз деп айтат (20—24)

  • 16

    • Аюп жооп берет (1—22)

      • «Баарыңар тең азабымды арбыткан сооротуучусуңар!» (2)

      • Кудайдын аны бута кылганын айтат (12)

  • 17

    • Аюп жообун улайт (1—16)

      • «Мени шылдыңчылдар курчап алды» (2)

      • «Кудай мени элге шылдың кылды» (6)

      • «Көр менин үйүм болот» (13)

  • 18

    • Билдат экинчи жолу сүйлөйт (1—21)

      • Ыймансыздын эмне болорун айтат (5—20)

      • Аюпту Кудайды тааныбаган адамдай кылып көрсөтөт (21)

  • 19

    • Аюп жооп берет (1—29)

      • Дос сөрөйлөрүнүн айыптарын четке кагат (1—6)

      • Аны баары таштап кеткенин айтат (13—19)

      • «Куткаруучум бар» (25)

  • 20

    • Сопар экинчи жолу сүйлөйт (1—29)

      • Аюптун сөздөрү намысына тиет (2, 3)

      • Аюпту күнөөкөр кылып көрсөтөт (5)

      • Аюпту кыянатчыл кишидей кылып көрсөтөт (12, 13)

  • 21

    • Аюп жооп берет (1—34)

      • «Эмне үчүн ыймансыздар жашап жүрөт?» (7—13)

      • Сооротуучуларын ашкерелейт (27—34)

  • 22

    • Элипаз үчүнчү жолу сүйлөйт (1—30)

      • «Адамдан Кудайга эмне пайда?» (2, 3)

      • Аюпту ач көз, адилетсиз адам кылып көрсөтөт (6—9)

      • Аны «Кудайга кайрылып келгенге» чакырат (23)

  • 23

    • Аюп жооп берет (1—17)

      • Ишин Кудай териштиришин каалайт (1—7)

      • Кудайды таба албай жатканын айтат (8, 9)

      • «Жолунан чыкпай келем» (11)

  • 24

    • Аюп жообун улайт (1—25)

      • «Кудай сот жүргүзөр күнүн эмнеге белгилеп койгон эмес?» (1)

      • Кудай жамандыкка жол берип жатат деп айтат (12)

      • Ыймансыздар караңгылыкты жакшы көрүшөт (13—17)

  • 25

    • Билдат үчүнчү жолу сүйлөйт (1—6)

      • «Пенде Кудайдын алдында кантип адил боло алсын?» (4)

      • Кынтыксыз болгондун пайдасы жок дейт (5, 6)

  • 26

    • Аюп жооп берет (1—14)

      • «Алсызга жардам бергениң... ушубу?!» (1—4)

      • Кудай «жерди эч нерсеге илген эмес» (7)

      • «Булар Кудайдын иштеринин чети гана» (14)

  • 27

    • Аюп Кудайга берилген бойдон калам деп чечет (1—23)

      • «Өлөр-өлгөнчө Кудайга болгон берилгендигимден жазбаймын!» (5)

      • Ыймансыздын үмүтү жок (8)

      • «Эмнеге эч маңызы жок сөздөрдү сүйлөп жатасыңар?» (12)

      • Ыймансыздар эч нерсеси жок калат (13—23)

  • 28

    • Аюп жер байлыгы менен акылмандыкты салыштырат (1—28)

      • Адам баалуу кендерди казат (1—11)

      • «Акылмандык бир баштык толо берметтен да кымбат» (18)

      • «Акылмандык деген — бул Жахабадан коркуу» (28)

  • 29

    • Аюп өткөн бактылуу күндөрүн эстейт (1—25)

      • Шаар дарбазасынын алдында урмат көрсөтүлчү (7—10)

      • Адилеттүүлүк менен иш кылчу (11—17)

      • Баары кеңешине кулак түрчү (21—23)

  • 30

    • Аюп жашоосу кандай өзгөргөнүн айтат (1—31)

      • Киши катарына кирбеген адамдар шылдыңдап жатат (1—15)

      • Кудай жардам бербей жаткандай сезилет (20, 21)

      • «Терим карарды» (30)

  • 31

    • Аюп кынтыксыз экенин айтып, коргонот (1—40)

