Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-СУРОО

Кудай деген ким?

«Элдер сенин ысмың Жахаба экенин, бүт жер үстүнөн бийлик кылган Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди билсин»

Забур 83:18

«Жахабанын Кудай экенин билгиле. Бизди ал жараткан, биз ага таандыкпыз»

Забур 100:3

«Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Мен өзүмө таандык даңкты башка эч кимге бербейм, өзүм гана татыктуу болгон мактоону оюлуп жасалган буркандарга бербейм»

Ышая 42:8

«Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»

Римдиктерге 10:13

«Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»

Еврейлерге 3:4

«Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ким жылдыздарды санап, аскердей кылып алып чыкса, ошол жараткан. Ал алардын ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»

Ышая 40:26