Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-СУРОО

Кудай жөнүндө кантип билсе болот?

«Ал Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандык менен иш кыласың»

Жашыя 1:8

«Алар чыныгы Кудайдын Мыйзам китебинен окуп берип, маанисин чечмелеп, түшүндүрүп жатышты. Ошентип, элге окулгандарды түшүнгөнгө жардам берип жатышты»

Некемия 8:8

«Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн... киши бактылуу. Ал Жахабанын мыйзамынан рахат алат, анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт... Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет»

Забур 1:1—3

«Филип арабаны кууп жетти да, ага катарлаш чуркап, төрөнүн Ышая пайгамбардын китебин окуп жатканын угуп: „Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы?“ — деп сурады. Төрө: „Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?“ — деди»

Элчилер 8:30, 31

«Кудайды бир да адам көрбөсө да, алар анын түбөлүктүү күчүн, касиет-сапаттарын жараткан нерселеринен көрө алышат. Себеби мунун баары дүйнө жаратылгандан бери эле жаратылыштан айкын көрүнүп турат. Ошондуктан алардын эч кимиси актана албайт»

Римдиктерге 1:20

«Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын көрүнгүдөй болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна»

Тиметейге 1-кат 4:15

«Бири-бирибизге көңүл бөлүп, сүйүүгө, жакшы иштерге үндөйлү, жыйналыштарыбызды калтырбайлы»

Еврейлерге 10:24, 25

«Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан кайра-кайра сурай берсин, ошондо ага берилет»

Жакып 1:5