Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-СУРОО

Адам өлгөндө эмне болот?

«Анын деми чыгат да, өзү топуракка айланат, ошол күнү ойлору ойрон болот»

Забур 146:4

«Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт... Колуңан келген иштин баарын бүт күчүңдү жумшап кыла бер. Анткени сен бара турган көрдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок»

Насаатчы 9:5, 10

«Иса шакирттерине: „Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам“,— деди. Иса Лазардын өлүп калганын айткан эле. Шакирттери болсо анын кадимкидей эле уктап жатканын айтып жатат деп ойлошту. Ошондуктан Иса аларга: „Лазар өлүп калды“,— деп ачык эле айтты»

Жакан 11:11, 13, 14