      • «Мен көзүм менен келишим түзгөм» (1)

      • Кудайдан аны таразага тартышын суранат (6)

      • Жубайынын көзүнө чөп салган эмес (9—12)

      • Дүнүйө-мүлккө жутунган эмес (24, 25)

      • Буркандарга сыйынган эмес (26—28)

  • 32

    • Сөзгө жаш Элиху кошулат (1—22)

      • Аюп менен жолдошторуна каарданат (2, 3)

      • Улууларды сыйлап, баары сүйлөп бүткүчө күтүп отурат (6, 7)

      • «Адам көп жашаганы үчүн эле акылман болуп калбайт» (9)

      • Айтар сөзү Элихунун көөдөнүнө толуп чыгат (18—20)

  • 33

    • Элиху Аюпту өзүн адил эсептегени үчүн ашкерелейт (1—33)

      • «Ал үчүн төлөнө турган кун таптым!» (24)

      • «Ал кайрадан жаштыктын күчүнө толсун» (25)

  • 34

    • Элиху Кудайдын адилеттүү экенин баса белгилейт (1—37)

      • Аюп Кудайдын ага адилеттүүлүк кылбаганын айтат (5)

      • «Чыныгы Кудай жамандык кылышы... мүмкүн эмес!» (10)

      • «Эмне деп жатканын Аюп өзү билбейт» (35)

  • 35

    • Элиху Аюптун туура эмес ойго алдырганын айтат (1—16)

      • Аюп өзүн Кудайдан адил көрсөткөн (2)

      • «Күнөө кылсаңыз, Кудайга кандай зыян келтиресиз?» (5, 6)

      • Аюп Кудайды күтүшү керек (14)

  • 36

    • Элиху Кудайдын акыл жеткис улуулугун даңазалайт (1—33)

      • Баш ийгендер гүлдөп-өсүшөт; ыймансыздар кылычтан өлүшөт (11—13)

      • Кудайдай насаатчы барбы? (22)

      • Аюптун Кудайды даңктаганы туура (24)

      • «Кудайдын улуулугу акыл жеткис» (26)

      • Кудай жамгыр менен чагылганды башкарат (27—33)

  • 37

    • Жаратылыш күчтөрү Кудайдын улуулугунан кабар берет (1—24)

      • Кудай адамдардын иштерин токтотуп коё алат (7)

      • «Кудайдын кереметтүү иштери жөнүндө ойлонуп көрүңүз» (14)

      • «Кудай жөнүндө баарын түшүнгөнгө акылыбыз жетпейт» (23)

      • Адам өзүн акылдуу эсептебеши керек (24)

  • 38

    • Жахаба адамдын болгону пенде эле экенин көрсөтөт (1—41)

      • «Жердин пайдубалын тургузганда, сен кайда элең?» (4—6)

      • «Кудайдын уулдарынын баары салтанаттуу үн салышкан» (7)

      • Табият кубулуштары тууралуу суроолор (8—32)

      • «Асмандагы нерселерди башкарган мыйзамдар» (33)

  • 39

    • Адам жаныбарлар дүнүйөсү жөнүндө баарын билбейт (1—30)

      • Тоо эчкилер менен маралдар (1—4)

      • Жапайы эшек (5—8)

      • Жапайы бука (9—12)

      • Төө куш (13—18)

      • Ат (19—25)

      • Шумкар менен бүркүт (26—30)

  • 40

    • Жахаба дагы суроолорду берет (1—24)

      • Аюп айтар сөзү жок экенин мойнуна алат (3—5)

      • «Менин адилеттүү экенимди талашка саласыңбы?» (8)

      • Кудай бегемоттун канчалык күчтүү экенин айтып өтөт (15—24)

  • 41

    • Кудай укмуштуудай крокодилди сөз кылат (1—34)

  • 42

    • Аюптун Жахабага берген жообу (1—6)

    • Аюптун 3 жолдошу ашкереленет (7—9)

    • Жахаба Аюптун кадыр-баркын кайрадан көтөрүп, мал-мүлкүн эки эселеп көбөйтөт (10—17)

      • Аюптун уулдары менен кыздары (13—15)